Өкмөт үйүнүн алдына ишкерлер чыгып, ККМге каршы экендигин билдиришти…

Өкмөт үйүнүн алдына ишкерлер чыгып, ККМге каршы экендигин билдиришти…

Бүгүн, 30-майда Өкмөт үйүнүн алдында ишкерлердин көзөмөл-кассалык аппарат (ККМ) колдонууга каршы акциясы болуп өттү. Алар колуна “ККМге каршыбыз”, “Счет-фактурага каршыбыз”, “Патент калсын” деп жазылган плакаттарды кармап алышкан. Белгилей кетсек, салык боюнча жаңы мыйзамга ылайык, өлкө аймагындагы соода-сатык, жумуш аткаруу, тейлөө субъектилери накталай жана накталай эмес эсептешүүдө милдеттүү түрдө ККМ колдонушу керек. Мындай талап 1-августтан тартып коюла баштайт.

Буга чейин бир катар ири базарларда иштеген соодагерлер буга карата нааразылыгын билдирип, митинг-пикеттерди өткөрүп, алар ККМ колдонсо товарын кымбаттатууга мажбур болорун айтышкан.

Эске сала кетсек, президент Садыр Жапаров 8-февралда Бишкектеги “Дордой” жана “Ош» базарларына барып, ишкерлерге ККМди ишке киргизүү максатын түшүндүргөн. Ал Кыргызстанда экономиканын 40% көмүскөдө калганын, ошону алып чыгуу аракети көрүлүп жатканын, кичи жана орто бизнес жабыркабасын деген аракет көрүлөрүн айткан.

Экономика жана коммерция министрлиги базарда ККМ колдонбоого уруксат берүү маселесин атайын түзүлгөн жумуш тобу талкуулап жатканын, алар үчүн салыктын өзүнчө түрүн киргизүү маселеси караларын, чечим кабыл алына электигин 18-майда билдирген.

Салима ЖАКШЫЛЫК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.