ВИДЕО — Бешболуш Матисаков «Мен киммин?» деп…

ВИДЕО — Бешболуш Матисаков «Мен киммин?» деп…

Эстафета кербени уланууда…

Кыргыз Эл акыны Байдылда Сарногоевдин 90 жылдыгын утурлай биздин сайт (alakan.biz) «Байдылда Сарногоевдин ырларынан көркөм окуу» эстафетасын 12-майда баштаганбыз. Саамалык башын ЖК депутаты Руслан Жакышов ачып берди эле, талантты баалаган, ыр сүйгөн окурмандарыбыз саамалыгыбызды колдоп, «эстафета  барактарын» Байдыкебиздин керемет ыр саптары менен ачып, улантып кетишти…

«Данакер Лингво» маданий—илимий коомдук бирикмесинин мүчөсү, акын Кайыргүл Надырбекова Байдылда Сарногоевдин «Жаштарга» аттуу ырын окуп, Чынар Амираева менен Чынара Кайыпназаровага узаткан. Чынара эжебиз Бешболуш Матисаковго узаткан. Агабыз Байдылда атабыздын «Мен киммин» ырын окуп,  «ЫНТЫМАК — ЫР КЕРБЕНИ» тайпасына узатты.

МЕН КИММИН?

Мен киммин, мен бир акын жаман сары,
Колунда койкоңдогон калам сабы.
Энекем эптеп төрөп койсо керек,
Кыргызда көбөйсүн деп адам саны.

Китепте ырларымдын начары көп,
Күйпөктөйм элге жетпей жатабы деп.
Кез-кезде көк базарга бара калам
Соодагер наспай ороп сатабы деп.

Чынында чыгарманын чатагы көп,
Жакшысын жаратуунун азабы көп.
Кез-кезде айылга да бара калам,
Кээ бирөө кесип, айрып жатабы деп.

Мен киммин, мен бир акын жаман сары,
Колунда койкоңдогон калам сабы.
Кылган иш, ырым менен кубантсам дейм,
Кыргызды, кыргыз сүйгөн замананы.

Бешболуш МАТИСАКОВ: «Поэзия — жан дүйнө азыгы»

Матисаков Бешболуш агабыздын айтымында, ыр жазганына 3 жыл гана болду. Эки көлөмдүү: «Кереметсиң», «Эне» аттуу ыр китеби чыккан. Жакында да 3-4 ыр китеби жарык көргөнү турат. Транспорт тармагында министрликтин, мэриянын, транспорттук агенттиктердин, эл аралык, коомдук бирикмелердин, спорттук бир нече сыйлыктардын ээси. «Маданият, адабият тармагында эч нерсе жок, кызыкпайм да, албайм да. Анткени поэзия жөн гана жан дүйнө азыгы, эс алуусу, хобби катары кабылдайм»,-дейт агабыз.
Бешболуш агабыз Ош облусунун Алай районуна караштуу Сары-Таш айылында 1970-жылы 25-августта төрөлгөн. 1987- 92-жылдары К.И. Скрябин атындагы Кыргыз айыл чарба институтунун механикалык факультетинде 5 жыл окуп, инженер-механик кесибине ээ болгон. Ошондон бүгүнкү күнгө чейин республиканын автотранспорт тармагында эмгектенет.

Эстафетанын жол-жобосу жана өтүнүчүбүз…

Урматтуу, сымбаттуу, кымбаттуу, алтындан ардактуу, коргошундан салмактуу эстафета катышуучулары, дегеле жалпы окурмандарыбыз!

Биз менен сапарлаш болуп жатканыңыздарга терең ыраазычылык билдиребиз! Биздин жол-жобону туура кабыл алып, туура аткарып коюшуңуздарды өтүнөбүз. Ал татаал деле эмес, айтканга деле, аткарганга деле оңой:

  • — ырдын аталышын айтып;
  • — ырды аудио эмес, видео кылып тартып;
  • — эстафетаны узатып, узаткан адамдардын аты-жөнүн атап;
  • — «Фейсбукка» жайгаштырып, белгилеген адамдардын арасына Salieva Salimaны кошуп коёсуздар.
  • — анан, «ар бир адам — бир аалам» дейт, автобиографияңыздарды, даяр болсо, даярын же даярдай коюп электрондук почтабызга (Saalnaz@list.ru) салып коюңуздарчы.

БАШКЫ ӨТΥНΥЧ: ыр окуганыңыздарды АУДИО ЭМЕС, ВИДЕО КЫЛЫП ТАРТЫҢЫЗДАР!Υнүңүздөрдү эле угузуп койбой, жүзүңүздөрдү көрсөтүп бир сүйүнтүп коюңуздарчы, сураныч. Биз ВИДЕОЛОРДУН БААРЫН ЮТУБ-каналыбызга ЖАЙГАШТЫРАБЫЗ!

Ооба, баарыңыздарды Ютубдагы «Алакан TV» каналыбызга чыгаруу аракетиндебиз. Каналыбыз ортодо «заблокко» түшүп калып, мурдагы баракчабызда 3 миңге чукул подписчигибиз бар эле, «чарбагыбызга» кимдир бирөө киргенби, материалыбыздын баары өчүп калып… жоготкон мээнетибизге кейип-кепчип алып каналды кайрадан иштетип баштаганыбызга аз гана убакыт болду. Оорчулук көрбөсөңүздөр, ушул «Алакан TV» каналыбызга да жазылып коюңуздарчы, ээ!

Алдыда, буйруса, акын Эркеайым Боталиева, Чынара Кайыпназарова, Улугбек Омокеев, Жылдыз Алишерова, Стамгүл Турдалиева, Жылдызай Аттокурова, Максат Исакова Байдылда атабыздын ырларын окуган видеолорун көрүп, уга аласыздар! Обондуу ырларынан ырдаган ырчылар да бар, буйруса…

Буга чейин каналыбызга чыккандар: ЖК депутаттары Руслан Жакышов, Нуржигит Кадырбеков, Жазуучулар Союзунун жетекчиси Нурлан Калыбеков, акындар Жыргалбек Касаболотов, Шабдан Сулайманов, Атахан Кожогулов, Мая Осмонкулова, Кайыргүл Надырбекова, Бурул Догдурбекова, Чынар Амираева, ырчы Малик Аликеев, эркин журналист Айчүрөк Борукеева, Кыргыз Эл акыны Кыялбек Урманбетов, Акбар Жанышбеков… буйруса, тизме дагы да толукталганы турат…

Эми, урматтуу окурмандарыбыз, Сиздердей талантты баалаган адамдар турганда, Байдылда атабыз, дегеле кыргыздын мыкты таланттарынын аты да, даңкы да, баркы да кемибейт, өчпөйт, унутулбайт! Ушинтип ырларын окуп, обондуу ырларын ырдап акындардын экинчи өмүрүн узартып турган кандай жакшы! Бардыгыңыздарга сайтыбыздын жетекчиси Назира Саалиеванын жана жалпы эмгек жамаатыбыздын атынан терең ыраазычылык билдиребиз!
Кыргыздын дагы бир чыгаан акын уулу Жолон Мамытов айтып кеткендей, «…Узун өмүр ырга болсун, ыр окуган элге болсун»! Бар болуңуздар, дайыма биздин сайт менен бир болуңуздар!
Салима ЖАКШЫЛЫК кызы

 

One thought on “ВИДЕО — Бешболуш Матисаков «Мен киммин?» деп…

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.