Кайрат Иманалиев УТРКнын директору болуп дайындалды

Кайрат Иманалиев УТРКнын директору болуп дайындалды

Президент Садыр Жапаровдун Жарлыгы менен Кайрат Иманалиев Улуттук телерадиоберүү корпорациясынын башкы директору болуп дайындалды. Бул тууралуу президенттик администрациянын басма сөз кызматы бүгүн, 7-июнда билдирди.

Буга чейин ал башкы директорунун милдетин аткарып жаткан. 2021-жылдын октябрь айында Коомдук телерадио корпорациясынын (КТРК) башкы директорунун милдетин аткаруучу болуп дайындалган. Агезде жетекчи КТРКнын Байкоочу кеңешинин мүчөлөрүнүн добушу менен шайланчу. А азыр болсо дайындоо, иштен алуу укугу президентке берилген. Себеп дегенде, быйыл май айында президент “Улуттук телерадиоберүү корпорациясы жөнүндө” мыйзамына кол койгон. «Коомдук канал» макамы “улуттук” болуп өзгөртүлгөн.

Эске сала кетсек, «Коомдук канал» деген макам 2010-жылдагы бийлик алмашуудан кийин ээ болгон. “Улуттук” болуп өзгөртүлгөндөн кийин каналдын бюджети дагы 12 миллион сомго көбөйөрү айтылган. Каналдын 2021-жылдагы бюджети 386 миллион сом болгон.

Салима ЖАКШЫЛЫК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.