Зайырбек Ажыматовдун туулган күнүндө баласы атасынын эки китебин чыгарып, элден бата алды…

Зайырбек Ажыматовдун туулган күнүндө баласы атасынын эки китебин чыгарып, элден бата алды…

Эсен болуп, эстей жүр!

Белгилүү акын, журналист, маданиятка эмгек сиңирген ишмер, маркум иним Зайырбек Ажыматовдун бүгүн — 27-май туулган күнү. Көзү тирүү болгондо 46 жашка чыкмак, аттиң…

Атасынын туулган күнүнө Дубайдагы тун уулу Назым «Доско кат» (бул китепте буга чейин жарык көргөн жана көрбөй калган ырлары, поэмалары, котормолору камтылган), «Датасы жок күндөр» (бул китепте күндөлүгүндөгү ой толгоолору жазылган) аттуу китептерин чыгарып, бет ачары бүгүн Таштан Эрматов атындагы Бишкек музыкалык-педагогикалык окуу жайынын концерттик залында болуп өттү. Бул иш-чарага келген эл атасынын китептерине демөөрчүлүк кылган Назымга ыраазы болуп, алкап, бата беришти.

Элдин ак батасы кабыл болсун, Назым. Бар бол!

Иш-чарага Улуттук Жазуучулар союзунун жетекчиси Нурлан Калыбеков, ЖК депутаты Мирлан Самыйкожо, «Бишкек» эркин экономикалык аймагынын башкы директору Кудрет Тайчабаров, манасчы Рысбай Исаков, ырчылар Сыймык Бейшекеев, Токтобек Асаналиев, жаш акындар, Зайырбектин жубайы, балдары, туугандары катышты. Ырлары окулуп, обондуу ырлары ырдалды… Кенже кызы Карлыгач атасынын «Мен кыргызмын» аттуу ырын жана атасына арнап жазган ырын окуп берип баарыбызды ыйлатты…

Белгилей кетсек, буга чейин Зайырбектин «Жалгыздык» (1996-ж.), «Мелмил» (2005-ж.), «Нөлү көп жылдар» (2011-ж.), «Жүрөктөгү бороон» (2019-ж.) аттуу ыр китептери жарык көргөн.

Акыркы жылдары «Азаттык» радиосунда иштеген кесиптешибизден 2020-жылдын 29-апрелинде ажырап калганбыз. Сөөгү “Ала-Арча” көрүстөнүнө коюлган…

Назира СААЛИЕВА

P.S. Жогоруда болуп өткөн иш-чаранын толугун, жубайы Анархандын, бир тууган карындашы Айчүрөктүн маектерин жана кызы Карлыгачтын ырларын окуй аласыздар!

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.