ВИДЕО — 36 үй куруучу-экономист болуп иштеген акын Айкын Маматова «Жашасын аял!» деп эстафетаны узатты…

ВИДЕО — 36 үй куруучу-экономист болуп иштеген акын Айкын Маматова «Жашасын аял!» деп эстафетаны узатты…

Эстафета кербени уланууда…

Кыргыз Эл акыны Байдылда Сарногоевдин 90 жылдыгын утурлай биздин сайт (alakan.biz) «Байдылда Сарногоевдин ырларынан көркөм окуу» эстафетасын 12-майда баштаганбыз. Саамалык башын ЖК депутаты Руслан Жакышов ачып берди эле, талантты баалаган, ыр сүйгөн окурмандарыбыз саамалыгыбызды колдоп, «эстафета  барактарын» Байдыкебиздин керемет ыр саптары менен ачып, улантып кетишти…

Чынар Амираева эжебиз акын Айкын Маматовага узаткан. Акын эжебиз Байдылда Сарногоевдин «Жашасын Аял!» аттуу ырын окуп, эстафетаны Ашира Кулишевага узатты.

Жашасын аял!

Ак куу жок кезде – көл көрксүз,

Аял жок кезде – эр көрксүз,

Аялдын иши теңдешсиз.

Ансыз бир шаңдуу жүрө албай,

Көйнөктү жөндөп бүрө албай,

Көргүлүктү көрмөкпүз.

 

Булбулсуз – токой, гүл көрксүз,

Аялсыз – айлуу түн көрксүз,

Ал жокто кимди сүймөкпүз?

Кечиксе сулуу ич күйүп,

Үмүттү үзбөй үшкүрүп

Үңкүйүп басып жүрмөкпүз.

 

Балага барктуу атабыз,

Баккандан бирок качабыз,

Жуурканга башты катабыз:

Эмизчи бачым деп коюп,

Сооротчу катын деп коюп

Солдоюп уктап жатабыз.

 

Ойлосок уят муну биз,

Бул жагын керек билүүбүз,

Аялдар эмес күңүбүз.

Эскинин өткөн заманы,

Эссиздик калган баягы,

Эми, энелер биздин гүлүбүз!

 

Алдыга сүрөп биздерди

Аянбай эң зор күч берди.

Ар жерде кыйын иштерди

Ысыкта бирге бөлүшүп,

Суукта бирге тоңушуп

Аялдар кошо бүткөрдү!

 

Жатканда дүйнө караңгы

Жараткан жыргал заманды,

Жашарткан сансыз адамды

Жакшылап барктап түбөлүк

Жалындап дагы сүйөлүк

Ленинди тууган аялды!

«Демократ акын» — Айкын Маматова

«Ак элечек» коомунун мүчөсү, акын Айкын эжебиздин айтымында, 1960-жылы Ош шаарында туулган. Кесиби боюнча куруучу-экономист. Эмгек жолун Ош мамлекеттик курулуш банкынан баштаган, үй куруучу болуп 36 жыл эмгектенген. Азыр ардактуу эс алууда.

Ырды качан жаза баштаганы эсинде жок, бирок, «Ленин жолу» газитине ырлары басылып турганы, 9-классында дубал гезитине ыр чыгара калганы эсинде калган. Ыр жазуунун артынан сая түшкөн эмес, бош убактысында, эс алууга барганда жаза калчу… Акындык өнөрдү колуна алганына 10 жыл болду. «Айтылбай калган махабат « аттуу ыр жыйнагы көлөмдүү китеп болуп чыккан. Көптөгөн коомдук уюмдардын сыйлыктарына татыган.  «Макмал- Креатив» коомдук бирикмесинин «Алтын калемгер»«Мээр жазы» коомдук бирикменин «Демократ акын» наамындагы медалдын жана бир топ сыйлыктардын ээси. 41 жыл чогуу жашаган жолдошу (байы) экөөнүн эки уул, бир кыз, 13 небереси бар.

Эстафетанын жол-жобосу жана өтүнүчүбүз…

Урматтуу, сымбаттуу, кымбаттуу, алтындан ардактуу, коргошундан салмактуу эстафета катышуучулары, дегеле жалпы окурмандарыбыз!

Биз менен сапарлаш болуп жатканыңыздарга терең ыраазычылык билдиребиз! Биздин жол-жобону туура кабыл алып, туура аткарып коюшуңуздарды өтүнөбүз. Ал татаал деле эмес, айтканга деле, аткарганга деле оңой:

  • — ырдын аталышын айтып;
  • — ырды аудио эмес, видео кылып тартып;
  • — эстафетаны узатып, узаткан адамдардын аты-жөнүн атап;
  • — «Фейсбукка» жайгаштырып, белгилеген адамдардын арасына Salieva Salimaны кошуп коёсуздар.
  • — анан, «ар бир адам — бир аалам» дейт, автобиографияңыздарды, даяр болсо, даярын же даярдай коюп электрондук почтабызга (Saalnaz@list.ru) салып коюңуздарчы.

БАШКЫ ӨТΥНΥЧ: ыр окуганыңыздарды АУДИО ЭМЕС, ВИДЕО КЫЛЫП ТАРТЫҢЫЗДАР!Υнүңүздөрдү эле угузуп койбой, жүзүңүздөрдү көрсөтүп бир сүйүнтүп коюңуздарчы, сураныч. Биз ВИДЕОЛОРДУН БААРЫН ЮТУБ-каналыбызга ЖАЙГАШТЫРАБЫЗ!

Ооба, баарыңыздарды Ютубдагы «Алакан TV» каналыбызга чыгаруу аракетиндебиз. Каналыбыз ортодо «заблокко» түшүп калып, мурдагы баракчабызда 3 миңге чукул подписчигибиз бар эле, «чарбагыбызга» кимдир бирөө киргенби, материалыбыздын баары өчүп калып… жоготкон мээнетибизге кейип-кепчип алып каналды кайрадан иштетип баштаганыбызга аз гана убакыт болду. Оорчулук көрбөсөңүздөр, ушул «Алакан TV» каналыбызга да жазылып коюңуздарчы, ээ!

Алдыда, буйруса, акын Эркеайым Боталиева, Чынара Кайыпназарова, Улугбек Омокеев, Жылдыз АлишероваСтамгүл Турдалиева, Жылдызай Аттокурова, Максат Исакова Байдылда атабыздын ырларын окуган видеолорун көрүп, уга аласыздар! Обондуу ырларынан ырдаган ырчылар да бар, буйруса…

Буга чейин каналыбызга чыккандар: ЖК депутаттары Руслан Жакышов, Нуржигит Кадырбеков, Жазуучулар Союзунун жетекчиси Нурлан Калыбеков, акындар Жыргалбек Касаболотов, Шабдан Сулайманов, Атахан Кожогулов, Мая Осмонкулова, Кайыргүл Надырбекова, Бурул Догдурбекова, Чынар Амираева, ырчы Малик Аликеев, эркин журналист Айчүрөк Борукеева, Кыргыз Эл акыны Кыялбек Урманбетов, Акбар Жанышбеков, Бешболуш Матисаков… буйруса, тизме дагы да толукталганы турат…

Эми, урматтуу окурмандарыбыз, Сиздердей талантты баалаган адамдар турганда, Байдылда атабыз, дегеле кыргыздын мыкты таланттарынын аты да, даңкы да, баркы да кемибейт, өчпөйт, унутулбайт! Ушинтип ырларын окуп, обондуу ырларын ырдап акындардын экинчи өмүрүн узартып турган кандай жакшы! Бардыгыңыздарга сайтыбыздын жетекчиси Назира Саалиеванын жана жалпы эмгек жамаатыбыздын атынан терең ыраазычылык билдиребиз!
Кыргыздын дагы бир чыгаан акын уулу Жолон Мамытов айтып кеткендей, «…Узун өмүр ырга болсун, ыр окуган элге болсун»! Бар болуңуздар, дайыма биздин сайт менен бир болуңуздар!
Салима ЖАКШЫЛЫК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.