Жеңишбек ЭДИГЕЕВ: «Агайын журт! “Көк дептер” жарык көрдү!» (Телефондор)

Жеңишбек ЭДИГЕЕВ: «Агайын журт! “Көк дептер” жарык көрдү!» (Телефондор)
«Агым», «Де-факто» гезиттеринде иштеген белгилүү журналист Жеңишбек Эдигеев учурда үй-бүлөсү менен Женевада жашайт. Кечээ жакында Бишкекке келип, аталган китептин чакан презентациясы болуп өткөнүн жубайы Чолпон Орозобекова «Фейсбуктагы» баракчасына жазды. Ага чейин Жеңиш мырза «Фейсбуктагы» баракчасына төмөндөгүдөй пост калтырган:
Агайын журт!
“Көк дептер” жарык көрдү! 700 беттик китеп болуп. Бирок бир дагы узун кеп жок. Узун текст жок. Баары кыска. Башталып кайра бүтө берет. Башталып кайра токтой берет. Көк дептер өзү ошондой. Суроосу да кыска. Жообу да кыска. Айтайын дегеним, айтпай эле койсом дегеним да кыска болду. Окуган көз чарчабаса, тажабаса дедим. Окумдуу, сиңимдүү болсо дедим.
Өзгөчөсү ушул – бир саптардын китеби болду.
Эл — жазса боло турганды издейт экен. А мен — жазса болбой тургандарды тандадым… Дагы бир өзгөчөсү ошол. Ал күндөр меники болчу, эми “Көк дептердики”.
Китеп Женевадан жазылды. Эмне үчүн Женевадан? Эмне үчүн дал ошол шаардан? Китепти ушундан баштадым. Эмне үчүн ал жакка барып калгандан.
Андан бери 13 жыл өттү! 13 жыл! Ал мага кантип өттү? А сагачы, досум, тууганым?
Колумда 30 дан ашык дептер турат. Баары эски күндөлүктөр. Калганы Бишкекте. Калганы жоголду. Алар эмне болуп жоголду? Аны да жаздым.
Ошол күндөлүктөн келтирдим. Ал мектептеги 10-классымдан башталды. Мектепте кандай элем, бала кезде кандай элем, мектептин кары кандай эле, мектептин жазы кандай эле, дүйнөнү кантип тааныдым, достук бизге кантип келчү, сүйүү бизде кантип жаралчу, аны жаздым.
21 жашымда студент болдум. 1-курстун күндөлүгүн койдум. Советтик рубль менен стипендия алчу элек, бир күнү эле кыргыздын СОМуна өттүк. Биз кыргыздын СОМуна, ошол жылы Эгемендик майрам аталган 31-августка, ошол жылы кабыл алынган Конституцияга кантип кубандык? Дегеле, “темир көшөгөдөн” кийинки жаңы заманды кантип тосуп алдык?
КМУ. 10-жатакана. Биз жарым нанды кантип бөлүштүк? Кантип мамиле күтүштүк? Тапаны сыз 90 –жылдарда кантип жаш болдук? Кандай ырлар угуп, кантип бийледик? Достукчу? А сүйүүчү? Аны жаздым.
“Эдера” деген бөлүм жазылды. Диплом алаар акыркы жылдагы бир окуя. Ал эмне болгон Эдера болду экен..?
Апам бар эле, эжем бар эле, Рыскулов Калмурат бар эле, Бүбүкан эже Досалиева, эчендеген агай-эжекелерим бар эле, Элмирбек, Зайырбектер бар эле… Эш тутушкан Эшимкановдор бар эле… Алар кайда кетти?!
Замандын агымы менен Россияны көрүп келген жайым бар эле… Мен аны “Кызыл Россия” деп атадым. Мен эмне көрүп, эмнелерге күбө болдум ошол кызыл Россиядан?
1990-жылдар. Лимонаддан колага, момпосуйдан “Сникерске”, “Жигулиден” “Мерседеске”, тизеси чыккан көк шымдан “Адидаска”, “Пшеничныйдан” “Стопка”, “Роял”, “Амареттого”, “Космос” менен “Полеттон” «Camel» менен “Marlboro» го көчтүк. 90-жылдар: “СССРде секс жок» эле.., табу болгон төшөк маданиятынан түз эле порного өттүк…
“Агым” 2005-жыл, 24-март. Биз ошондо эч ким билип-билбей калган 3 күн, 3 түндү бир жерде өткөрдүк. Ал эмне болгон 3 күн?
Ушундай. Китепти кыска айтсам ушундай. Андан бөлөк жашоонун жүз катмарын жаздым. Жашоону кандай көрөм, аны кайсы, канчанчы көзүм менен көрөм, аны жаздым…
Китеп туулса сүйүнгөн жокмун. Турса анан сүйүнөрмүн…
“Көк дептер” менен кошо менде экинчи ДЕМ төрөлдү. Кайра төрөлө албай жүрдүм эле… Кайра төрөлгүлө силер дагы. Керемет экен! Өткөн өмүр менен 50 жашымды экинчи ирет жашадым. Мени эки ирет жашаткан көк дептерге ырахмат. Алыс кеткен жокмун. Тиягы Аристотель, биягы Толстойдон келтирген жокмун. Өзүмдөн, салпылдап өтүп келген өз өмүрүмдөн алыстаган жокмун. Чындыгым ошол. Чын эмеси – али мен түшүнө электер. Алар да болду. Суроо коюп көрдүм. Жообун чогуу татабыз. Башкысы жолугушалы. Сен келаткан бол. Мен сага бараткан болоюн. Жолугушкандан өткөн чоң жумуш, чоң бакыт көргөн жокмун, бу турмуштан. Жолугуулар буйрусун. Канчасы буйрубай калды. Аны да жаздым. Жатаарда “жакшы уктаңыз!” деп эртең менен түбөлүк жолугушуу буйрубай калган айылдагы эжем Мончокту жаздым. Биз ар жолу коштошуубуз керек экен. Ар бир ирмемде түбөлүктүү айрылуулар бар экен. Алыскы сапарды кой: “Азыр!” деп эшикке чыккан сайын акыреттик коштошуулар бар экен… Ошондон гана алдастадым. Бирок биз болбой эле жолугалы. Сен чайдын кызылын куй. Мен чайдын кайнак суусун куяйын. Шеригибиз нават салсын. Бишкектин “Наватындай” болобу. Же Бишкектин дагы бир асыл жайындай… Эмесе, жолукканча. Жолукканча, окурман!
Китеп менден, бата сизден!
Китепти 0778 885566, 0706 555494 номурларынан алсаңыздар болот!
Жеңиш мырзаны биз дагы китебинин чыгышы менен куттуктайбыз!
Нази БАЯН кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.