ВИДЕО — Атахан КОЖОГУЛОВ: «Сагыныпмын, сагыныпсың аябай…»

ВИДЕО — Атахан КОЖОГУЛОВ: «Сагыныпмын, сагыныпсың аябай…»

Эстафета кербени уланууда…

Кыргыз Эл акыны Байдылда Сарногоевдин 90 жылдыгын утурлай биздин сайт (alakan.biz) «Байдылда Сарногоевдин ырларынан көркөм окуу» эстафетасын 12-майда баштаганбыз. Саамалык башын ЖК депутаты Руслан Жакышов ачып берди эле, талантты баалаган, кадырлаган, ыр сүйгөн окурмандарыбыз саамалыгыбызды колдоп, эстафета кербенин улантып кетишти…

Руслан мырза ыр окуу кезегин эки депутатка — Нуржигит Кадырбеков менен Марат Мураталиевге, эки акынга — Жыргалбек Касаболотов менен Шабдан Сулаймановго узаткан. Таластын экс-губернатору, учурда ЖК депутаты Марат мырзадан башкасы ыр да окуп, эстафетаны андан ары узатып да жиберишти.  Жыргалбек Касаболотов Улуттук жазуучулар союзунун төрагасы Нурлан Калыбековго узаткан. ВИДЕО

Жазуучу-акындардын башын кошуп, башкарып жаткан акын байкебиз Байдылда Сарногоевдин «Издеп жүрөм» аттуу ыры менен жооп кылып, эстафетаны КРнын маданиятына эмгек сиңирген ишмер, тележурналист, акын Атахан Кожогуловго узаткан. Атахан агабыз Байдылда атабыздын «Тоодогу коргон» аттуу ырын окуптур…

ТООДОГУ КОРГОН

Сенде туулгам. Сен жүрсөң да ойдогу
Көп жыл өттү көрүүгө шарт болбоду.
Сагыныпмын, сагыныпсың аябай
Салам сага, Сарногойдун коргону.

Бийик боюң кар, жамгырга эзилип,
Бузулсаң да туш-тушуңдан кетилип,
Өңүн турат атакемдей көрүнүп
Өңүң турат апакемдей сезилип.

Кайда бүркүт тиги тоодо шаңшыган
Каңтара тээп, каршыкканын жанчыган.
Аскаларды баратканда кыдырып
Атам маркум көз салчу эле артынан.

Же өлдүбү шум ажалга тушугуп
Же жүрөбү балапанын учуруп?
Же болбосо өзүң сымак уясы
Калды бекен капталдары бузулуп?

Ошол бүркүт бизге турчу кошуна
Ошол бүркүт атакемдин досу да.
Тирүү болсо кайран чалдын уулу деп,
Тиктеп мени отургандыр чокуда.

Кана коргон, мен эмесмин бөтөнүң
Кара мага, карызымды өтөйүн.
Жепирейип жер бололек кезиңде
Сүрөтүңдү тартып алып кетейин…

Атахан Кожогулов ыр окуу кезегин Улукбек Омокеевге узатты…

Эстафета жол-жобосун унутпаңыздар…

Баса, эстафета жол-жобосун башында тактап айтып койбой бир аз катачылык кылып коюптурбуз, кечирим сурайбыз. Урматтуу, сымбаттуу, кымбаттуу, алтындан ардактуу, коргошундан салмактуу эстафета катышуучулары, дегеле жалпы окурмандарыбыз, биз менен сапарлаш болуп жатканыңыздарга терең ыраазычылык билдиребиз! Эми бул тактоолорду сабыр менен кабыл алып, аткарып коюшуңуздарды өтүнөбүз. Жол-жобо татаал деле эмес, айтканга деле, аткарганга деле оңой:

  • — ырдын аталышын айтып;
  • — ыр окуп видеого тартылып;
  • — эстафетаны узатып, узаткан адамдардын аты-жөнүн атап;
  • — «Фейсбукка» жайгаштырып, белгилеген адамдардын арасына Salieva Salimaны кошуп коёсуздар.

Баарыңыздарды Ютубдагы «Алакан TV» каналыбызга чыгаруу аракетиндебиз. Каналыбыз ортодо «заблокко» түшүп калып, мурдагы баракчабызда 3 миңге чукул подписчигибиз бар эле, «чарбагыбызга» кимдир бирөө киргенби, материалыбыздын баары өчүп калып… жоготкон мээнетибизге кейип-кепчип алып каналды кайрадан иштетип баштаганыбызга аз гана убакыт болду. Оорчулук көрбөсөңүздөр, ушул «Алакан TV» каналыбызга жазылып коюңуздар, СУРАНЫЧ!

Алдыда, буйруса, акын Эркеайым Боталиеванын, Чынара Кайыпназарова, Акбар Жанышбеков, Улугбек Омокеевдин Байдылда атабыздын ырларын окуган ырларын көрүп, уга аласыздар! Обондуу ырларынан ырдаган ырчылар да бар…

Буга чейин каналыбызга чыккандар: ЖК депутаттары Руслан Жакышов, Нуржигит Кадырбеков, Жазуучулар Союзунун жетекчиси Нурлан Калыбеков, акындар Жыргалбек Касаболотов, Шабдан Сулайманов, Мая Осмонкулова, Кайыргүл Надырбекова, Бурул Догдурбекова, Чынар Амираева, ырчы Малик Аликеев, эркин журналист Айчүрөк Борукеева, Кыргыз Эл акыны Кыялбек Урманбетов…

Сиздердей талантты баалаган адамдар турганда, Байдылда атабыз, дегеле кыргыздын мыкты таланттарынын аты да, даңкы да, баркы да кемибейт, өчпөйт, унутулбайт! Ушинтип ырын окуп, ырдап акындардын экинчи өмүрүн узартып турган кандай жакшы! Баардыгыңыздарга сайтыбыздын жетекчиси Назира Саалиеванын жана эмгек жамаатыбыздын атынан терең ыраазычылык билдиребиз!
Кыргыздын дагы бир мыкты акын уулу Жолон Мамытов айтып кеткендей, «…Узун өмүр ырга болсун, ыр окуган элге болсун»! Бар болуңуздар, дайыма биздин сайт менен бир болуңуздар!

Салима ЖАКШЫЛЫК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.