ПРЕСС-ТУР: Журналисттер мэрдин ишине ыраазы болуштубу?..

ПРЕСС-ТУР: Журналисттер мэрдин ишине ыраазы болуштубу?..

Кечээ, 31-майда, Бишкек шаарынын мэриясы борбор калаада жаңы салынып жаткан мектептер жана бала бакчанын курулуш иштеринин жүрүшү боюнча журналисттерге пресс-тур уюштурду… Эмнелер жасалды, эмнелер жасалып жатат, эмнелер жасалат — анда сөз башынан болсун…

16 жылдан бери бүтпөй турган мектеп башталыптыр…

Пресс-турда Бишкектин төрт району тең камтылды: Биринчи Май, Свердлов, Октябрь жана Ленин районун белгилүү даректер боюнча кыдырып көрдүк. Алгач Бишкектин түндүк тарабында, Биринчи май районундагы Чүй, 54 дарегинде “Ак-Босого” конушуна ылайыктап жаңыдан салынып жаткан мектеп курулушу менен тааныштык. Анын алдында бизди коомдук-мамлекеттик капиталдык курулуш башкармалыгынын башчысы Болот Апилов боорсок, каймак менен даам сыздырган кыргыз кыздары менен тосуп алды…

Андан кийин Болот мырза кылынып жаткан иштер менен тааныштырып, маалымат берди. Андан уккан маалыматта ажо Садыр Жапаров Бишкек мэриясына Бишкектеги 15 мектеп, бир бала бакчанын курулушун сентябрга чейин бүтүрүү тапшырмасын бергени айтылды. Эми ошол тапшырманын өтөөсүнө чыгуу үчүн бардык иш-аракеттер жасалып жатыптыр, баары калаа башчы Эмилбек Абдыкадыровдун көзөмөлүндө экен. Ал киши ар бир курулушка өзү барып ар бир жетекчи, кызматкерлерге жолугуп, иш жүрүшүн, ар бир этабын көзөмөлдөп турарын билдик. “Бул объектинин башталганына аз гана убакыт болду. Мына, көрүп турасыздар, мектеп пайдубалына ылайыктап жер жаңы казылып башталды. Бул жердин шарты кыйла татаал, оорураак экен. Дегеним, “Ак-Босогонун” бардык тарабынан суулар ушул жерге келип топтолуп, биз иш баштаганда 1,5 метр бийиктикте суу бар болчу. Аны 5 метрге чейин ылдый түшүрдүк. Дренаж тутумун куруу үчүн мектеп аймагында кургатуу иштери жасалууда. Учурда топурактын күрдүү катмары алынып, жерпай үчүн казуу иштери жүрүүдө. Салынчу эки кабат имараттын жалпы аянты 5022 чарчы метрди түзөт, 3 блоктон турат жана 660 окуучу орунга ылайыкталган. Биринчи блокто кабинеттер жана окуу класстары, экинчи блокто: спорт залы, жыйындар жайы, ашкана, үчүнчү блокто жалаң окуу класстары болот» , — деди Болот Тойчуевич. «Бүткөрүлүшү керек деген убакыт өтө эле тар экен. Мектеп 3 айда бүтөөрүнө көзүңүз жетеби? Шашылыш бүткөрүлүп, сапатсыз салынып калбайбы? Андайлар да болгон да» десем, айтылган мөөнөттө, өз учурунда сапаттуу мектеп бүтөөрүнө кепилдик бар деди…
Жалпы иштин аки-чүкүсүн сураштырып жатсак, биз турган жакка жакын турган жашоочулар келип калып, бизди сурантпай эле өздөрү нааразычылык, ыраазычылыктарын айтып сүйлөп киришти. Алардын айтымында, бул жерге мектеп салынат дегенге 16 жыл болуптур, бирок оозеки убададан ары эч бир иш уланбаптыр. Жакын жерде №81 мектептин бар экендиги жакшы болгону менен, окуучу көп, парта, отургуч аз, окуучулар үчтөн-үчтөн отурушарын, минтип жаңы мектеп салынып жатканына ата-энелер да, окуучулар да кубанып жатышканын айтышты… «Ак босого» конушунун тургуну Данияр Акылбеков ушул убакка чейин оозеки гана айтылып, иш жүзүнө ашпай келгенин баса белгиледи.

10-мектепте…

Андан ары Свердлов районунда Үсөнбаев көчөсүндө жайгашкан №10 орто мектептин имараты капиталдык оңдоо жана бекемдөөдөн өтүп жатканына күбө болдук. 380 орундуу, 3 блоктон турган мектептин №1 блогу 1938-жылы, №2 жана №3 блоктор 1967-ж курулган. Андыктан азыр имарат периметри боюнча пайдубалды бекемдөө, спорт залынын сырткы, ички дубалдарын торкреттештирүү, 1-2-кабаттын ортосуна калка-тосмолорду орнотуу, чатырды жаңылап жабуу иштерине даярдыктар жүрүп жатыптыр. Андан тышкары мектеп тегерегин көрктөндүрүү, тосуу, жолдорду, тротуарларды иретке келтирүү, балдар спорт аянтчасын, воркаут (англ. workout [ˈwəːkaʊt] «машыгуу») куруу иштери да каралыптыр.
Маалымат үчүн, торкреттештирүү (лат. tor — «шыбак» + cret — «тыгыздоо») — бетон же майда цемент аралашмасын көп катмарлуу кылып чачуу ыкмасы менен оңдоо-түздөө, бекемдөө иштерин жүргүзүү.

Капиталдык курулуш башкармалыгынын башчысы Мирлан Молдобасаровдун айтымында, мектеп 1-сентябрга чейин даяр болот. Учурда жүрүп жаткан иштин ар бири Эмилбек Абдыкадыровдун көзөмөлүндө.

20-мектепте…

Кийинки «саякатыбыз» 7-кичирайонундагы Октябрь районуна караштуу №20 мектепке болду. 53 жыл мурун — 1969-жылы пайдаланууга берилген бул мектепке азыр кошумча имарат курулуп жатканын аким Азамат Дороев билдирди. Анын айтымында, жер пай үчүн аң казылып, бетондук таман, пайдубалын куруу иштери аяктап, чет-четтеги колонналар — тирөөчтөргө бетон аралашмасы куюлуп жатыптыр. Жалпы аянты 5035 чарчы метр келген бул имарат 500 окуучуга ылайыкталган. Чейрек кылымдык жашоо кечирген бул мектепте деле адаттагыдай окуучулар үчүн орундар жетишсиз болуп, бул көйгөйдү ушул кошумча окуу корпусу чечиши мүмкүн экен. Долбоор боюнча окуу корпусунда жыйын, бий жана спорт залдары, китепкана, ашкана жана өтмө галерея, ошондой эле мектептин тегерек-четин жакшыртуу каралыптыр… Бул жердин курулушун ЖЧК «Авангард-Стиль» жүргүзүп жатат. Курулушчулар 1-сентябрга чейин ишти бүтүрүү үчүн таңкы саат 9дан кечки тогузга чейин тыным албай иштешүүдө…

40-мектепте…

Ленин районундагы №40 мектепке барганыбызда, бул жерде да 500 орундуу, жалпы аянты — 4137 чарчы метр кошумча имарат курулушу уланып жатыптыр. Пайдубал таянычы үчүн бетон жоон кыска мамычалар жана пайдубал мамычасы жана бардык 4 блоктун таяныч дубалдары жасалып бүтүп калыптыр. Айтмакчы, №40 мектеп жогорку №20 мектептен 8 жашка улуу, пайдаланууга 1961-жылы берилген. Баягы эле окуучулар үчүн орундар жетишсиз болуп баштагандыктан, бул көйгөйдү кошумча окуу корпусу менен чечели деп курулуп башталган бул корпуста да долбоор боюнча жыйын, бий жана спорт залдары, китепкана, ашкана жана өтмө галерея, газ менен жылытуу, ошондой эле тегерек-четти жакшыртуу каралыптыр…
Бул жердин курулушун ЖЧК «Лидер-Хаус» жүргүзүп жатат дешти.

Бала бакчада…

Акыры Жал-29 кичи районунда бөбөктөр үчүн салынып жаткан 140-орундуу бала бакчада болдук. Бул жерде келечекте тарбиячылар 6 тайпада иш алып барышат. Бала бакчага каралган жер аянты 1,8 гектар, бала бакча аянты 1484 чарчы метр, келишимде каралган 88 498 975 сомго бүткөн турат. Жер пай үчүн аң казылып, пайдубалды орнотуу иштери жүрүп жатыптыр. Буйруса, 15-сентябрга чейин бүткөрүү максат кылыныптыр.
Бул жердин курулушун ЖЧК «Улар-Транс» жүргүзүп жатыптыр.

Буга чейин…

Бишкек шаардык мэриясы салынып жаткан мектептер, окуу корпустары боюнча мурда эле маалыматтарды беришкен. Негизи мектептердин салынышы жыл башынан бери айтылып жаткан. Анан, айтылган нерсени «миң уккандан бир көр» деп иш жүзүндө көрүп кайттык. Эми бүткөрүлүшүн, пайдаланууга берилишин, иштеп жаткан учурларынан, канча бир жылдан кийинки абал-жагдайларынан дагы далай кабар алабыз, буйруса…

Президенттин тапшырмасы… 

Эске сала кетсек, президент Садыр Жапаров жаңы окуу жылына карата мамлекет эсебинен 15 мектеп, 5 бала бакча курууну тапшырган. Ал үчүн республикалык бюджеттен 2,5 миллиард сомдон ашык каражат каралган. Ал сумма кандай өздөштүрүлдү, желбей-тонолбой пайдаланылдыбы, курулуштар толук аяктаганда так маалыматтар чыгар. Болгону кийин-кийин «чыгаша статьялары» башкача болуп кетпесин деген эле тилек…

Айтмакчы…

Министрлер Кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров жогоруда биз айткан президенттин «келээрки окуу жылынын башына чейин борбор калаада 15 мектеп жана мектепке чейинки 5 билим берүү мекемесин куруу тапшырмасы толугу менен аткарылып жатканын, иштер эч кандай кечигүүсүз, белгиленген мөөнөттө жүрүп жатканын» билдирген. «Мен курулуп жаткан имараттардын сапатына өзгөчө көңүл бургум келет. Курулуш учурунда бардык техникалык стандарттар жана мүнөздөмөлөр сакталышы керек. Бул мекемелерде балдар окушат, алардын коопсуздугу эң башкы орунда турат», — деп Акылбек Жапаровдун эскерткен жайы бар.

Кыскасы, төрт райондун акимдери президент менен мэрдин тапшырмасын аткаруу үчүн, окуучуларды кубантуу үчүн аз уктап, көп иштеп жаткандарын айтышты…

Албетте, конуштарга, борборубузда жаңы мектептер, мектептерге кошумча корпустар салынып жатканына биз да кубанычтабыз. Бирок бир партада үчтөн-үчтөн отуруп калмай шаар ичиндеги көпчүлүк мектептерде бар, алар да четинен чечилсин дейли… Маселен, мектептерде орундардын жетишсиздигинен айрым мектептер балдарды үч нөөмөткө бөлүп окутууга аргасыз, мындай мектептер саны 151 мектеп болсо, анын 90у Бишкек шаарында деп тастыкталган маалымат да бар. Бул көйгөй толук чечилиши үчүн өлкө боюнча 670тей мектеп салынышы керек (!) деп изилдөө маалыматтарында айтылып келет…

Балким, жаңы стандарттагы мектептер салынып, окуу процессиндеги башка көйгөйлөр да чечилип, 12 жылдык болмокчу болгон кийинки окуу жылдарында дүйнөлүк стандартка ылайык секирик жасайт чыгарбыз…

Назира СААЛИЕВА

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

One thought on “ПРЕСС-ТУР: Журналисттер мэрдин ишине ыраазы болуштубу?..

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.