УКМК: «Кыргыз-өзбек чек арасында жашыруун тоннель табылды»

УКМК: «Кыргыз-өзбек чек арасында жашыруун тоннель табылды»

Улуттук коопсуздук комитети (УКМК) Ош облусуна караштуу Кара-Суу районундагы Телман айылынын аймагында Өзбекстанга өтчү жашыруун жер астындагы жол табылганын кабарлады. Алардын маалыматында: “Бул тоннелдин тереңдиги 15 метр бийиктикте, кире бериши 1,8 метр, туурасы 1,5 метрге жакын, кире бериштен чек ара сызыгына чейин 40 метр, тоннелдин кире беришинен чыгуусуна чейинки аралык 270 метрди түзөт”, — деп жазылган.

УКМКнын билдиришинче, бул жол табылган аймактын ээси учурда Жалал-Абад облусундагы Кызыл-Жар шаарчасындагы психиатриялык ооруканада жатат, анын саламаттыгын дагы текшерүү үчүн кайрадан экспертиза жүргүзүлөт.

Эки өлкөнүн чек арасында жалпысынан 15 өткөрмө бекет бар. Алардын көбү 2005-жылы Кыргызстандагы саясий окуялардан улам жабылган. Расмий Бишкек менен Ташкенттин мамилелери 2016-жылдан бери жакшыргандан тартып кайра ачыла баштаган.

Кыргызстан менен Өзбекстандын чек арасынын жалпы узундугу жалпысынан 1378 чакырым. 2017-жылкы макулдашуунун негизинде чек аранын 1170 чакырымы (85%), андан бери дагы 13% жакыны такталган.

Нази БАЯН кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.