Кореянын жазуучулары, журналисттери Кыргызстанга кандай максат менен келатышат? Элчинин жообу…

Кореянын жазуучулары, журналисттери Кыргызстанга кандай максат менен келатышат? Элчинин жообу…
Кыргызстандын Түштүк Кореядагы элчиси Аида Исмаилова Түштүк Кореянын KBS (Korean Broadcasting System) коомдук телерадиокомпаниясынын, Сеул шаарынын мэриясынын жана «Евразиялык сереп» коомдук журналынын өкүлдөрү менен жолугушканын «Фейсбуктагы» баракчасына төмөндөгүдөй пост калтырды:
Жолугушууда Кыргызстандын инвестициялык жана туристтик потенциалын Түштүк Кореянын маалымат каражаттарында чагылдыруу сыяктуу тармактарда кызматташуунун маанилүүлүгүн талкууладык. 
Кыргызстан Корея Республикасы менен эки тараптуу мамилелерди өнүктүрүүгө өзгөчө маани берерин, өлкөлөрүбүздүн ортосундагы жетишилген макулдашуу келишимдерге, түзүлгөн достук мамилелерин жогору баланганын белгиледи. Кыргыз Республикасынын инвестициялык, экспорттук жана туристтик потенциалы бийик экенине көңүл бурду, жана Корея Республикасынын массалык маалымат каражаттары аркылуу жайылтуу зарыл экенине көңүл бурдум.
Жолугушуунун жүрүшүндө «Евразиялык сереп» журналынын төрагасы, профессор Чан Джин Ким Кыргызстандын элчилигинин сунушу боюнча, ошондой эле корей аудиториясынын Азия өлкөлөрүнө, анын ичинде Кыргызстанга болгон кызыгуусу жогорулагандыгына байланыштуу Кореянын ишкерлеринен, маданий ишмерлерден, жазуучулардан жана журналисттерден турган корея делегациясынын ушул жылдын июль айында Кыргызстанга келиши пландалууда. Мындай иш-чаранын башкы максаты — Түштүк Кореянын көрөрмандарын жана активисттерин Кыргызстан менен тааныштыруу.
Кореялык журналисттердин жана жазуучулардын Кыргызстанга болгон иш сапары өлкөнүн туристтик жана инвестициялык мүмкүнчүлүктөрүн көрсөтүүгө мүмкүнчүлүк түзүп, түштүк кореялык туристтерди Кыргызстанга тартууда жакщы тенденцияга ээ болоруна ишенеримди билдирдим. Жолугушуунун жыйынтыгында, Кыргызстанды Түштүк Кореяда таанытуу боюнча биргелешкен иштерди улантууну макулдаштык.

Кореяда депутат болгон кыргыз кызы

Ошондой эле элчи 1-июнда Түштүк Кореяда жергиликтүү органдарынын, облустук жана шаардык депутаттар арасында шайлоосу болуп, биздин кыргыз кызыбыз Айсулуу Аширалиева депутат болгонун жазды. «Көп адамды жеңип, чет өлкөдө, биздин кыргыз кызыбыз Айсулуу Аширалиева Сеул шаарынын жергиликтүү кеңешинин депутаттык кызматына шайланышы менен чын жүрөктөн куттуктайм. Айсулуу айым дайыма Элчиликке көмөктөшүп, биз жүргүзгөн иш-чараларга өз салымын кошуп, мыкты патриот мекендештерибиздин бири.
Айсулуу айым биз сиз менен сыймыктанабыз, чың ден-соолук, бакубатчылык жана жоопту кызматыңызда ийгиликтер коштоп жүрүшүнө тилектешмин«,-деген каалоо-тилектерин калтырды Аида айым.

Кыргызстан тууралуу элчинин Кореядагы маеги…

Аида Исмаилова корей тилинде эркин сүйлөйт. Ал жакында эле Кореядагы жаңы чыккан журналга корей тилинде интервью берди.
Анда ал Кыргызстан менен Кореянын дипломатиялык мамилесинин 30 жылдыгы, эки өлкөнүн маданият, экономикалык жана башка кызматташтыгы тууралуу, Кыргызстандын көз карандысыздыгы, өлкөнүн өнүгүүсү тууралуу, туризм тармагы боюнча маек куруп берген.
Орус тилине которулган маегин бул ШИЛТЕМЕден окусаңыздар болот.
Алмаз ТУРДУМАМБЕТОВ

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.