Замирбек БАЗАРБЕКОВ: «Иштерди кароонун мөөнөттөрүнө, сапаттарына өзгөчө көңүл бурам»

Замирбек БАЗАРБЕКОВ: «Иштерди кароонун мөөнөттөрүнө, сапаттарына өзгөчө көңүл бурам»

Соттордун ротацияланып иштеп баштаганына эки жумадан ашты. Бир жерден экинчи жерге көчүп барып иштөө, албетте, оңой-олтоң иш эмес. Республика боюнча 412 судья жер которот. Алардын артында үй-бүлөсү, балдары дагы башка жакка барып билим алганга, ошол аймакка жашаганга туура келет…

Жогорку соттун төрагасы Замирбек Базарбеков, соттордо жүргүзүлгөн ротацияга аз эле күн болгондугуна карабастан, жерине барып өз көзү менен ошол судьялар кандай иштеп жаткандыгын көрүп, алар карап жаткан иштердин сапаты жана мөөнөттөрүнө өзгөчө көңүл буруп, алардын жашоо-шарттары менен таанышуу максатында атайын Баткен облусунан иш сапарын баштады…

“Чү” дегенде эле Баткендин алыскы Лейлек райондук сотунан баштады. Баткендин борборунан Лейлекке жетүү узакка созулду. Ал ортодо Тажикстан менен чектеш аймактардагы айылдарды аралап, тоо кыркаларында кызмат кылып турган чек арачылар көзгө урунду. Баткен жерине жана элине өзгөчө баа бересиң. Чындыгында чек арага жакын кооптуу аймактарда жашап, күн көрүп келишет.

Лейлек райондук соту эки кабаттуу эски имарат экен. Анысына карабай сот адилеттигин ишке ашырып жаткан судьялар жана аппарат кызматкерлери бүгүнкү күндө өз ишмердүүлүгүн жүргүзүп келишет.

Аталган сотко Ош жана Талас облустарынан эки судья ротацияланып келген экен. Замирбек Базарбеков имаратка кирээри менен судьялар жана аппарат кызматкерлери отурган бөлмөлөрдү карап чыкты.

Күндүн ысыгына карабай бир кичинекей бөлмөдө бири-бирине жанаша отурган кызматкерлер төрагага анысын айтып деле даттанышкан жок. Аларда бир гана суроо айлык-маяна кызыктыргандай болду окшойт. Замирбек Базарбеков ушул жылдын август айынан баштап аппарат кызматкерлеринин айлыктарын көтөрүү боюнча алгылыктуу иштер жасалып жаткандыгын айтты. Бул кабарды уккан аппарат кызматкерлеринин жүзүндө бир аз да болсо жылмаюу сезилди. Балким, бир үмүт жангандай болду…

Исхак Раззаковдун сүрөтү илинген бөлмөлөр…

Эң кызыгы, ар бир аппарат кызматкерлери отурган бөлмөлөрдө мурдагыдай президенттердин сүрөттөрү эмес, Исхак Раззаковдун сүрөтү илинген.Исхак Раззаковдун сүрөтүн судья, аппарат кызматкери, сот приставдары дагы бөлмөлөрүнө көрүнүктүү жерге илген экенсиңер”  деген төраганын суроосуна «бул инсан биздин сыймыгыбыз» деген жооптуу уктук. Баткенде чыныгы патриот инсандар көп экендиги кубандырды.

Жогорку соттун төрагасы имараттын короосун, жада калса отун жагыла турган жайына чейин кирип барып кышкыга даярдыктар эмитен көрүлө башташын айтты.
Жогорку соттун төрагасы ротацияланып келген судьялардын үйлөрүнө атайын барып, жашоо шарттары менен таанышты. Судьялар бүгүнкү күндө турак-жай маселесинде көйгөйлөр бар экендигин жашырышкан жок. Анткени бир гана соттор эмес, прокуратура кызматкерлери дагы ротацияланып аймакка барып жаткандыктан, жергиликтүү тургандар батирдин ижара баасын 10 миң сомдон 20 миңге чейин көтөрүшкөн. Анын үстүнө бардык шарттары бар турак-жайларды табуу дагы кыйынга туруп жаткандыгын айтышты.
Судьялар өздөрү жайланышкандан кийин үй-бүлөлөрүн алып келе тургандыктарын, балдарды мектепке, бала бакчаларга киргизүү жактарын карап жатышкандыктарын билдиришти.

Замирбек Базарбеков турак-жай маселеси чечиле тургандыгын айтып, бул маселе президент Садыр Жапаровдун көзөмөлүндө экендигин белгиледи. Бир жерден башка бир жерге көчүп барган судьяларга мыйзамга ылайык башка жерге ишке которулгандыгына байланыштуу алардын чыгымдарынын ордун жабуу да каралып жаткандыгын, каражаттар Министрлер Кабинети тарабынан сөзсүз түрдө төлөнүп бериле тургандыгын кошумчалады.

Төрага иш сапардын алкагында Сүлүктү шаардык сотунда, Баткен облустук сотунда, Баткен райондук сотунда, ошондой эле Кадамжай жана Кызыл-Кыя райондук сотторунда болду. Төрага судьялардын айлыктары көтөрүлгөнүн, ротация толугу менен болду, эми бир гана милдет — иштин сапатына өзгөчө көңүл бурула тургандыгын билдирди. Анткени, ротацияланып келген судьялар мурда каралып баштап, бирок аягына чыкпай калган иштерди кайрадан карап башташат. Бул иштерге тиешеси бар тараптар үчүн түшүнбөстүктөрдү жаратышы ыктымал.

Ошондуктан Замирбек Базарбеков: “Өзгөчө белгилеп айтайын дегеним, бул ротацияга чейинки жергиликтүү судьялар тарабынан каралып жаткан, бирок каралып бүтпөй калган иштерди алардын ордуна иштегени барган судьялар кайра башынан караганга мажбур, себеби бул мыйзамдын талабы. Ошондуктан эл нааразычылыгын жаратпоо үчүн аларды болушунча тез арада карап бүтүрүүгө тийишпиз, андыктан иштерди кароо мөөнөттөрүнө, сапаттарына өзгөчө көңүл бурууну сурайм жана талап кылам”, — деген тапшырманы берди жана ротацияланып келген судьялардан азырынча эмгек өргүү маселесин экинчи планга коюп, тез арада иштерди кароого өтүшүн талап кылды.

«Соттор бардык иштерди кароодо жогорку жоопкерчилик менен мамиле кылышы керек. Адам тагдырына байланыштуу чечимдерди кабыл алып жаткан соң, иш каралып жатканда эмгек өргүүсүнө чыгып кетүү сыяктуу көрүнүштөрдөн карманыңыздар», — деди төрага.

Жогорку соттун төрагасы сот тутумунун ичиндеги көйгөйлөрдү соттордун көз карашынан карай бербей, сырттан — эл тараптан да карап, элдин сотторго болгой көйгөйүн дагы уга билүү керек экендигин бир канча жолу кайталады, сотторду элге жакын болууга, керсейип кектебей жөнөкөй болууга чакырды…

Замирбек Базарбеков ушундай эле иш сапарлары менен эми республиканын башка аймактарында болот…

Жогорку Соттун басма сөз кызматы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.