Рахат КЕРИМБАЕВА: «Бүгүнкү күндө мамлекет тарабынан чыгармачыл тармакты колдоп, өнүктүрүү маанилүү»

Рахат КЕРИМБАЕВА: «Бүгүнкү күндө мамлекет тарабынан чыгармачыл тармакты колдоп, өнүктүрүү маанилүү»

Бүгүн, 8-июнда Кыргызпатент Кыргыз Республикасындагы креативдүү экономиканы баалоо методологиясынын расмий бет ачарын өткөрдү. Бул тууралуу басма сөз кызматы билдирди.

Алардын маалыматына караганда, методология креативдүү экономиканы баалоо үчүн эффективдүү инструменттерди сунуштап, төрт багытта негизделет: автордук укук менен корголгон негизги чыгармачыл тармактар (контент түзүү); өз ара көз каранды чыгармачыл тармактар (контент бөлүштүрүү);  жарым-жартылай жана чыгармачыл тармактар; спецификалык эмес жалпы соода, транспорт жана байланыш тармактар.

Кыргызпатенттин директору Рахат Керимбаева методология креативдүү экономиканын катышуучуларын аныктоодо чоң мааниге ээ экендигин билдирип, бүгүнкү күндө мамлекет тарабынан чыгармачыл тармакты колдоо жана өнүктүрүү, ошондой эле өнүктүрүү стратегиясын ишке ашыруу абдан маанилүү экендигин баса белгиледи.

Президенттин Жарлыгы…

Креативдүү экономика секторун өнүктүрүү дүйнөлүк экономикалык тутумунун маанилүү багыттарынын бири болуп саналат. “Креативдүү экономиканы өнүктүрүү жана Кыргыз Республикасын прогрессивдүү өнүктүрүү үчүн шарттарды түзүү боюнча чаралар жөнүндө” президент Садыр Жапаровдун Жарлыгы менен креативдүү экономика Кыргыз Республикасынын мамлекеттик саясатынын приоритеттүү багыттарынын бири болуп санала тургандыгын жана өлкөнүн экономикасынын инновациялык багытын өнүктүрүүнүн негиздери түзүлүп, креативдүү секторду жаңы тармак катары алдыга жылдырууга мүмкүнчүлүк түзүлөөрү аныкталган.

Сунушталган методологиянын негизги милдеттери болуп чыгармачыл экономиканын тармактарын аныктоо тутумун калыптандыруу, субъекттерди аныктоого болгон мамиле, реестрди түзүү, статистикалык изилдөөлөрдүн маалымат булактарын жана инструменттерин аныктоо болуп саналат.

Маалымат катары: Методология АКШнын Эл аралык өнүктүрүү агенттигинин (USAID) каржылык колдоосу менен иштелип чыккан. USAIDдин креативдүү экономиканы баалоо методологиясын иштеп чыгуудагы колдоосу адамдын интеллектуалдык потенциалын чыңдоого чоң кадам жасап, иш менен камсыз кылууну жогорулатат.

Салима ЖАКШЫЛЫК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.