ВИДЕО — Талаада отуруп Байдылда атабыздын ырын окуган Акбар Жанышбеков

ВИДЕО — Талаада отуруп Байдылда атабыздын ырын окуган Акбар Жанышбеков

Эстафета кербени уланууда…

Кыргыз Эл акыны Байдылда Сарногоевдин 90 жылдыгын утурлай биздин сайт (alakan.biz) «Байдылда Сарногоевдин ырларынан көркөм окуу» эстафетасын 12-майда баштаганбыз. Саамалык башын ЖК депутаты Руслан Жакышов ачып берди эле, талантты баалаган, ыр сүйгөн окурмандарыбыз саамалыгыбызды колдоп, «эстафета  барактарын» Байдыкебиздин керемет ыр саптары менен ачып, улантып кетишти…

Руслан мырза ыр окуу кезегин эки депутатка  Нуржигит Кадырбеков менен Марат Мураталиевге, эки мыкты акынга — Жыргалбек Касаболотов менен Шабдан Сулаймановго узаткан. Таластын экс-губернатору, учурда ЖК депутаты Марат мырзадан башкасы ыр да окуп, эстафетаны андан ары узатып да жиберишти… Шабдан байкем  Байдылда атабыздын «Кыргызыма» аттуу ырын окуп, эстафетаны Акбар Жанышбековго өткөрүп берген эле…

Акбар Жанышбеков инибиз болсо, Байдылда атабыздын «Кала берди» аттуу ырын жапжашыл талаада отуруп окуп жөнөтүптүр…. ВИДЕО

КАЛА БЕРДИ

Ал мени итсиң деди. — Итмин — дедим…

Тек гана терикпестен күлүп туруп.

Не кылам жаман айтып жаакташып

Мен анын ит экенин билип туруп.

Ал мени эшек деди, — Ооба — дедим.

Болбосо шылдыңдоого жетет тилим…

Не кылам ажылдашып, кажылдашып

Мен анын билип туруп эшектигин.

Ал мага албууттанып жана берди

Сөздөрү жийиркентип кара жерди.

Ролун эки айбандын бир аткарып

Артымдан ээрчий басып кала берди.

Акбар ЖАНЫШБЕКОВ: «Байдылда атанын ырлары мурас болуп калышын каалайм»

Эстафета кезегин Арсыкан Момунтаева менен Жылдызай Аттокурова узаткан инибизди, кези келгенде кенен баарлашарбыз деп, азырынча учкай тааныштыра туралы дедик.

Акбар Талас районундагы Сасык-Булак айылында 1986-жылы 17-майда төрөлгөн. Мектеп босогосун 1993-жыл аттап, 2004-жылы ийгиликтүү аяктаган. Талас Мамлекеттик университетинин Филология факультетин бүтүргөн. 2009-жылдан 2016-жылга чейин кичи мекениндеги Жумагул уулу Алымкул атындагы орто мектепте кыргыз тили жана кыргыз адабиятынан сабак берип иштеген. Ошол ардактуу мугалимдик жумушка киришкен 23 жашында колуна калем алып ыр жазып баштаган. Сөзгө, адабиятка жакындык кайсы бир деңгээлде атасынан өткөн. Айтымында, атасы көп окуп, көптү билип, макалдатып сүйлөп, кээде ыр курай калып, бирок акындык өнөрдү карманып өстүрүп-өрчүтпөптүр. «Кичинемден залкар акын-жазуучулардын чыгармаларын окуп, обондуу ырларды ырдап чоңойдум. Байдылда Сарногоевдин «Ашуудан берген отчётум» ыр жыйнагын кайталап окугандан тажачу эмесмин. Бир дагы өөнү жок, бардыгы мыкты ырлар. Сиздердин «Алакан» сайты уюштуруп жаткан демилге мага жакты. Канча бир айлык же жылдык болуп эле калып кетпей, калк арасына жайылып, өмүр бою окула турган көркөм мурас болуп калышын каалайм!«, — дейт Акбар.

Учурда жеке ишкерлик менен алектенип жаткан Акбардын 2017-жылы «Жолуккум келет сага» деген ыр жыйнагы жарык көргөн. «Менин биринчи жыйнагыма редакторлук кылып, баш сөзүн жазган — акын Жыпара Исабаева эжем. Жакшы пикирин айтып, акындыкка жол көрсөтүп, бир топ жакшы нерселерди үйрөткөн эжеме ыраазычылык билдирем. Жыпара эжем, башка да баалаган акындарым өтө көп: Шабдан Сулайманов, Жыргалбек Касаболотов, Нарсулуу Гургубай, Нуриза Өмүрбаева… атай берсем тизме узарып кетет го. Мен акындык өнөрдү, акындардын баарын сыйлайм, баарына чыгармачылык эргүү каалайм«, — дейт жаш акын иним Акбар.

Акбар, биздин да сага каалообуз ошол, чыгармачылык жигер менен дагы да ырларды окуп, ыр чыгарып, чыгармачылыкка өбөлгө илхом — эргүү кечиктирип зарыктырбасын, ылайым…

Эстафетанын жол-жобосу жана өтүнүчүбүз…

Урматтуу, сымбаттуу, кымбаттуу, алтындан ардактуу, коргошундан салмактуу эстафета катышуучулары, дегеле жалпы окурмандарыбыз!

Биз менен сапарлаш болуп жатканыңыздарга терең ыраазычылык билдиребиз! Биздин жол-жобону туура кабыл алып, туура аткарып коюшуңуздарды өтүнөбүз. Ал татаал деле эмес, айтканга деле, аткарганга деле оңой:

  • — ырдын аталышын айтып;
  • — ырды аудио эмес, видео кылып тартып;
  • — эстафетаны узатып, узаткан адамдардын аты-жөнүн атап;
  • — «Фейсбукка» жайгаштырып, белгилеген адамдардын арасына Salieva Salimaны кошуп коёсуздар.
  • — анан, «ар бир адам — бир аалам» дейт, автобиографияңыздарды, даяр болсо, даярын же даярдай коюп электрондук почтабызга (Saalnaz@list.ru) салып коюңуздарчы.

БАШКЫ ӨТΥНΥЧ: ыр окуганыңыздарды АУДИО ЭМЕС, ВИДЕО КЫЛЫП ТАРТЫҢЫЗДАР!Υнүңүздөрдү эле угузуп койбой, жүзүңүздөрдү көрсөтүп бир сүйүнтүп коюңуздарчы, сураныч. Биз ВИДЕОЛОРДУН БААРЫН ЮТУБ-каналыбызга ЖАЙГАШТЫРАБЫЗ!

Ооба, баарыңыздарды Ютубдагы «Алакан TV» каналыбызга чыгаруу аракетиндебиз. Каналыбыз ортодо «заблокко» түшүп калып, мурдагы баракчабызда 3 миңге чукул подписчигибиз бар эле, «чарбагыбызга» кимдир бирөө киргенби, материалыбыздын баары өчүп калып… жоготкон мээнетибизге кейип-кепчип алып каналды кайрадан иштетип баштаганыбызга аз гана убакыт болду. Оорчулук көрбөсөңүздөр, ушул «Алакан TV» каналыбызга да жазылып коюңуздарчы, ээ!

Алдыда, буйруса, акын Эркеайым Боталиева, Чынара Кайыпназарова, Улугбек Омокеев, Бешболуш Матисаков, Жылдыз Алишерованын Байдылда атабыздын ырларын окуган видеолорун көрүп, уга аласыздар! Обондуу ырларынан ырдаган ырчылар да бар, буйруса…

Буга чейин каналыбызга чыккандар: ЖК депутаттары Руслан Жакышов, Нуржигит Кадырбеков, Жазуучулар Союзунун жетекчиси Нурлан Калыбеков, акындар Жыргалбек Касаболотов, Шабдан Сулайманов, Атахан Кожогулов, Мая Осмонкулова, Кайыргүл Надырбекова, Бурул Догдурбекова, Чынар Амираева, ырчы Малик Аликеев, эркин журналист Айчүрөк Борукеева, Кыргыз Эл акыны Кыялбек Урманбетов… буйруса, тизме дагы да толукталганы турат…

Эми, урматтуу окурмандарыбыз, Сиздердей талантты баалаган адамдар турганда, Байдылда атабыз, дегеле кыргыздын мыкты таланттарынын аты да, даңкы да, баркы да кемибейт, өчпөйт, унутулбайт! Ушинтип ырларын окуп, обондуу ырларын ырдап акындардын экинчи өмүрүн узартып турган кандай жакшы! Бардыгыңыздарга сайтыбыздын жетекчиси Назира Саалиеванын жана жалпы эмгек жамаатыбыздын атынан терең ыраазычылык билдиребиз!
Кыргыздын дагы бир чыгаан акын уулу Жолон Мамытов айтып кеткендей, «…Узун өмүр ырга болсун, ыр окуган элге болсун»! Бар болуңуздар, дайыма биздин сайт менен бир болуңуздар!
Салима ЖАКШЫЛЫК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.