Чек ара кызматынын мурдагы төрагасы Замир Молдошев каза болду

Чек ара кызматынын мурдагы төрагасы Замир Молдошев каза болду

Чек ара кызматынын мурдагы төрагасы Замир Молдошев бүгүн 7-июнда каза болду. Бул тууралуу Чек ара кызматынын басма сөз кызматы билдирди.

«Эрдик» медалынын ээси 69 жаштагы маркум З.Млдошев Жалал-Абад облусундагы Сузак районунда 1953-жылы төрөлгөн. Ал Самарканддагы Жогорку аскердик танк окуу жайын жана Орусиянын Аскердик академиясын аяктаган. Взводдун командиринен тартып Чек ара кызматынын жетекчилигине чейинки кызматтарда иштеген. 2012-жылы президенттик администрациянын мурдагы башчысы Медет Садыркуловдун өлүмүнө байланыштуу “Садыркуловдун чек арадан өткөндүгүн Жаныш Бакиевге маалымдап турган жана кылмышты жаап-жашырган” деп айыпталып, күчөтүлгөн режимдеги абакка беш жылга эркинен ажыратылган.

Салима ЖАКШЫЛЫК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.