МАЕК — Анатай ӨМҮРКАНОВ: «Акыркы коңгуроону» Каныкейдей ырдай алышпайт!»

МАЕК — Анатай ӨМҮРКАНОВ: «Акыркы коңгуроону» Каныкейдей ырдай алышпайт!»

50 жылдан бери ырдалып келаткан ыр… 

Адатта 25-майды «Акыркы коңгуроо» деп күтүнүп калчу элек, кашайгыр коронавирус канча жылдык ал салтты да бузуп, быйыл окуу жылы 8-июнда жыйынтыкталып, акыркы коңгуроо 9-июнда кагылганы турат. Билим берүү жана илим министрлигинин чечими ушундай. Мунусуна да шүгүр, болбосо, соңку 2 жылдагы мектеп бүтүрүүчүлөрү акыркы коңгуроо кагылышын укпай деле бүтүрүп кетишпедиби…

Ошондуктан бүтүрүүчүлөрдү мектеп уясынан учуруп, турмуштун чоң жолуна узатуу жөрөлгөсү кылынчу 25-май ушул калыбында калышын, кийинки окуу жылдар эч бир үзгүлтүккө учурабасын, он-лайн деген ушул жылдар менен жыйынтыкталсын деп тилек кылып, биздин өлкөдө ушул күндүн гимни болуп калган, 50 жылдан бери ырдалып келаткан «Акыркы коңгуроо» ырынын таржымалы менен ырастап коелу дедик…

Ар бир көрүнүштүн, кубулуштун кечегиси, бүгүнкүсү жана эртеңкиси да болот. Ошого жараша баа алат, ошого жараша өз ордун табат. Анын сыңарындай, бүгүнкү күндө аткарылып жүргөн ырлардын канчасы мезгил сынынан өтүп, канчасы «кулак ырынан» ашпаган деңгээлинде кала бергенин, жакшы ыр алигүнчө ырдалып келатканын убакыт көрсөтүп келатат. Эл жүрөгүнөн түнөк тапкан жогорку ырды Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты, Кыргыз Эл акыны Анатай Өмүрканов жазган. Бул мыкты ырга мыкты обон жараткан — Кыргыз Эл артисти, мыкты композитор Каныкей Эралиева. Бул ырдын жаралыш тарыхы баяндалган 2006-жылдагы маекти архивден таап алып, берип турубуз… 

Акыркы коңгуроо

Сөзү: Анатай Өмүркановдуку
Обону: Каныкей Эралиеваныкы

Чакырсак келбес тил безеп,
Өзүңдө калды бир кезек.
Сабакта класс, парталар,
Шыбырап турчу, шыбырап турчу,
Шыбырап турчу билбесек,
Кайрылып келбес күн үчүн.

Бийлейбиз бүгүн күнү-түн.
Классташ кыздар-балдардын,
Жүрөктө сактап күлүшүн.
Ашырсын ар ким турмушка,
Ойлогон максат, ойлогон максат,
Ойлогон максат үмүтүн.

Кубантып эже-агайды,
Курдаштар ишке жарайлы.
Китептен эмес турмуштан,
Көрөбүз дагы, көрөбүз дагы,
Көрөбүз дагы далайды.

Коштошуу жашы тамчудай,
Кирпикти бир аз ирмесек.
Жолдор көп, жолдон адашпай,

Жолугуш үчүн тарайбыз.

АРХИВден…

Анатай ӨМҮРКАНОВ: «Казактардын Каныкейдей талантуу кызы болсо, алар көкөлөтүп алышмак»

— Анатай агай, «жакшы ырдын өмүрү узун болот» дегендей, «Акыркы коңгуроо» аттуу ырыңызды бүтүрүүчүлөр алигүнчө ырдап келишет. Элдин сүймөнчүлүгүнө айланган ырдын жаралыш тарыхына токтолсоңуз?

— Ырас, мыкты ыр жаралса, анын өмүрү узун болот. Бул ырдын ырдалып келатканын 34 жыдын жүзү болуп калыптыр. Ошондон бери өз обонун жоготпой келатканы, албетте, мени кубандырат…

Ыр да, обон да өзүнөн өзү эле чыга бербейт. Бир нерсени сагынганда, кусаланганда, ызаланганда, арзууга малынганда эргүү келип, кагаз бетине жазылып калат. Бирок ошол учурда анын күчтүүлүгүн билбейсиң. Кийин бирөө жарым окуп калганда же ырдап чыкканда гана анын мукамдуулугун, көркөмдүүлүгүн сезесиң. Мен бул ырды Памирден (ал жакта мугалим болуп иштегем) Бишкекке келгенде, 1972-жылы жазгам. Ал мезгилдеги сүйүктүү гезитибиз «Ленинчил жашка» жарык көргөн. Ошол гезиттен Каныкей окуп калып, мектептеги күндөрүн, класстагы отурган парталарын элестетип, эргүү менен бат эле обон жазат. Көп өтпөй сахнага алып чыгат.

Сизге обон дароо эле жакты беле?

— Албетте! Бир чети мен балалык күндөрдү элестетүү менен уксам, бир чети Каныкейдин талантына таңгалгам. Анткени агезде Каныкейди таанычу да эмесмин. Ушул ырдын артынан аны менен таанышып калгам. Ошондон кийин Каныкей мени менен тыгыз байланышта болуп, көптөгөн ырларыма обон чыгарды. Кээде ал обон чыгарып, мен ыр жазып берген учурлар да болуп калат.

— Сиздин оюңузча, бул ырдын сөзү жакшы жазылганбы же обонубу?

— Менин оюмча, бул ырдын сөзү менен обону шайкеш келген. Бирок бул ырдын багын ачкан, популярдуу кылган Каныкей. Анткени ал мыкты обон жазып, ырдап чыкпаса, балким, бул ыр көмүскөдө калып калмак… Анан да аны өзү ырдап чыкканы жакшы болуптур, башка бирөө ырдап чыкса, кандай болорун ким билет эле.

— Бул ырды көп ырчылар ырдады жана ырдап жүрүшөт. Алар Каныкей эжедей ырдай алды деп ойлойсузбу?

— Жок, таарынышпасын, бул ырды башка ырчылар ырдаганы менен Каныкейдей ырдай алышпайт! Каныкей таланттуу композитор, таланттуу ырчы. Казактардын Каныкейдей талантуу кызы болсо, алар эмгиче көкөлөтүп алышмак. Мына, жакында эле Каныкей 50 жашын белгиледик, «Эл артисти» наамы эмес, грамота менен да сыйланган жок!

— Ушул ырдын тематикасындай канча деген ырлар чыкты жана чыгып жатат. Алардын ушул ырга деңгээли жетет деп ойлойсузбу?

— Эч бир ырдын деңгээли жетпей деп эсептейм. Себеби, азыркы обончулар да, ырчылар да текст жазып калгандыгына байланыштуу ырлардын күчү жокко эсе. Обон деген бала да. Азыркы обондор ары да, бери да эмес, өлүк баладай. Мен ошого нааразымын.

— Эмне себептен ушундай көрүнүш болуп жатат деп ойлойсуз?

— Мунун баары көркөм кеңеш, комиссиянын жоктугунан болуп жатат. СССР убагында атайын түзүлгөн комиссия бар болчу. Композиторлор музыканы текшерчү, акындар текстти талкуулашчу… Мына 14 жылдан бери карабай койдук эле, эмне болуп атат!?.. Башаламан, даамы жок тексттер. Мисал келтире кетсек, «Балдыз», «Жеңе», «Түшкөнүң Мерседес», «Жегениң шоколад». Ушу кантип болсун?! Обонун эми айтпай эле коеюн… Албетте, ал обондор казак, өзбек, индия жана башка улуттардын обондорунан уурдалган. Көзөмөл болбогондуктан радиодон да саны көп, сапаты жок ырлар тыным албай кетип жатат. Анткени алар бүгүнкү ырчылардан акча алышат, жок дегенде шампан, коробка конфет алышат. Ошон үчүн бир күндө анын бир ыры 5-6 жолу берилет…

«Өзүм ырдап чыгам» дегенди да модага айлантып алышыптыр. Бул да туура эмес! Мисалы менин үнүм жок, аны мен жакшы билбегендиктен ырдабайм. Популярдуу болуп жаткан ырларымды «мен ырдайм» деп ырдап чыксам, аларды ийинине жеткире ырдай албасам, аны эл бүгүн чыдап укканы менен эртең эле унутат. «Алыбек алына жараша» дегендей, мен акынмынбы, акын бойдон калышым керек да,  ырды профессионал ырчыларга ырдатышым керек! Антпесек, улуттун ар-намысы, деңгээли түшүп кетти. Тез арада комиссия түзүп, аларды тартипке чакырыш керек! Жаш муунду маанилүү ыр менен тарбиялашыбыз зарыл!

— Бүгүнкү обончу, ырчылар сизге келип текст жазып берүүнү суранышса, аларга ыр жазып берет белеңиз?

— Жок. Анткени кайсы ырчы кайсы ырды кандай деңгээлде сахнага алып чыгаарын билем жана көрүп жүрөм. Жакшы ырдын канатын сындырып коюшун, тексттин сапаттуулугунун жоголуп кетишин каалабагандыктан, жазып берүүдөн баш тартам.

Маектешкен Назира СААЛИЕВА

«Бишкек таймс» гезити, 2006-жыл

Фёдор Фёдорович Брюховецкий, «Акыркы коңгуроо» күнүн бир мектептен жалпы советтик аймакка жайылткан советтик новатор-педагог…

Алгачкы «Акыркы коңгуроо» качан, кайда кагылган?

Айтмакчы, маалымат үчүн, тарых булактары күбөлөндүргөндөй, “Акыркы коңгуроо” тарыхы СССР аймагында тээ 40-жылдардын биринчи жарымында жаралган. Алгачкы «Акыркы коңгуроо» мындан 74 жыл мурун жаңырган…

Анын тарых башаты Кубань жергесинен башталат. Бул күндүн автору — Федор Федорович Брюховецкий деген краснодардык жаңычыл педагог болгон. Айтымында, ал айтылуу педагог А.С. Макаренконун жамааттык иштерди уюштуруу идеяларын жетекке алып, алгач өзү директорлук кылган мектепте “Билим күнү”, мектеп босогосун жаңы аттаган бөбөктөр үчүн  “Биринчи коңгуроо”, мектепти аяктап жаткандар үчүн “Акыркы коңгуроо” сындуу мектептик салт-жөрөлгөрдү уюштурган. Кийин бул майрамдык маанай көптөргө жагып, жакынкы мектептерге, бара-бара бүткүл союз мейкиндигине тараган…

Фёдор Брюховецкий ким болгон? Ал Россиянын мурда Екатеринодар, азыр Краснодар деп аталган жерде туулган. Краснодар педагогикалык институтун бүтүрүп, 1943-жылы 28 жашында ошол жактагы №12 мектептин директору болуп калган. Өтө оор — согуш маалында жакканга отуну жок мектепти СССР педагогика илимдери академиясынын Педагогика тарыхы жана теориясы илимий-изилдөө институтунун тажрыйба аянтчасына айлантканга жетишкен. №12 мектепке киргизген тажрыйбалары советтик билим берүүнүн классикасына айланган, учурда да пайдаланууда келатат дешет. Фёдор Брюховецкий бардык жаш курактагы окуучуларды, мугалимдерди, ата-энелерди бириктирген, жакындаткан нерселерге өзгөчө көңүл бурган… Ошондой ой-максатта жаралган АКЫРКЫ КОҢГУРОО майрамы, бир кезде биз тийиштүү болгон совет аймагында АЛГАЧКЫ ЖОЛУ Краснодарда 1948-жылы 25-майда жаңырыптыр. Бул күндүн башкы маңызы — окуу жылын бул күн бүтүрүүчүлөрдүн да, башка да окуучулардын эсинде калгыдай салтанаттуу жыйынтыктоо болгон. Ошондон улам окуучуларды жалпы линейкага тургузу менен өткөрүлгөн жана биринчи класстын окуучулары мектепти аяктап жаткан окуучуларга эмгек сабагында жасаган өз белектерин, эмгектерин тартуулашкан. Ал эми бүтүрүүчүлөр болсо мектептин тегерегине бак-дарак отургузушкан. 

Башта айткандай — “Акыркы коңгуроо” Фёдор Брюховецкийдин мектебинде жаралган жалгыз майрам эмес. Бул мектепте “Букварь менен коштошуу” (бизде “Алиппе менен коштошуу”), окуу жылын башталышындагы “Билим күнү” сындуу салттуу майрамдар да жаралган…  

Баса, быйыл биздин мектептерди 67 миң окуучу бүтүрүп кеткени турат…

One thought on “МАЕК — Анатай ӨМҮРКАНОВ: «Акыркы коңгуроону» Каныкейдей ырдай алышпайт!»

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.