Бишкекте жарандарды Москвада ишке орноштуруу боюнча миграциялык борбор ачуу пландалууда

Бишкекте жарандарды Москвада ишке орноштуруу боюнча миграциялык борбор ачуу пландалууда

Бул тууралуу 7-июнда эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин орун басары Нурдөөлөт Базарбаев «Миграция жана өнүгүү: перспективалар жана жаңы мүмкүнчүлүктөр» аттуу эл аралык форумда билдирди.

Орусия Кыргызстан жарандары үчүн негизги эмгек рыногу бойдон калууда. Ар түрдүү маалыматтар боюнча 700 миңден ашуун жаран Орусияда эмгек миграцияда жүрөт. Министрликтин алдындагы Жарандарды чет өлкөдө ишке орноштуруу борбору Орусия ишканалары менен 20дан ашуун келишим түзгөн.

«Быйыл мартта Москва шаарынын «Көп функционалдуу миграциялык борбор» деп аталган бюджеттик мекемеси менен Орусиянын борборунда жарандарды уюшкандыкта ишке орноштуруу боюнча келишим түзүлгөн. Бул келишимдин алкагында Бишкекте миграциялык борбор ачуу мүмкүндүгү каралууда», — деди министрдин орун басары.

Аткаминердин айтымында, миграциялык өкүлчүлүк Орусияга бара турган жарандардын дактилоскопия, медициналык кароо сыяктуу зарыл процедуралардан өз убагында өтүүсүнө жардам берет.

Өкүлчүлүктү ачуу маселеси «Көп функционалдуу мигарциялык борбор» мекемесинин жетекчилигинин июнь-июль айларында Кыргызстанга пландалган сапары учурунда каралат.

Салима ЖАКШЫЛЫК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.