ВИДЕО – Максат НУСУВАЛИЕВ: “Тротуардан чыгып, мыйзамсыз ээлеп алынган объектилер түртүлөт”

ВИДЕО – Максат НУСУВАЛИЕВ: “Тротуардан чыгып, мыйзамсыз ээлеп алынган объектилер түртүлөт”

Бишкек шаарынын мэриясы журналисттерге кезектеги пресс-турду 2-июнда  уюштурушту. Бул сапар Кытай грантынын эсебинен курулуп жаткан жолдор жагдайынан маалымат алып, “Бишкек шаарынын жол тармагын өнүктүрүү” долбоорунун алкагында реконструкцияланып жаткан 4 көчө менен тааныштык. Айтымында, 2-фазадагы иштер кылынып жатыптыр. Биринчиси кандай болгон, кийинкиси качан башталат — ал боюнча да кабардар болдук… 

«Арча-Бешикте…»

Алгач “Арча-Бешик” конушундагы Жумамүдүн Шералиев көчөсүндөгү иштер менен тааныштык. Бир автобуста биз менен чогуу барган Капиталдык курулуш башкармалыгынын Жолдор боюнча бөлүмүнүн жетекчиси Темирбек Мамашевдин жолдорду оңдоо-түздөө боюнча берген маалыматы мындай болду: «Бишкектеги жолдор талкалана баштагандан кийин Кыргыз өкмөтү Кытай менен келишим түзүп, оңдоо-түзөө, куруу иштерин үч этапка бөлгөн. Биринчи этабы 2016-жылы башталып, 95 чакырым жол оңдолгон. Учурда кызуу жүрүп жаткан иштер — экинчи фаза. Ал 2020-жылы башталып, ортодо пандемияга байланыштуу убактылуу токтоп калган болчу. Иш жаздын март айынан кайра жанданды.

Буга 278 миллион юань бөлүнгөн. 60 пайызы шаар ичиндеги, калганы конуштардагы жолдорго каралган. Анын бири — ушул «Арча-Бешик» конушу. Ж.Шералиев көчөсүнүн Жайыл Баатыр көчөсүнөн И.Ахунбаев көчөсүнө чейинки бөлүгүнүн узундугу 1 км, туурасы 9 метрди түзөт. Жолдун эки тарабына 2,25 метр тротуар жана ирригация тутуму орнотулат. План боюнча 1-сентябрга чейин толук бүткөрүлүп, күз айынын биринчи күнүндө ачылышы болот«. Ошондой эле Темирбек Мамашев жол салганга же кеңейткенге тоскоолдук жараткан, жылдыруу зарыл болгон обүектилер алардын башкармалыгы тарабынан сатылып алынды деди. Тагырагы, кызыл китеби бар үйлөрдүн ээлери менен сүйлөшүп, келишим түзүп компенсация төлөп беришкен. Баарынан кызыгы, 10 сотых жерин мамлекетке белекке берген жарандар да болгонун угуп таң бердик. 

Айтмакчы, Шералиев көчөсү мурда жол болгон эмес, жер үстүнөн кеткен жылуулук түтүктөрү жайгаштырылгандыктан, азыр аларды жер алдынан өткөрүшкөн. Ушул жана башка тийиштүү иштер кылынып жаткан “Бишкек шаарынын жол тармагын өнүктүрүү” (2-фаза) долбоорунун менеджери Пен Це Лян котормочусу менен келип, буга чейинки жол куруунун биринчи этабын ийгиликтүү жыйынтыктап алышканын билдирди.

Учурда экинчи этабы кызуу жүрүп жатыптыр. Аба ырайы жылуу болуп берсе, октябрдын аягына жолдор бүтүп, пайдаланууга берилсе, андан соң долбоордун үчүнчү фазасы башталат.

Эр-Тайлакта…

Ошол эле Арча-Бешиктин Эр-Тайлак көчөсүнүн Арча-Бешик көчөсүнөн Репин көчөсүнө чейинки бөлүгүнүн узундугу, Темирбек Мамашовдун айтымында, 1,9 км,  туурасы 9 метрди түзөт. Бул жолдун эки тарабына  ирригация тутумун жана 1,5 метрлик тротуарларды төшөө пландалууда. Учурда оңдоо иштерине тоскоол болгон жеңилдетилген типтеги 4 обүект жана 24 короо дубалы алынып жатат. Таза суу түтүктөрүн куруу да максат кылынгандыктан, бул тилкедеги жол иштери убактылуу токтоп турат дешти….

Сухэ-Батордо…

Андан кийин 6-7-кичи райондор тараптагы Сухэ-Батор көчөсүнө бардык. Ал жак боюнча Транспорт жана жол инфраструктурасын өнүктүрүү департаментинин Жол куруу бөлүмүнүн бөлүм башчысы Мирлан Алараевден маалымат алдык. Анын айтымында, оңдоо иштери Сухэ-Батор көчөсүнүн Каралаевден 7-апрелге чейинки бөлүгүндө кызуу жүрүп жатыптыр. Жол узундугу 750 метрди, жолдун унаа жүрүүчү бөлүгүнүн туурасы 16 метрди түзөрүн билдик. Ошол жерге танапташ Аламүдүн дарыясынын үстүнө унаалар өткүдөй, жөө адамдар жүргүдөй көпүрө куруу да тынымсыз жүрүп жатыптыр. Учурда көпүрө курулушунун 95%ы бүтүп, жээкташтарын (бордюрлары) толук жайгаштырылып коюлган. Туурасы 2,25 метр келген тротуарлар да тапталып жасалып бүтүп калыптыр. Ага удаалаш жолдун унаа жүрүүчү бөлүгүнө асфальт-бетон аралашмасын төшөө, жол белгилерин орнотуу жана жол бетине белги салуу иштери кылынып жатыптыр. Бул жактагы курулуш иштерин эки жылда бүткөрүү пландалган. өткөн жылы башталган иш, буйруса, ушул айдын этегинде — 30-июнда толук бүткөрүлүп пайдаланууга берилет.

Таштандылардан арылдык…

Дегеним, жогорудагы көпүрө салынып жаткан тарап мага эле эмес, ошол тарапта жашагандардын баарына тааныш. Бул жак тегерек-четин куурай басып, ал жак-бул жагы арыктан ашкан суулардан көлчүк болуп,  тапталма ийри-буйру жолдору бар кезинде да көпчүлүк адамдар сейилдеп Ботаникалык бакчага келишчү. Күн батыш жагы Каралаев болсо, күн чыгыш жагы Алма-Ата көчөсүнө жеткен бул көчөнүн аркы бети — «Көк Жар» айылынын башталышы. Ушул узун көчөдөн бир кезде маркум жолдошум Эрнис экөөбүз далай өтүп, Ботаникалык бакчага да келчүбүз. Куурайы, чөбү, гүлү, арбайган-тарбайган бадал-багы аралаш өскөн чет-четинде, эч ким карабаган ээн жер дегенсип, жайнап таштандылар жатчу. Тигүү цехинин чыккан кездемелердин кесинди-үзүндүлөрү сапырылып, атүгүл кээде өлгөн үй жаныбарларын (жылкы, кой, эчки, ит, мышык) да ыргытып кетишчү…  Жабалактап чычкандар, чымын-чиркей үйүлүп, эми жытын айтпай эле коёлу, мурунду басып чуркап өткөн күндөр да болгон… Жол курулуп башталгандан таштанды да, сасык жыт да жоголду… Ал жерден апам неберелери менен ары-бери жөө каттап калат, алардын суроосу «качан ачылат болду экен?» болуп жатты эле, мына ошого бүгүн жооп алдым. 3 жуманын ар жак-бер жагында бардыгын бүткөрөлү деп жумушчулар таң эрте келип, кеч кетип жатышыптыр… Жолдун унаа жүрүүчү бөлүгү жана бир жагындагы тротуар ортодогу каналдын бир тарабында, экинчи жагындагы тротуар өзүнчө каналдын бир тарабында… Кийинки айда унаалардын да, жөө адамдардын да кыймылы кыйла күчөйт, бир канчанын жолун кыскартып сүйүнткөнү турат, буйруса…

Кропоткин көчөсүндө…

Пресс-тур мурда Кропоткин, кийин Жапар Шүкүров деп аты алмашкан көчөнүн Ахунбаев көчөсүнөн Скрябин көчөсүнө чейинки бөлүгү менен жыйынтыкталды. Бул тараптагы иштердин жүрүшү тууралуу Бишкек шаарынын мэриясынын Транспорт жана жол транспорттук инфратүзүмдү өнүктүрүү департаментинин жетекчиси Максат Нусувалиев маалымат берди. Анын айтымында, учурда борбор калаада Кытай Эл Республикасынын грантынын эсебинен «Бишкек шаарынын көчө-жол тармагын өнүктүрүү» долбоорунун экинчи этабында жаңы конуштардагы жолдорду оңдоо иштери жүрүп жатат. Анын алкагында «Арча-Бешик», «Ак-Өргө», «Ак-Ордо» сындуу конуштарда кырктан ашык көчө жасалууда.

Бардык оңдоо-түздөө  иштери мэр Эмилбек Абдыкадыровдун көзөмөлүндө. Жолду реконструкциялоо долбоорлору «Бишкекбашкыархитектура» мамлекеттик мекемеси берген архитектуралык-пландоо шарттарынын негизинде иштелип чыгып, экологиялык жана мамлекеттик экспертизадан өткөн.

Максат мырзанын Кропоткин көчөсүнүн Ахунбаев көчөсүнөн Скрябин көчөсүнө чейинки бөлүгү боюнча берген маалымат боюнча, бул тилкедеги жол узундугу 1 км, туурасы 9 метр, тротуардын туурасы 2,25 метрди түзүп, жолдун эки тарабына ирригация орнотулмак экен. Бирок ал иштер убактылуу токтоп туруптур. Анын себебин түшүндүргөн Максат мырза: “Ар ким забор, навес, времянка ж.б. ар кандай нерсени салып алышып, ушул себептен оңдоо-түздөө иштери бир аз токтоп турат, үй ээлерине жолугуп, жолду өз ыктыярлары менен бошотуу тууралуу түшүндүрүү иштери жүрүп жатат. 20 үйдүн ээлери мыйзамсыз иш кылгандарын моюндап, кылынчу иш-чараларга макул болушту. 60 үйдүн ээлерине «жолду бошоткула» деп суранып да, эскертип да жатабыз. Бирок, алар мыйзамга баш ийбей,  “бул биздин көчө, кандай жашайбыз, өзүбүз билебиз”деп жатышат. Андай болбойт! Аларга бир жума убакыт беребиз, макул болушпаса, анда берилеп жылып алган жерлерге эмне салышса, баарын түрттүркөнгө аргасыз болобуз», — деп кейип-кепчип түшүндүрүп берди.

Чындыгында эле баары ошондой экен, айтылган үйлөрдү өз көзүбүз менен көрдүк. Бул жерден эгемендиктен кийинки жаман адат — кызыл линиядан өтүп, өзүнө тийиштүү жер чегинен мыйзамсыз 5-6 метр берилеп чыгып, тротуарларга каралган жерлерди «менчигине» айлантып — айрымдар унаа токтоочу жайга кылып, айрымдар гараж, чакан турактарды-курулуштарды салып да алышканын күбө болдук. Мурда бир салынып, элеси калган эски тратуар эски үйлөрдүн алдында гана көрүнүп турат. Мыйзамсыз ар нерсе салынып калган тротуарлар жалаң байлардын «менчигине» өтүп кетиптир. Заңгырап кабаттуу кымбат үйлөр салынган, тротуар жок жөө адам өтө албагыдай, унаа гана жүрө тургандай кысылган көчө… эле болуп калыптыр. 

И баса…

Дал ошол күнү Бишкек троллейбус башкармалыгында да болдук. Ал жерде 1-июлдан баштап жүргүнчүлөрдү толук накталай эмес төлөмгө —  “Тулпарга” өткөрүү маселесин карашты. Жыйынга автобус, тролейбус айдоочулары, «Тулпар» ишканасынын өкүлдөрү катышып, жол кире боюнча бири-биринин оюн угушту. Алар кандай чечти, аны өзүнчө айтып беребиз. Бирок элдерден укканым боюнча, накталай төлөмгө көнгөндүктөн, көп адамга баштагыдай эле айдоочуга акча-тыйын берип төлөп түшкөн ыңгайлуу экен. «Тулпар» картасына бирдиктей эле акча салып, акчасы түгөндүбү-түгөнгөн жокпу деп карап туруш керек экен, шашылышта акча төлөй салып түшүп кеткен жеңилирээк да» деген кепти көп уктум. Балким, ошондойдур, а балким, «Тулпарга» да көнсөк, ал дагы ыңгайлуу болуп калаттыр. Анткен менен, «Тулпар» боюнча шаарда каттоосу бар, каттоосу жок жашоочулар боюнча маселе да бар. Кыскасы, 1-июлга чейин жооп алынчу суроолор да бир топ…

Жолдорду оңдоп-түздөгөн 3-фаза боюнча…

Кыскасы, 50 миң эле унаага ылайык делген борбор калаабыздын жолдору азыр 10 эсе ашык унааларга толуп, тыгындар күчөгөндөн күчөп баратат. Баш-аягы 1400 чакырымдай жолдор ар кай жери жыртылып, жамалып, мурда жасалды дегендери жылдар айланбай эле талкаланып калганын көрүп эле келгенбиз. Ошол жараксыз боло баштагандары сырттан келген грантка үч этап  менен оңдоо-түздөөгө алынганын башында айттык. Биринчи этап алты жыл мурун башталып, жыйынтыкталган. Кийинки этаптагы иш шаарды, конуштарды камтып, 2020-жылы уланып кылына баштаган. Ал эми 3-фазадагы тууралуу мурда укканыбыз боюнча, шаарыбыздын абасынын бузулушуна да себепкерлердин бири — унаалар тыгынын азайтуу үчүн экинчи, үчүнчү деңгээлдеги асма жолдорду курулушу керек. Ал көпүрөлөр, биздеги маалымат боюнча, унаа кыймылы эң көп катталган Чүй — Фучик жана Баха — Лев Толстой көчөлөрүнө салынат дешет. Андан башка да айрым бир көчөлөргө кошумча жол тилкесин кошуп кеңейтүү пландарын менен да укканбыз.

Кыскасы, Бишкектин көчөлөрү кыйла өзгөрүүгө дуушар болгудай. Албетте, жолдор упа сүйкөп койгондой эле жалатып оңдоп коюлбай, узакка кызмат кылышын тилейбиз…

Назира СААЛИЕВА

P.S. 31-майда, Бишкек шаарынын мэриясы борбор калаада жаңы салынып жаткан мектептер жана бала бакчанын курулуш иштеринин жүрүшү боюнча журналисттерге пресс-тур уюштурган. Аны бу жердеги ШИЛТЕМЕден окусаңыздар болот.

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.