Айсулуу КӨКӨЕВА: «Сүйөм сени, аялыңа айта бар!». Ырлары жана сырлары…

Айсулуу КӨКӨЕВА: «Сүйөм сени, аялыңа айта бар!». Ырлары жана сырлары…

«Жакшы көрөмүн го?!»

«Аялдын күндөлүгү», «Кайнене-келин» аттуу китептердин автору, тамашөкөй жаны айткандай, «өзүн Рамис Рыскуловдой алып жүргөн» белгилүү акын, кесиптешибиз Айсулуу Көкөевага Эрнис ачып кеткен ушул рубрикада өз учурунда жылуу сөзүмдү айткым келди. Себеп дегенде, мыкты акын кызыбыздын өздүк майрамы. Алгач Эрнисимдин 2015-жылы «Баягы Асаба» гезитибизге жазганын берейин.

«Айсулуу «өжөр»…»

Бүбү Токоева жөнүндө, ой, Айсулуу Көкөева жөнүндө оголе көп сөздөрдү, саптарынан карап турган көздөрдү айта бергенден тажабайсың. Басканы да, турганы да, күлгөнү да, чайды сунганы да өзгөчө акын кыз тууралуу айтыш да кыйын. Окуп отурсаң, жөн гана бир аялзаттын жандилин төгүп жаткандай сезилет. Бирок ошол ыр саптардын ары жагында өзгөчө дүйнө, өзгөчө дүйнөтааным, адамтааным, өзгөчө «чырылдаган» МЕН көрүнөт. Айсулуунун ырларын окуганда, сен байкабаган нерсени байкаганына, сен башкача караган нерсеге жаңы боек сүрткөнүнө ыраазы болосуң. Албетте, ырларына ыр күйөрмандары менен «жоголуп кеткен» сынчылар айтаар, менин айтаарым бир сөз: «Өжөр». Ошол «өжөр» ырларга көз кырын таштабайлыбы, ыя?..

Эрнис АСЕК уулу

Сүйөм сени, аялыңа айта бар!

Ким сүйбөсүн дили таза адамды?
Менин сүйүүм сенден кайрат сурабайт,
Жалгыз калдым, кел мага деп жалынбайт.
Сүйүүм менин чексиз жана кайырсыз,
Күн нурундай, эсептешпейт сен менен.
Күнөө кылбайм, бир ыйлабайм, бир күйбөйм.
Жанган сүйүү өтүп кетет мен менен.
Сүйөм сени, аялыңа айтып бар!
**
Жашоонун таймашына каршы турбай,
Олтурамын сүкүттө. Көзүм жумуп.
Өтөр нерсе кудайдан, өтүп кетет.
Не кыламын жолдорду кайрып, буруп…
Айдан башка, мезгилди, мейкиндикти,
Жеңүүнү каалап турам ушул чакта.
Шамым турат алдымда үлбүрөгөн,
Жерде туруп асманга канат кага.
**
Кар жаап, бурганактап,
Жолуңду тоссо дагы
Сен жиреп кетип калдың
Тилегимди…
Караймын кут түшчүдөй,
Алдымда мени тиктейт
Сен келген, сен кеткен жол…
**
Бир жигит сагынгандай,
Жүрөгүм чертип келет
Эч тажабай.

Бир дербиш жүрөгүмдө,
Бекинип калган өңдүү
Түрсүлдөтөт.
Чакырып жатабы дейм,
Тоолорго, талааларга
Жүргүнүң деп.

Ыйманым ыйлагандай,
Күнөөсүн кетир албай,
Төш койгулайт.

Үмүттөр жана албай,
Кол шилтеп кете албай,
Буулуккансыйт.
**
Жылдыздар жымыңдашат,
Жигиттер сөз ыргытат,
Мен жалгызмын.

Суу агат жээк менен,
Булуттар жамгыр менен,
Мен жалгызмын.

Шамалдар сапырышат
Чачымды сылабастан,
Оюн кылып.

Ким айтат, сүйө албайт деп?
Ким айтат, күтө албайт деп?
Мага келсин!

Кечиккен коштошууңа

Сен мени таштап кеттиң, «кеттим» дедиң,
Мен сенден эчак эле кеткен экем.
Кетүүнүн кеткендей да кетүүсү бар,
Өмүрдөй, күндөн-күнгө кетет экен.

Мен сага толук деле келбептирмин,
Ойлосом – бул жакшыбы же жаманбы?
Сезимдер дал-далынан айрылышып,
Алсырайт курган сүйүү — Сендеги мен.

Адашкан экенмин

Үмүтүмдү өчүп калган жандырып,
Сүйүү деген улуу отту жактырып.
Тектүү сүнөт, менменсинет бир жигит.
Мен байкушка асмандагы ай сынып.
Ойго батам. Ич кийимим чечемин,
Кантем эми? Ичкүптүмдү нетемин?
Сүйүү деген «балакеттен» көп жылдар,
Качтым эле. Дагы адашкан экенмин.

**
Сулуу көрдүм эркектен, Үрүстөмдөй,
Көз алалбай карадым көркү арбап.
Көздөрү үчүн дүйнөнү ченемге албай,
Кетсем кезип болбостой эч бир айып.
Чиркин, дүйнө!

Танбаймын, сен жалгансың
Бирок дагы жаралып эң бир кызык,
Жок дебеймин, өзүңдө капастамын.
Койгон сымал оюнчук көрүп анык.
Акыл жетпейт, ойлосом ал Кудайбы?
Менден сүйүү талап кылып капаска
Салып койгон – мен сүйөмүн Кудайды!

Айсулуу КӨКӨЕВА,
«Баягы Асаба», 2015-жыл

Эрнис АСЕК уулу: «Айсулуу экөөбүз «жиндибиз» да..»

Эрнистин Айсулуунун ырларынын башына баш сөз жазганынын себеби бар. Ошол жылы (2015-жылы) Айсулуунун «Аялдын күндөлүгү» аттуу китебинин бет ачаары Алыкул Осмонов атындагы улуттук китепканада өткөн эле. Ал иш-чарага биз да чакырылып, бир аз кечигип барганбыз. Баратканда эле, алдын ала бир нерсени сезгич Эрнисим: «Мага сөз бербейби ыя?» деп чочулап барган. Айтканындай эле отуруп-отура электе эле алып баруучу акын кызыбыз Аида Эгембердиева Эрниске сөз берди.

Эрнис бир аз кызара түшүп, кебин куудулданып баштаган эле… «Айсулуу экөөбүз «жиндибиз» да…» деп залды кыраан-каткырыкка бөлөгөн… «Эми акындар бир башкача калк келет, мүнөзү кудум аба ырайындай өзгөрүп турат: бирде ачык, бирде бороон-чапкын… өзгөчө акын кыз тууралуу айтыш да кыйын. Айсулууга бекем ден соолук, узун өмүр каалайм, калганын гезиттен окуйсуздар!» деп бүтүргөн эле сөзүн.

Чогуу иштеген күндөр… үйүндө түнөгөн түндөр…

Эрнисимдин «чайды сунганы» деген сөзүнөн Айсулуунун үйүндө кесиптешибиз Кундуз Исмаилова үчөөбүздүн конок болгонубузду эстедим. 2012-жылдын күз айы эле… Эрнис экөөбүздүн сүйлөшүп жүргөн кезибиз болчу… «Сүйгөнүң барбы?» деп Айсулуу сурап калганда, бар деп Эрнисти ээрчитип баргам. Айсулуу бир чети кубанып, бир чети сүрдөгөнү алигүнчө көз алдымда турат… Эрнис оңой менен бир жакка барчу эмес, Айсулууну сыйлагандыктан, жакшы көргөндүктөн барган. Айсулуу бизди куда-кудагыйларды тоскондой эле тосуп сыйлаган…

Баса, биз «Назар» гезитинде чогуу иштегенбиз. Ал гезитке корректор кылып андагы редакторубуз  Айгүл Бакеева алып келген…

Айсулуу ар кимдин катасын чакырып алып, көзүнө сайып көрсөтүп, анан оңдочу… Редакцияда кеч калганда, Айсулуунун үйүнө (редакцияга жакын болчу) барып конгон түндөр да болгон… Түнөп, барбай калаарыбызды уккан Айсулуу тамак жасап алып, чиедей кыздарын ээрчитип келчү… Ошол кыздары азыр керилген сулуу, акылдуу, бир кесиптин ээси болуп чоңойгон. Кыздарыңдын кызматын көрүп, төрүнөн түшпөй, бекем ден соолукта болуп, бактылуу карылыкка жет, Айсулуу (менин Сулушкам)!

«Жакшы көрөмүн го?!»

«Жакшы көрөмүн го?!» деген рубриканы ачкым келип жүргөн. Элдин баары жакшы көргөн кишисине жылуу сөз айтсын дечүмүн. Керек болсо, самачумун. Биз, адамдар, жакшы сөз айтканга жарабай калдык. Аны өзүмөн байкайм. Күнү-түнү жаныңда жүргөн адамга жакшы сөз айталбай калат экенсиӊ. Ушунчалык майда болуп кетиппиз. Муну мага Бетховендин “Ай сонатасы” айтты. Сонатаны кыргызча которо албай, жаман болдум. Анан кийинкиси кетти. Унчуга албадым. «Унчукпаганың – алсыздыгың» деп да айтып көрүштү. “Мейли” дедим. Анткени мен “Ай сонатасын” – “Ай мээрими” деп өзүмчө которуп алгам. Бардыгы ошондон башталды окшойт. Керек болсо, керек нерсенин кереги жок болуп калат. Анткени ал – “Ай сонатасы”. Сен ошону түшүнөсүңбү? Түшүнүп-түшүнбөсөң да, айта турганым: “Ай сонатасы” болчу. Башка сөзүм жок. А сөз жок калганда, серт көрүнө баштайсың, ошол үчүн мен музыкага таазим этем. Анын касиети сөз эмес, дабыш, добуш, үн, эмне десеңер ошо дегиле, бирок таазим этесиң. Бирок кыргызың “Миң уккандан бир көргөн” дейт. Көздүн кулу экенбиз, ов! Толубай сынчы кыргыз үчүн эмнеге жаралган дейсиңер? Ушул сөздү айтыш үчүн.

Эрнис АСЕК уулу

«Унутпа Кубанычтын бар экенин! Кубаныч менен адам күчкө толот»

«Сөз жок калганда, серт көрүнө баштайсың, ошол үчүн мен музыкага таазим этем. Анын касиети сөз эмес, дабыш, добуш, үн…» деп жогоруда Эрнисим жазгандай, мен да музыкага таазим этем.Сенин туулган күнүңө белегим ушул болсун, Эрнисимдин «Кубаныч илимин» тартуулайм. Акын досуң Эрнис ушинтип ырларында жашайт эми…

Кубаныч илими

Жашаш керек нурун чачып Сүйүүнүн,
Сени менен жолуккандын баарына.
Касиеттүү болуш эмес максатың,
Максатың — бул болуу дайым ак, таза.

Күнүмдүк бүгүңкүңдө максат керек:
Өзүңдү бүгүнкүгө байлап салуу,
Өзүңө, өзгөгө да чын дилиңден
Кубаныч тамчыларын арнап калуу.

Капалуу бирөөнү да жолуктурсаң,
Кубаныч нурун чачкын жашоосуна.
Алсыздык ээлеп келсе, кеңеш сурап,
Күчүңөн берише көр жолдошуңа.

Ошондо бүт өмүрүң өзгөрүлүп,
Батасын алып канча адамдардын,
Ак бата ак жолуңа алкыш болуп,
Арыштуу болор андан кадамдарың.

Өмүрдө кайгы болот, көз жаш болот,
Күч жеткис, көтөрө алгыс азап болот.
Унутпа Кубанычтын бар экенин!..
Кубаныч менен адам күчкө толот.

Эрнис АСЕК уулу, «Каалга» китебинен

Назира СААЛИЕВА

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.