Жыргалбек Касаболот агабыздын орус тилинен которгон жапон накыл сөздөрү жана жаңы ыры

Жыргалбек Касаболот агабыздын орус тилинен которгон жапон накыл сөздөрү жана жаңы ыры
Стамбулда иштеп, жашап жаткан белгилүү журналист, котормочу, акын Жыргалбек КАСАБОЛОТ агабыз орус тилинен которгон жапон накыл сөздөрүн «Фейсбуктагы» баракчасына бүгүн (24-майда) жайгаштырды.

Жапон накыл сөздөрү

1. Жиндилер менен даарып калгандардан жол талашпа.
2. Аял кааласа аска зоону тешип өтөт.
3. Кеткенди кармаба, келгенди кууба.
4. Тыным албасаң жай болсо да тез жүргөнүң.
5. Жамандын досу болгуча жакшынын касы болгон артык.
6. Жалпы болбой алпы болбойт.
7. Өйдөнү көксөгөн тепкич табат.
8. Эрди-катын кол менен көздөй болгону жакшы: кол ооруса көз ыйлайт, көз ыйлаганда кол сүртөт.
9. Күн туураны да, катаны да билбейт. Күн ким-бирөөнү жылытам дебей эле жарык чачат. Өзүн тапкан киши күнгө окшош.
10. Деңиздин улуулугу – майда өзөндөргө кесир кылбаганы.
11. Алыс жол жакындан башталат.
12. Ичкен киши шараптын зыянын билбейт; ичпеген киши пайдасын билбейт.
13. Кылычты өмүрүңдө бир колдонсоң да такай жаныңда жүрсүн.
14. Кооз гүлдөр жакшы жемиш бербейт.
15. Күйүт тытылган көйнөктөй, аны үйдө калтырыш керек.
16. Ашыгыңдын бетиндеги чечектин изи бетинин уясындай көрүнөт.
17. Төшөктө жатып эч ким мүдүрүлбөйт.
18. Бир жылуу сөз үч кыш бою жылытат.
19. Чечилчү маселеге санаа тартып кереги жок, чечилбес маселеге санаа тартуунун пайдасы жок.
20. Бутактын сүрөтүн тартканда желдин демин угуш керек.
21. Кишиден шек санагыча жети сыйра текшер.
22. Колуңдан келгенин кыл да, маңдайга жазганын көр.
23. Ашкере ак ниеттик аңкоолукка жакын.
24. Күлкү чыккан үйгө бакыт кирет.
25. Жоосунан жарым саат көбүрөөк чыдаган жеңишке жетет.
26. Жалбырак чөгүп, таш калкыган учурлар болот.
27. Күлүп турган бетке тартылган жааны атпайт.
28. Чай менен күрүчтүн муздагына чыдаса болот, көз менен сөздүн муздагына чыдаш кыйын.
29. Он жашында кереметтин нуру, жыйырмасында акылдын гүлү, отуздан кийин көптүн бири.
30. Ойлонсоң чеч, чечкен соң ойлонбо.
31. Сураган бир саам уят, билбеген өмүр бою уят.
32. Жаман устанын колунан кынтыксыз карапа чыкпайт.
33. Бир аз ийилгенден коркпо, өйдөрөөк түзөлөсүң.
34. Терең дайралар үнсүз агышат.
35. Көксөп чыккан жолуңда миң чакырым да бир чакырымдай сезилет.
Орусчадан которгон Жыргалбек КАСАБОЛОТ

Жыргалбек КАСАБОЛОТ: «Туйлабай тынчып жүрөгүм, Тунжурап калган кезегим»

«Кечээ, 23-майда «Иңир» аттуу жапжаңы ырын жайгаштырган.

Иңир

Булуттай көктө асылып
Бул дүйнө менен бет маңдай,
Ээнсиреп турат көңүлүм
Эңсөө жок болуп эч кандай.
Оргуштап агып чыкчу эле
Ойлорго боюм түт келбей.
Аңгырап турат акылым
Айтылчу сөзүм бүткөндөй.
Аркысы дагы, беркиси
Акыйкат дешет элеги.
Адамга жарык бербесе
Аныңдын кимге кереги?
Келечек таңда көрүнөөр.
Келатат кирип кеч деле.
Күн сырын билген улуулар
“Күүгүмдө жатпа!” дешчү эле.
Өмүрдүн бийик чокусу,
Өлүмдүн жайык тегизи.
Башына дагы, соңуна
Байланбай турам, негизи.
Чырмалган далай түйүндүн
Чыгарбай татаал эсебин,
Туйлабай тынчып жүрөгүм
Тунжурап калган кезегим.
Жыргалбек КАСАБОЛОТ
(23/05/2022)

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.