Султан РАЕВ: «Мелис ысымын жазып кетти, эми биз анын ысымын жазышыбыз керек!»

Султан РАЕВ: «Мелис ысымын жазып кетти, эми биз анын ысымын жазышыбыз керек!»

Бишкек шаарындагы Айни — Анарбек Бакаев (мурдагы Чапаев) көчөлөрүнүн кесилишиндеги «Журналисттер аллеясына» коомдук жана саясий ишмер маркум Мелис ЭШИМКАНОВдун ысымын берүү демилгеси 3-майда көтөрүлүп, колдоо тапкан. Ошондон бери социалдык тармактарга да, сайтыбызга да кат жазып, «Мелис Эшимканов татыктуу тарыхый инсан. Бул демилгени колдойм!» деп колдогон адамдардын саны күн сайын өсүүдө…

Кечээ, 27-майда, Мелис Эшимкановдун жубайы Асел Эшимканова «Фейсбуктагы» баракчасына жогоруда айтылган демилге боюнча Бишкек шаарынын мэриясына кайрылуу кат таштаганын жазган. Бишкек шаардык кеңештин төрагасы Кубанычбек Конгантиев көтөрүлүп жаткан демилгени колдоорун, расмий түрдө жооп да берээрин жазса, Кыргыз эл жазуучусу, Эл аралык Түрк маданияты уюмунунун (ТҮРКСОЙ) баш катчысы Султан Раев: «Мелис Эшимканов — кыргыз сөз эркиндигинин жүзү, авангарды, демократиялык басма сөз маданияттын калыптандыргандардын көрүнуктүү өкүлү…. Мелис ысымын жазып кетти, эми биз анын Ысымын жазышыбыз керек! Таазим сага, досум!» деген пикирин калтырды…

Баскан жолу

Мелис Эшимканов Жалал-Абад облусунун Казарман айылында дарыгерлердин үй-бүлөсүндө 1962-жылы 9-декабрда жарык дүйнөгө келген. Бишкек шаарындагы №50 мектепте окуп, ийгиликтүү аяктаган. Эмгек жолун 1978-жылы ордо калаадагы «Физприбор» заводунан баштаган. 1980-85-жылдары Кыргыз Мамлекеттик университетинин журналистика бөлүмүндө билим алган. Андан кийин кыргыз жана орус тилдериндеги көрсөтүүлөрдө диктор, республикалык телерадиокомитетинин редактору, кабарчы, «Ленинчил жаш» гезитинин бөлүм башчысы, «Комсомолец Киргизии» гезитинин жооптуу катчысы, комсомолдун борбордук комитетинин сектор башчысы болуп эмгектенген. 1988-жылы СССРдин журналистер союзунун сыйлыгына татыган. 1993-жылы АКШдан журналистика боюнча эки айлык эл аралык тажрыйба алып кайткан… 2004-жылы «Жылдын адамы» кароо-сынагында «Мыкты публицист» наамын алган. Анын миңге жакын макалалары, маектери, аңгемелери, ой жүгүртүүлөрү жарыяланган. Анын ичинде чет өлкөлүк басымаларда да жарык көргөндөрү бар…

Саясаттагы сапарына келсек, 26 жашында Фрунзе шаарынын Биринчи Май райондук кенешинин депутаты болуп шайланган. Ушул кезден саясат «алиппесин» тааныган, жөнөкөй шайлоочулардын укуктарын коргоп жүрүп, «ак каргага» да айланган. Эл токтобой толкуп бара баштаган Прибалтика, Москва, Ленинградды кыдырып келген. Кыргызстандагы демократиялык кыймылды түзүүнүн башатында туруп, бийлик структуралары тарабынан куугунтукка алынып, жергиликтүү диссидент катары сурак да берген.

Солдон оңго карай, биринчи катарда: Мелис Эшимканов, Талант Конокбаев. Экинчи катарда: Азимжан Ибраимов, Бакы Орунбеков, Султан Раев, Каныбек Иманалиев, Мамат Сабыров

1991-жылы ВЛКСМдин Борбордук комитетинин мүчөлөрү тарабынан альтернативдүү негизде «Жаштык жарчысы « гезитинин башкы редактору болуп шайланган. Бул гезиттин аталышы бир жылдан кийин «Асаба» деп өзгөргөн. Бул гезит кыргыз журналистикасындагы сөз эркиндигинин анык маанисине жеткен алгачкы гезит болуп берди. Ачуу чындык, жеткиликтүү тил, айрым жерлеринде максимализм, курчтук жана адилеттүү, элдик позиция бул басылманы сүйүктүү, популярдуу гезитке, массалык маалымат каражаттары арасында лидерге айлантты. Албетте, бул жетишкендик бийлик тамагына тыгылган сөөк болуп турду. Куугунтуктар башталып, акыры 2001-жылы «Асабаны» жаап тынышты. Ага кошуп гезиттин дагы алты тиркемесин кошо «көмүштү». Бирок бул чабуулдар Эшимкановдун талантын, энергиясын, жигер-демин, өткүр мүнөзүн жок кыла алган жок… Кайра курчуп, ошол эле жылы «Агым» аттуу жаңы гезитти ачып, ал басылманы да кыска мөөнөт ичинде өлкөнүн эң популярдуу гезитине айлантты. Ар бир санын бардыгы — бийлик да, оппозиция да, карапайым калк да күткөн даражага жеткирди…

Баса, Мелис Эшимканов 1994-жылы 7-ноябрда «Бей-бечаралар» партиясын негиздейт. Ага мүчө болгондордун саны жарым жыл ичинде эле 33 миңге жеткен. Жылдар аралыгында кыйла такшалган жаш лидердин ийгиликтери да, жоготуулары да болду, бирок, эң негизгиси – ал артынан адамдарды ээрчите алаарын жана алардын жүрөгүнө жол таба ала тургандыгын далилдеди. Бийлик бул жолу да коркту, ошол себептен анын партиясын 2000-жылдагы парламенттик шайлоолорго катышуу укугунан ажыратты.

2000-жылы Кыргыз Республикасынын президенттик шайлоосуна катышты. Анда да көптөгөн тоскоолдуктарга карабай саясый күрөш тегирменинен татыктуу өттү. 2005-жылы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин III чакырылышынын депутаты болуп шайланды. Андан кийин УТРКны (Улуттук телерадио корпорациясы) жетектеп, көптөгөн мыкты телеберүүлөрдү ачып эл эсинде калды…
Элдик конгресстин, «Таза шайлоолор үчүн» жарандык биримдиктин активдүү мүчөсү болду…
Мелис Эшимканов күчтүү, көз карандысыз, келечектүү журналист катары да, мыкты жетекчи, менеджер, ишкер жана саясатчы катары да өзүн толук көрсөтө алды.

Спорт демекчи, бала чагынан спорт дегенден жантыгынан жата калган балдардан болгон. Бокс, классикалык күрөш, футбол ( өлкөнүн жаштар курама командасында да ойногон) менен кадимкидей алектенген. Бильярд жана шахматка да кызыккан.
Анан, революциядан кийин бийлик башына достору, санаалаштары келгендей болду… Анын убактысы келгендей көрүнгөн… Бирок, так ошол адамдар аны жок кылууга өз салымын кошту. Балким, ал өзүнүн өнөктөштөрү тууралуу өтө көп маалыматтарды билгендир. Тилекке каршы, Мелис Эшимканов өз мезгилинин жана ыплас чөйрөнүн курмандыгы болуп кете берди.

Мелис Эшимканов – бул уникалдуу инсан. Ал талантуу журналист, акылгөй жетекчи, салмактуу саясатчы жана дасыккан оратор эле. Ошону менен бирге эле жан дүйнөсү өтө таза адам. Анын жүрөгүнө көрө албастык, жеке кызыкчылык сыяктуу терс сапаттар түнөчү эмес. Ал алардан жогору турчу. Ал өз эли үчүн чындап жан дили менен күйгөн аз сандагы саясатчылардын бири эле.
Мелис Эшимканов өмүр бою өлкөнүн өнүгүүсү үчүн иштеп жана ыплас саясатчылардын бетин ачуу менен алектенип келген. Бул аракети өз кезегинде анын душмандарынын көбөйүүсүнө алып келгени анык. Ооба, аны жек көргөндөр, көз артып ичи күйгөндөр бар эле, ошол эле убакта, достору менен бирге душмандары да ага суктанып, сыйлап турушкан. Бетке айткан чынчылдыгы, беттегенин бербеген өжөрлүгү жана кайратуулугу, достукка бекемдиги үчүн сыйлашкан. Ушул эле сапаттары үчүн жек да көрүшчү… Тазалыгы менен тарыхта аты алтын тамга менен жазылып калды.

Учурда журналисттер да, саясатчылар да жоктоп турган кез… Мелис агабыздан ажырап калганыбызга 11 жыл болуптур… 2011-жылдын 15-сентябрында каза болгон. Көзү тирүү болгондо 9-декабрда 60 жашка чыкмак … Артында эки уул, эки кызы калды…

Албетте, кайсы жерде болбосун, кайсы гезитте иштебесин, дайыма жанында жанындай жакшы көргөн карачечекей иниси Эрнис АСЕК уулу (Эшимканов) болгон. Агасын жоктоп, сыздап, арман кылып жүрүп артынан кеткенине 2 жыл 4 ай болду…

60 жылдык юбилейге карата иш-чаралар…

Жубайы Асел Эшимканова жолдошунун 60 жылдыгына карата бир топ иш-чараларды пландап, четинен ишке ашырууга бел байлап турган кези. Пландарынын башы «Журналисттер аллеясына» ысымын берүү демилгесинен башталды. Ал демилге 3-майда дал ушул паркта журналисттер тарабынан көтөрүлүп, колдоо тапканын башында айттык.
Демилгени колдоп жаткан адамдардын бардыгына жана колу бошобосо да убакыт таап Мелис байке менен Эрнис тууралуу (Эрнистин «Каалга» аттуу ыр жыйнагына жана Булгаковдун «Мастер менен Маргарита» романынын котормосуна баш сөз жазып берген) иш-чараларга колдоо көрсөтүп келаткан Султан байкеге терең ыраазычылык билдиребиз!

Назира СААЛИЕВА

P.S. Султан Раевдин Мелис агабыз менен кандайча таанышып калгандагы кызыктуу, элестүү эскерүүсү бул ШИЛТЕМЕде.

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.