Байдылда Сарногоевдин ырынын темасын өзгөртүп, авторун туура атабай ырдаган Мирбек Атабеков… 

Байдылда Сарногоевдин ырынын темасын өзгөртүп, авторун туура атабай ырдаган Мирбек Атабеков… 

Эстафета кербени уланууда…

Кыргыз Эл акыны Байдылда Сарногоевдин 90 жылдыгын утурлай биздин сайт «Алакан» (alakan.biz) «Байдылда Сарногоевдин ырларынан көркөм окуу» эстафетасын баштаганыбызга 23 күн болуп калды. 12-майда старт алган саамалыгыбыз таскагы катуу болбосо да, дымактуу жүрүшүндө уланууда, буйруса. Талантты, өнөр адамдарын баалаган, ыр окуган, ыр сүйгөн окурмандарыбызга ыраазычылык билдиребиз, жакшы кол кабыш кылышып, эстафета кербенин тынымсыз улантышууда…

Эми бул жазып жатканыбыз эстафетадан улам жаралып отурат. Биздин да өнөр адамдарына сыйыбыз чоң, алардын чеберчиликтерине, жараткандан берилген өнөр шыбагаларына, таланттарына шек келтиргенден алыспыз.

«Данакер-Лингво» маданий-илимий коомдук бирикмесинин мүчөсү, акын Кайыргүл Надырбекова менен мурдагы опера ырчысы, учурда ишкерлик менен алек Чынар Амираева эжекелерибиз Байдылда атабыздын обондуу ырларынын бири «Жаштарга» деген ырынан кийин, “учуру келгенде айтылбаса, сөз атасы өлөт” дегендей, тактоо киргизип коюуну чечтик.

ЖАШТАРГА

Сөзү: Байдылда САРНОГОЕВдики
Обону: Асанкалый КЕРИМБАЕВдики

Жаштык кез жаңы кийимдей,
Эскирсе калган кийилбей.
Боз улан бойдон турбассың
Болжолу өтөт билинбей.

Кыярса калбас күбүлбөй,
Кырчын кез тоонун гүлүндөй.
Кыз бойдон дайым турбассың,
Кызык кез өтөт билинбей.

Күнүмдүк сени жандаган,
Күлгүн чак келбейт кайрадан.
Элирбей жаштык кезиңди
Эс-акыл менен пайдалан.

«Күүлөнөт күлүк күнүндө,
Туйлайт,–дейт–тулпар тушунда».
Турмушка өчпөс из калтыр
Туягың бүтүн учурда.

«Жаштарга» обон салган Асанкалый Керимбаев

Байдылда Сарногоевдин “Жаштарга” ырына обондуу “обондорун өзүнөн ашыра эч ким мукам ырдап бере албаган” Кыргыз эл артисти, тубаса лирик-обончу, кайталангыс мукам үндүү аткаруучу Асанкалый Керимбаев чыгарып, элге алгач аккордеону менен өзү ырдап алып чыккан.

Бирок мурунку-кийинки аткаруучулар бул ырды сөзүн да Асанкалый Керимбаевге таандык кылып аткарып келишет. Азыр эринбей Ютубду ачсаңыздар, бул ыр кимдин репертуарында бар болсо, аталышы “Жаштык кез”, сөзү, обону Асанкалый Керимбаевдики деп жазылып турган видеолорду көрөсүздөр.

«Жаштык кез» эмес, «Жаштарга»…

Байдылда атабыздын кичүү кызы Карлыгач эже менен бир курдай баарлашып калганыбызда, «Ырчылардын авторун атабай ырдап жатканы тууралуу кабарыңыздар барбы?» деп сурасак: «Атамдын «Жаштарга» аттуу ырын мурунку, ортоңку, кийинки муун ырдап жүргөнүн угуп эле жүрөбүз. Бирок, алардын атамды атын атабай ырдап жүргөнүн билген эмеспиз. Атам бул ырын “Жаштарга” деп атап жазган, обонун легендарлуу мыкты композитор, обондору да, үнү да керемет ырчы агабыз Асанкалый Керимбаев 80-жылдары чыгарган. Бирок сөзү, обонун тең ушул агабызга таандык кылып аткарып жүрүшкөнүн башында элес албаптырмын. Атамдын ырын ырдашып жатат деп кубанганбыз да… Кийин байкасам, дээрлик баары эле атамдын атын атабай ырдап жүрөт. Бир жолу Мирбек Атабеков «Жаштык кез» деп аталышын да өзгөртүп алганын, “сөзү, обону Асанкалый Керимбаев» деп ырдап жатканын көрүп калып калдык. Анан кызым Дилбара ага чалып өзү менен сүйлөшкөн, ал «макул өзгөртөм, оңдоп коем» деген, бирок, дагы деле оңдолбой эле Ютубда жүрөт.

Бул ыр менин атамдыкы, аталышы “Жаштык кез” эмес, “Жаштарга”. Обонун биз үй-бүлө терең урматтап-сыйлаган Асанкалый Керимбаев чыгарган агабыздын арабыздан кеткенине 23 жыл, атабыздан ажыраганыбызга 18 жыл болуптур. Алардын өмүрү чыгармаларында уланып жатканына ыраазыбыз. Болгону авторду айтууну эстен чыкпаса дейбиз”,- деди эле…

Адамгерчилик жагынан да, мыйзам жагынан да туура эмес…

Чынында эле «Жаштык кез» деген аталыш менен Асанкалый агабыздыкы деп аткарып жүргөн аткаруучулар да көбөйүптүр… Ар биринин талантын сыйлайм, алар да башканын да эмгегин сыйлап, ырды ким жазган, ким обон чыгарган, аталышын автор акын өзү кандай атаган, так жазып аткарышса деген эле сураныч. Улуу-кичүү муундагы ырчыларыбыздын жакшы ырларга жаңыча өмүр берип ырдап чыгып жатканы жакшы, бирок акындардын да эмгек, мээнетин сыйлайлы, алар чыгарган ырлардын аталышын өзгөртүп алганга адамгерчилик жагынан да, мыйзам жагынан да туура эмес.

Мындайда элге таанымал ырчыларыбызда жоопкерчилик көбүрөөк болот, алар өздөрүнүн эмгегин кандай баалашса, ыр жараткан да, обон жараткан да адамдарга ошондой сый-урмат кылышы керек. Бүгүн аталышын өзгөртүшсө, сөзүн ким жазганын тактабай, чаташтырып сөзү, обонун бир кишиники кылып жатышса, эртең ырдын сөзүн да, обонун да Мирбек Атабековго таандык кылып ырдап чыккандай болбойт дегенге кепилдик жок. Байдылда атабыздын байбичеси Зина эже, уул-кыздары өтө маданияттуу үй-бүлөдөн. «Автордук укук бузулду» деп жаакташып, чабышкандан алыс. Болгону эле — таланттарды өздөрү барда да, көздөрү жокто да сыйлай билели.

Эми кеп аягын Байдылда атабыздын кулагыбызга күмүш сырга болчу нускалуу бул ыры менен аяктайлы дедик…

ЖОКТУГУБУЗ БИЛИНБЕС

Түшүнбөдүм эмнеликтен экөөбүз,
Кээ бир кезде жаман, жакшы дешебиз.
Билгин курбум, миң жашаган киши жок,
Бул дүйнөдөн бир өтөрүн өтөбүз.
Калар артта, кадырлашып сыйлашуу,
Калар артта катарлашып бир басуу.
Тирүүлүктө канча болсо сыйлашуу,
Өлгөндө да шончо болор ыйлашуу.
Ажал келер уурулардай сыр айтпай,
Биз кетербиз, бирок калат турак жай.
Турак жайга тутка болот балабыз,
Караңгы үйдү жарык кылган чырактай.
Артыбызда өрнөк калса түңүлбөс…
Балдар менен тирүү жашаар тирүү кез.
Акыл-насаат сөзүбүздү эскерсе,
Анда биздин жоктугубуз билинбес.

Мыкты акын, котормочу кесиптешим Жыргалбек Касаболотов айткандай, «Обончунун, автордун атын атагандын өзү да чоң маданият».

Назира СААЛИЕВА

 

 

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.