ВИДЕО — Байдылда Сарногоев менен ашканадан таанышкан Чынар Амираева ырын окуп берди…

ВИДЕО — Байдылда Сарногоев менен ашканадан таанышкан Чынар Амираева ырын окуп берди…

Эстафета кербени уланууда…

Кыргыз Эл акыны Байдылда Сарногоевдин 90 жылдыгын утурлай биздин сайт (alakan.biz) «Байдылда Сарногоевдин ырларынан көркөм окуу» эстафетасын 12-майда баштаганбыз. Таланттарды баалаган, кадырлаган, ыр сүйгөн окурмандарыбыз саамалыгыбызга мыкты кол кабыш кылышып, эстафета кербени, буйруса, уланууда… Тагырагы, мекендеш окурмандарыбыз, санаалаштарыбыз, досторубуз улантышууда…

Байдыкебиздин ыр ааламына «мейманчылап» барып, жаккан ырын тандап окуп жаткан катышуучуларды четинен бере берели деп жакшы эле чамынганбыз, кечирим сурайбыз, үлгүрбөй калып жатабыз…

Эми бүгүнкү «эстафета барагын» опера ырчысы Чынар Амираева эжебиз окуп жөнөткөн ыр менен ачтык. Чынар эжебизге кезекти кыргыздын дагы бир акын кызы, «Данакер-Лингво» маданий-илимий коомдук бирикмесинин мүчөсү Кайыргүл Надырбекова Байдылда атабыздын «Жаштарга» аттуу ырын окуп, узаткан эле, Чынар эжебиз да «Жаштарга» деген ыры менен жооп кылыптыр…

Айтмакчы, «Жаштарга» Байдыкебиздин обондуу ырларынын бири…

ЖАШТАРГА

Жаштык кез жаңы кийимдей,
Эскирсе калган кийилбей.
Боз улан бойдон турбассың
Болжолу өтөт билинбей.

Кыярса калбас күбүлбөй,
Кырчын кез тоонун гүлүндөй.
Кыз бойдон дайым турбассың,
Кызык кез өтөт билинбей.

Күнүмдүк сени жандаган,
Күлгүн чак келбейт кайрадан.
Элирбей жаштык кезиңди
Эс-акыл менен пайдалан.

«Күүлөнөт күлүк күнүндө,
Туйлайт,–дейт–тулпар тушунда».
Турмушка өчпөс из калтыр
Туягың бүтүн учурда.

Чынар АМИРАЕВА: «Байдылда агабызды «Пельменныйдан» кезиктиргенбиз…»

Чынар АМИРАЕВА эжебизге чыгармачылык жат чөйрө эмес. Болгондо да классикалык музыка дүйнөсүнүн өкүлү болгон эжебиз мектепти Оштун Алай районундагы өзү төрөлүп-өскөн Калинин айылында аяктаган соң Абдылас Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрынын эки жылдык хор студиясын бүтүргөн. Эмгек жолун Бишкектеги «Пионерлер үйүнөн» (Дом пионеров)  баштаган. Кезинде менмен деген дүйнө театрларында үнү жаңырган залкар опера ырчыбыз Болот Миңжылкыев менен да чогуу иштеген эжебиз азыр ардактуу эс алууда, жеке ишкерлик менен алек. Ырчылыкты азыр кызы Бегимай Карабаева эстрада жаатында улантып келатат…

Байдылда Сарногоевди таанып-билген учурун эске салган Чынар эжебиз 80-жылдары Фрунзеде Чернышевский (азыр Касымалы Баялинов болуп өзгөргөн)  китепкананын жанында  «Пельменный» деген жалгыз ашкана болгонун, студент кезде таң эрте группалаштары менен тамактанганы кирип калганда  Байдылда Сарногоевди да кездештиришкенин мындай деп эскерди: «Дайыма ал жерге кара сумкасын асынып алып келип калаар эле. Агезде отуруп эмес, тик туруп тамактана турган 4 кишилик  үстөлдөр боло турган. Эртең мененки тамактанууга Байдылда агабыз менен чогуу кирип калчубуз. 86-жылдар болсо керек эле. Бизден 30 жаш улуу болчу. (Күлүп) «Бириң кара, бириң сары кыз экенсиң» деп дароо ыр чыгарып жиберчү… Агабыздан ыр төгүлүп турчу… Таанышып калгандарга өзүн «Мен киммин?» деген ыры менен тааныштырып калаар эле…»

МЕН КИММИН?

Мен Киммин, мен бир акын жаман сары,
Колунда койкоңдогон калам сабы.
Энекем эптеп төрөп койсо керек,
Кыргызда көбөйсүн деп адам саны.

Китепте ырларымдын начары көп,
Күйпөктөйм элге жетпей жатабы деп.
Кез-кезде көк базарга бара калам,
Соодагер наспай ороп сатабы деп.

Чынында чыгарманын чатагы көп,
Жакшысын жаратуунун азабы көп.
Кез-кезде айылга да бара калам,
Кээ бирөө кесип, айрып жатабы деп.

Мен Киммин, мен бир акын жаман сары,
Колунда койкоңдогон калам сабы.
Кылган иш, ырым менен кубантсам дейм,
Кыргызды, кыргыз сүйгөн замананы.

Эстафета жол-жобосун унутпаңыздар…

Баса, эстафета жол-жобосун башында тактап айтып койбой бир аз катачылык кылып коюптурбуз, кечирим сурайбыз. Урматтуу, сымбаттуу, кымбаттуу, алтындан ардактуу, коргошундан салмактуу эстафета катышуучулары, дегеле жалпы окурмандарыбыз, биз менен сапарлаш болуп жатканыңыздарга терең ыраазычылык билдиребиз! Эми бул тактоолорду сабыр менен кабыл алып, аткарып коюшуңуздарды өтүнөбүз. Жол-жобо татаал деле эмес, айтканга деле, аткарганга деле оңой:

  • — ырдын аталышын айтып;
  • — ыр окуп видеого тартылып;
  • — эстафетаны узатып, узаткан адамдардын аты-жөнүн атап;
  • — «Фейсбукка» жайгаштырып, белгилеген адамдардын арасына Salieva Salimaны кошуп коёсуздар.

Баарыңыздарды Ютубдагы «Алакан TV» каналыбызга чыгаруу аракетиндебиз. Каналыбыз ортодо «заблокко» түшүп калып, мурдагы баракчабызда 3 миңге чукул подписчигибиз бар эле, «чарбагыбызга» кимдир бирөө киргенби, материалыбыздын баары өчүп калып… жоготкон мээнетибизге кейип-кепчип алып каналды кайрадан иштетип баштаганыбызга аз гана убакыт болду. Оорчулук көрбөсөңүздөр, ушул «Алакан TV» каналыбызга жазылып коюңуздар, СУРАНЫЧ!

Алдыда, буйруса, акын Эркеайым Боталиеванын, КРнын маданиятына эмгек сиңирген ишмер, тележурналист, акын Атахан Кожогуловдун жана Чынара Каыпназарова, Акбар Жанышбеков, Улугбек Омокеевдин Байдылда атабыздын ырларын окуган ырларын көрүп, уга аласыздар! Обондуу ырларынан ырдаган ырчылар да бар…

Буга чейин каналыбызга чыккандар: ЖК депутаттары Руслан Жакышов, Нуржигит Кадырбеков, Жазуучулар Союзунун жетекчиси Нурлан Калыбеков, акындар Жыргалбек Касаболотов, Шабдан Сулайманов, Мая Осмонкулова, Кайыргүл Надырбекова, Бурул Догдурбекова, ырчы Малик Аликеев, эркин журналист Айчүрөк Борукеева, айтылуу Ашыраалы Айталиев атабыздын Байдылда атабызга арнаган ыры жана Кыргыз Эл акыны Кыялбек Урманбетов…

Сиздердей талантты баалаган адамдар турганда, Байдылда атабыз, дегеле кыргыздын мыкты таланттарынын аты да, даңкы да, баркы да кемибейт, өчпөйт, унутулбайт! Ушинтип ырын окуп, ырдап акындардын экинчи өмүрүн узартып турган кандай жакшы! Баардыгыңыздарга сайтыбыздын жетекчиси Назира Саалиеванын жана эмгек жамаатыбыздын атынан терең ыраазычылык билдиребиз!
Кыргыздын дагы бир мыкты акын уулу Жолон Мамытов айтып кеткендей, «…Узун өмүр ырга болсун, ыр окуган элге болсун»! Бар болуңуздар, дайыма биздин сайт менен бир болуңуздар!

Салима ЖАКШЫЛЫК кызы

2 thoughts on “ВИДЕО — Байдылда Сарногоев менен ашканадан таанышкан Чынар Амираева ырын окуп берди…

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.