ВИДЕО — Калыбек Жунушалиев Жылдыз Алишеровага «Ошол жигит» менен жооп берди…

ВИДЕО — Калыбек Жунушалиев Жылдыз Алишеровага «Ошол жигит» менен жооп берди…

Кыргыз Эл акыны Байдылда Сарногоевдин 90 жылдыгын утурлай биздин сайт «Алакан» (alakan.biz) «Байдылда Сарногоевдин ырларынан көркөм окуу» эстафетасын баштаганыбызга 25 күн болду. 12-майда старт алган саамалыгыбыз таскагы катуу болбосо да, дымактуу жүрүшүндө уланууда, буйруса. Талантты, өнөр адамдарын баалаган, ыр окуган, ыр сүйгөн окурмандарыбызга ыраазычылык билдиребиз, жакшы кол кабыш кылышып, эстафета кербенин тынымсыз улантышууда…

Жылдыз АЛИШЕРОВА: «Ыр жазбай калсам ооруп калам...»

Ыр жазып баштаганына 3 жыл гана болгон Бешболуш Матисаков агабыздан эстафетаны алган Кыргыз Улуттук Жазуучулар Союзунун мүчөсү, акын Жылдыз Алишерованы учкай тааныштыра кетели. Ал Нарын облусундагы Жумгал районуна караштуу Баш-Кууганды айылында 1973-жылы 21-мартта туулган. Жылдыз айымдын айтымында, кесиби бухгалтер, соода жаатында эмгектенет. Бирок жан дүйнөсү ырга өтө жакын. «Ыр менин жан дүйнөмө дабаа. Ыр жазбай көпкө жүрүп калсам ооруп калам. Кубансам да, кайгырсам да, абалымды ырым менен тең бөлүшөм. «Ыр жазып эмне таптың?» деп сурап калгандар да бар… Мектеп жашымдан эле ыр жазып баштагам. Ырларым алгач райондук гезиттерге, кийин республикалык гезит, журналдарга жарыяланып турду. Бир топ сыйлыктардын ээси болдум. «Назик гүлдөр», «Айдагы селкинчек» аттуу китептери авторумун«,-дейт Жылдыз айым.

Жылдыз эжебиз Байдылда атабыздын «Күлүк жөнүндө сөз» аттуу ырын көркөм окуп, эстафетаны Калыбек Жунушалиевге узатыптыр.

КҮЛҮК ЖӨНҮНДӨ СӨЗ

Мага бүткүл жер шарындай көрүнүп

Жатат жашыл ипподром керилип.

Секундуна сексен метр жол басып,

Күлүк чуркайт, күлүк чуркайт элирип.

 

Чендебес дейм катуу учкан куш да ага,

Кара тери жаңы гана чыкты ана!

Көрүнүшү космостогу спутник,

Көрүүчүлөр көзүн кадайт суктана.

 

Жомоктогу Аккуланын тукуму,

Жел жетпеген анык тулпар ушубу?..

Учуп барат, сызып барат чабандес,

Жашка толуп көздөрүнүн кычыгы.

 

Күлүк чыгып караандатпай башкага,

Бак-бак сүйлөйт саяпкери мактана.

Азыр эле Марска барып келгенсип,

Ардакталды күлүк чапкан жаш бала.

 

Эл дуулдай ойлоруна ой кошо,

Мындай дешет миң чоңойтуп ойду ошо:

Эчак эле Айга барып бир тиймек,

Эгер жерде тартылуу күч болбосо!

Калыбек Жунушалиев эстафетаны дароо кабыл алып, Байдылда САРНОГОЕВдин «Ошол жигит» аттуу ырын окуп, досу Дайыр Орозакуновго узатыптыр…

Эстафетанын жол-жобосу жана өтүнүчүбүз…

Урматтуу, сымбаттуу, кымбаттуу, алтындан ардактуу, коргошундан салмактуу эстафета катышуучулары, дегеле жалпы окурмандарыбыз!

Биз менен сапарлаш болуп жатканыңыздарга терең ыраазычылык билдиребиз! Биздин жол-жобону туура кабыл алып, туура аткарып коюшуңуздарды өтүнөбүз. Ал татаал деле эмес, айтканга деле, аткарганга деле оңой:

  • — ырдын аталышын айтып;
  • — ырды аудио эмес, видео кылып тартып;
  • — эстафетаны узатып, узаткан адамдардын аты-жөнүн атап;
  • — «Фейсбукка» жайгаштырып, белгилеген адамдардын арасына Salieva Salimaны кошуп коёсуздар.
  • — анан, «ар бир адам — бир аалам» дейт, автобиографияңыздарды, даяр болсо, даярын же даярдай коюп электрондук почтабызга (Saalnaz@list.ru) салып коюңуздарчы.

БАШКЫ ӨТΥНΥЧ: ыр окуганыңыздарды АУДИО ЭМЕС, ВИДЕО КЫЛЫП ТАРТЫҢЫЗДАР!Υнүңүздөрдү эле угузуп койбой, жүзүңүздөрдү көрсөтүп бир сүйүнтүп коюңуздарчы, сураныч. Биз ВИДЕОЛОРДУН БААРЫН ЮТУБ-каналыбызга ЖАЙГАШТЫРАБЫЗ!

Ооба, баарыңыздарды Ютубдагы «Алакан TV» каналыбызга чыгаруу аракетиндебиз. Каналыбыз ортодо «заблокко» түшүп калып, мурдагы баракчабызда 3 миңге чукул подписчигибиз бар эле, «чарбагыбызга» кимдир бирөө киргенби, материалыбыздын баары өчүп калып… жоготкон мээнетибизге кейип-кепчип алып каналды кайрадан иштетип баштаганыбызга аз гана убакыт болду. Оорчулук көрбөсөңүздөр, ушул «Алакан TV» каналыбызга да жазылып коюңуздарчы, ээ!

 

Сиздердей талантты баалаган адамдар турганда…

Урматтуу окурмандарыбыз, Сиздердей талантты баалаган адамдар турганда, Байдылда атабыз, дегеле кыргыздын мыкты таланттарынын аты да, даңкы да, баркы да кемибейт, өчпөйт, унутулбайт! Ушинтип ырларын окуп, обондуу ырларын ырдап акындардын экинчи өмүрүн узартып турган кандай жакшы! Бардыгыңыздарга сайтыбыздын жетекчиси Назира Саалиеванын жана жалпы эмгек жамаатыбыздын атынан терең ыраазычылык билдиребиз!
Кыргыздын дагы бир чыгаан акын уулу Жолон Мамытов айтып кеткендей, «…Узун өмүр ырга болсун, ыр окуган элге болсун»! Бар болуңуздар, дайыма биздин сайт менен бир болуңуздар!

Салима ЖАКШЫЛЫК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.