Депутат Руслан Жакышов балдарды куттуктап, жакшы кеңеш айтты… Майрамдын тарыхы…

Депутат Руслан Жакышов балдарды куттуктап, жакшы кеңеш айтты… Майрамдын тарыхы…

1-июнь – Балдарды коргоонун эл аралык күнү. Бүгүнкү балдардын майрамы менен Жогорку Кеңештеги «Ишеним» фракциясынын лидеринин орун басары, депутат Руслан ЖАКЫШОВ куттуктады.

Ар бир бала кичинекей мамлекет: үй-бүлөдө бактылуу балалыкта чоңоюп, татыктуу жашоого укуктуу. Аны камсыз кылуу, укугун коргоп алуу — ата-эненин милдети. Балдардын дүйнө таанымы кенен болушу үчүн алар ата-энеден толук кандуу мээрим алышы керек! Тилекке каршы, татаал турмуштун азабынан кыйын кырдаалда жашап жаткан өспүрүмдөр, мүмкүнчүлүгү чектелген наристелерибиз бар. Алар көпчүлүктүн көңүл сыртында калбашы керек! Камкордукка муктаж балдарыбызга биз биринчи кезекте көмөк көрсөтүшүбүз зарыл!

Бардык аймактардагы балдарыбызды бүгүнкү майрамы менен куттуктап, аларга жаркын маанай, кең келечек, бекем ден соолук, узак өмүр каалайм! Ата-эненин мээримине бөлөнүп, бактылуу балалыкта чоңое бергиле! Турмуш сапарыӊар байсалдуу болсун! Бүгүнкү майрамдык шаңга бөлөнгөн күнүңөр кут болсун!

Майрамдын тарыхы… «Наристе» фестивалы…

1-июнь. Бул майрам 1949-жылы ноябрда Франциядагы Париж шаарында Эл аралык демократиялык аялдар федерациясынын конгрессинин чечими аркылуу уюшулуп, кийинки жылы (алгачкы жолу) 1950-жылы майрам өткөрүлгөн. Мындан тышкары, 20-ноябрда жыл сайын  «Бүткүл дүйнөлүк балдар күнү» да белгиленет. Бул майрамды  «Эл аралык балдарды коргоо күнү» менен чаташтырып албагыла! Себеп дегенде, «Бүткүл дүйнөлүк балдардын күнү» 1925-жылдан бери майрамдалып келет.

«Эл аралык балдарды коргоо күнүнө» кайрылсак, Эл аралык балдар күнүнүн желеги бар. Анда жашыл фондогу жер шарынын тегерегинде кызыл, сары, көк, ак жана кара түстөгү адамдардын фигуралары жайгаштырылган, ал ар түрдүү чыдамкайлыкты символдоштурат. Ал эми ортосунда жайгашкан жер шары — биздин жалпы үйүбүздүн символу.

Албетте, бүгүнкү күндө балдарды коргоо күнүнө өзгөчө көңүл бурулуп, көптөгөн иш-чаралар ар кайсы мамлекеттерде өткөрүлүп келет. Кыргызстанда бул майрам жыл сайын жогорку деңгээлде белгиленет. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу, мектеп, маданият, китепкана жана башка көптөгөн мекемелерде бул күнү балдарга арналган майрамдык иш-чаралар уюштурулуп, спорт оюндары ойнотулуп, мультфилмдер көрсөтүлүп, чакан концерттер коюлуп келет. Мындан тышкары, жардамга муктаж болгон балдарга мамлекет тарабынан жардам катары ар түрдүү колдоо акциялары өткөрүлөт.

Мына, бүгүн да Бишкектеги «Ала Тоо» аянтында  “Наристе” фольклордук балдар фестивалы өтүүдө. Мындай иш-чарага президент Садыр Жапаров, жубайы Айгүл Жапарова, билим берүү министри Алмазбек Бейшеналиев, Бишкек шаарынын мэри Эмилбек Абдыкадыров жана борбор калаанын вице-мэрлери катышты. Ар кайсы өлкөлөрдөн келген 3000дей баланы президент куттуктады. Мамлекет башчы эң негизги мээримди, камкордукту, мээримдүү үй-бүлөсүнөн аларын айтып, баланы тарбиялоодо үй-бүлөнүн орду чоң экенин баса белгиледи.

“Алакан” сайтынын эмгек жамааты да бөбөктөрдү бүгүнкү майрамы менен куттуктап, бардык жакшылыктарды каалайт!

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.