ВИДЕО — «Чебурашканын» тарбиячысы Саадат Кудайбергенова эстафетаны кимге узатты?

ВИДЕО — «Чебурашканын» тарбиячысы Саадат Кудайбергенова эстафетаны кимге узатты?

Эстафета уланууда…

Кыргыз Эл акыны Байдылда Сарногоевдин 90 жылдыгын утурлай биздин сайт «Алакан биз» (alakan.biz) «Байдылда Сарногоевдин ырларынан көркөм окуу» эстафетасын 12-майда баштадык эле. Бул саамалыктын башын Жогорку Кеӊештин депутаты Руслан Жакышов ачып берген:

Талантты баалаган, залкар акыныбызды сыйлаган ыр сүйгөн окурмандарыбыз саамалыгыбызды колдоп, «эстафета  барактарын» Байдыкебиздин керемет ыр саптары менен ачып, улантып кетишти…

Өкмөттүн токтому боюнча…

Белгилей кетсек, залкар акын Байдылда Сарногоевдин 90 жылдыгына арналган иш-чара мамлекеттик деӊгээлде, республикалык масштабда күзүндө өткөрүлөт, ал боюнча Өкмөттүн тийиштүү токтому бар. Ага чейин каалоочулар алп акынга арналган ар кандай иш-чараларды өткөрө беришмекчи. Кайталангыс, таланттуу тарыхый инсандарды эскерүү жакшы жөрөлгө.

Ошондой жакшы жөрөлгөнүн бири Талас облусунан башталды. 15-майда Бек-Молдо айыл өкмөтүнө караштуу Сасык-Булак айылындагы Байдылда Сарногоев атындагы маданият үйүнүн алдына залкар акындын уул-кыздары жасаткан бюсту тургузулду. Талас шаарындагы Капар Медетбеков атындагы Талас облустук музыкалык драма театрында эл аралык айтыш болуп өттү.

90 жылдыкка карата 90 адам 90 ырын окуйт…

Күзгө чейин Байдылда атабыздын ырын 90 адам окуйт деп болжолдоп турабыз. 27 күн ичинде 20 киши окуду. Алар:

Руслан Жакышов, Нуржигит Кадырбеков, Нурлан Калыбеков, Жыргалбек Касаболотов, Шабдан Сулайманов, Атахан Кожогулов, Мая Осмонкулова, Кайыргүл Надырбекова, Бурул Догдурбекова, Чынар Амираева, Малик Аликеев, Айчүрөк Борукеева, Кыялбек Урманбетов, Акбар Жанышбеков, Бешболуш Матисаков, Айкын Маматова, Улугбек Омокеев, Жылдыз Алишерова, Калыбек Жунушалиев, Саадат Кудайбергенова. 

Нарындан келген тасма…

Нарын районундагы Таш-Башат айылында 1981-жылы 25-ноябрда мугалимдин үй-бүлөсүндө төрөлгөн, учурда Нарын шаарындагы №2 «Чебурашка» балдар бакчасында тарбиячы болуп эмгектенип жаткан Саадат Кудайбергеновага ыр окуу кезеги келди. Ал Байдылда атабыздын «Кыргызыма» аттуу ырын окуп, эстафетаны Максат Керимовго узатты.

КЫРГЫЗЫМА

Байыртан болгон билими,
Байыртан болгон илими.
Элдерди мактап өзүңдү,
Алардын кылба кийини.

Кылымдар ачпай сабатты,
Кармабай калем, кагазды.
Караңгы болуп жүрсөң да,
Мекендеп түрлүү тарапты.
Мен туулган доорго жеткирдиң,
Мээңе сактап «Манасты».

Эзелдеп ачпай сабатты,
Эч билбей калем, кагазды.
Кой менен кошо жүрсөң да,
Конуштап түрлүү тарапты.
Түптүгөл бизге жеткирдиң,
Тилиңе басып «Манасты».

Мактагым келет күндө эле,
Басынтып өзүң сүйлөбө.
Эпосун ойдо жат билген,
Элдер аз сендей дүйнөдө.

Эстафетанын жол-жобосу жана өтүнүчүбүз…

Урматтуу, сымбаттуу, кымбаттуу, алтындан ардактуу, коргошундан салмактуу эстафета катышуучулары, дегеле жалпы окурмандарыбыз!

Биз менен сапарлаш болуп жатканыңыздарга терең ыраазычылык билдиребиз! Биздин жол-жобону туура кабыл алып, туура аткарып коюшуңуздарды өтүнөбүз. Ал татаал деле эмес, айтканга деле, аткарганга деле оңой:

  • — ырдын аталышын айтып;
  • — ырды аудио эмес, видео кылып тартып;
  • — эстафетаны узатып, узаткан адамдардын аты-жөнүн атап;
  • — «Фейсбукка» жайгаштырып, белгилеген адамдардын арасына Salieva Salimaны кошуп коёсуздар.
  • — анан, «ар бир адам — бир аалам» дейт, автобиографияңыздарды, даяр болсо, даярын же даярдай коюп электрондук почтабызга (Saalnaz@list.ru) салып коюңуздарчы.

БАШКЫ ӨТΥНΥЧ: ыр окуганыңыздарды АУДИО ЭМЕС, ВИДЕО КЫЛЫП ТАРТЫҢЫЗДАР!Υнүңүздөрдү эле угузуп койбой, жүзүңүздөрдү көрсөтүп бир сүйүнтүп коюңуздарчы, сураныч. Биз ВИДЕОЛОРДУН БААРЫН ЮТУБ-каналыбызга ЖАЙГАШТЫРАБЫЗ!

Ооба, баарыңыздарды Ютубдагы «Алакан TV» каналыбызга чыгаруу аракетиндебиз. Каналыбыз ортодо «заблокко» түшүп калып, мурдагы баракчабызда 3 миңге чукул подписчигибиз бар эле, «чарбагыбызга» кимдир бирөө киргенби, материалыбыздын баары өчүп калып… жоготкон мээнетибизге кейип-кепчип алып каналды кайрадан иштетип баштаганыбызга аз гана убакыт болду. Оорчулук көрбөсөңүздөр, ушул «Алакан TV» каналыбызга да жазылып коюңуздарчы, ээ!

Сиздердей талантты баалаган адамдар турганда…

 

Урматтуу окурмандарыбыз, Сиздердей талантты баалаган адамдар турганда, Байдылда атабыз, дегеле кыргыздын мыкты таланттарынын аты да, даңкы да, баркы да кемибейт, өчпөйт, унутулбайт! Ушинтип ырларын окуп, обондуу ырларын ырдап акындардын экинчи өмүрүн узартып турган кандай жакшы! Бардыгыңыздарга сайтыбыздын жетекчиси Назира Саалиеванын жана жалпы эмгек жамаатыбыздын атынан терең ыраазычылык билдиребиз!
Кыргыздын дагы бир чыгаан акын уулу Жолон Мамытов айтып кеткендей, «…Узун өмүр ырга болсун, ыр окуган элге болсун»! Бар болуңуздар, дайыма биздин сайт менен бир болуңуздар!

Салима ЖАКШЫЛЫК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.