Алымкадыр БЕЙШЕНАЛИЕВ: «Бир генерал камайм деп коркутуп жатат…»

Алымкадыр БЕЙШЕНАЛИЕВ: «Бир генерал камайм деп коркутуп жатат…»

Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевге карата жети кылмыш ишин козголгонун Башкы прокуратура кечээ, 2-июнда билдирген. Алардын маалыматына караганда, ага “коррупция”, “опузалап пара алуу” жана “кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу жана билип туруп пайдасыз контракт түзүү” боюнча төрт айып коюлуп, анын негизинде кылмыш иши козголгон. Тергөөнүн жүрүшүндө кошумча маалыматтар берилет.

Маалыматка ылайык, 2020-жылдын декабрынан 2021-жылдын сентябрына чейин Кыргызстанга Орусия, Кытай, Азербайжан, Казакстандан жана бир катар эл аралык уюмдардан гуманитардык жардам катары 451 миң 560 доза вакцина берилери макулдашылганы айтылган. Ошондой эле Кытайдын жана Орусиянын башчылары менен кошумча 6 млн. дозадан ашык вакцинаны акысыз берүү сүйлөшүлгөн. «Министр Алымкадыр Бейшеналиевдин жеке тапшырмасы менен 2021-жылдын апрель, июнь, июль жана сентябрь айларында чет өлкөлүк менчик компаниялардан 1 млрд. 581 млн. 474 миң 315 сомдук 2 млн. 460 миң доза вакцина негизсиз сатылып алынган. Аталган акча каражаттар оффшордук аймакка которулгандыгы белгилүү болгон», — деп жазылган маалыматта.

Натыйжада, гуманитардык жардам иретинде алынып келинген 3 млн. 147 миң 640 доза вакцина бар экенине карабастан, кызмат адамдары өз кызыкчылыгы үчүн 2 млн. 460 миң доза вакцинаны ашыкча сатып алгандыктан, алардын сактоо мөөнөтү эскирип, 243 миң 223 доза керектен чыккан. Мындан улам мамлекетке 1 млрд. 581 млн. сом зыян келтирилген.

Алымкадыр БЕЙШЕНАЛИЕВ: «Бир генерал камайм деп коркутуп жатат»

Буга чейин Улуттук коопсуздук комитети (УКМК) Алымкадыр Бейшеналиевди өткөн айда Жети-Өгүз районундагы медайымдар күнүнө арналган майрамдык иш-чарага чогултулган акчадан улам эки жолу суракка алганы белгилүү болгон. А. Бейшеналиев болсо: «бир генерал камайм деп коркутуп жатат» деп «Азаттыкка» билдирген.

Эске сала кетсек, Алымкадыр Бейшеналиев 2020-жылдын октябрындагы бийлик алмашуудан кийин саламаттык сактоо министри болуп дайындалган. Ошондон бери анын ишине, реформаларына байланыштуу талаш-талкуу токтобой келет…

Салима ЖАКШЫЛЫК кызы

One thought on “Алымкадыр БЕЙШЕНАЛИЕВ: «Бир генерал камайм деп коркутуп жатат…»

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.