ПРОКУРАТУРА: «Жоокерди сабаган прапорщик камакка алынды»

ПРОКУРАТУРА: «Жоокерди сабаган прапорщик камакка алынды»

«Бекзат Эсенбеков зомбулукка кабылганын айткан эмес…»

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин 86123 аскердик бөлүгүндө кызмат өтөп жаткан жоокер Бекзат Эсенбековго 4-июнда табарсыгына операция жасалган. Бул окуя тууралуу
бүгүн, 8-июнда “Кабар” маалымат агенттигинде өткөн пресс-конференцияда министрдин орун басары Урматбек Шамырканов маалымат берди. Анын айтымында, Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин (ӨКМ) алты аскер кызматкери жоокердин катуу сабалышына байланыштуу иштен четтетилди. 20 жаштагы Бекзат Эсенбековдун ур-токмокко кабылганы №4 ооруканада операция болгондо билинген, ага чейин ал зомбулукка кабылганын айткан эмес.

Эми врачтардын диагнозун карагыла…

Жабырлануучу Бекзат алгач Беловодское айылындагы, кийин республикалык ооруканага жеткирилген. Ал жердеги врачтар аны текшерип, деми кыстыгып жаткандыгына байланыштуу «пневмония» диагнозун койгон. №4 ооруканада операция жасашканда жоокердин табарсыгы жарылганы аныкталган кийин гана аны прапорщик тээп жибергенин айткан. Ал жердин дарыгерлери операция жасоо оор болгонун айтышкан.

Башкы прокуратуранын маалыматы…

Бекзаттын катуу сабалышына шектелген аскер кызматкери кармалганын кечээ, 7-июнда Башкы прокуратура билдирген. Алардын маалыматына караганда, ӨКМ Беловодское айылындагы аскер бөлүгүндө кызмат өтөп жаткан жоокер Бекзат Эсенбековдун атасы аларга арыз менен кайрылып, 1-июнда баласын прапорщик сабаганын билдирип, ага мыйзам чегинде чара көрүүнү өтүнгөн.
Арыздын негизинде прапорщикке кылмыш-жаза кодексинин «аша чабуу» тууралуу беренесинин негизинде иш козголгон. Бул ишти Аскер прокуратурасы иликтөөдө…

Салима ЖАКШЫЛЫК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.