Замирбек БАЗАРБЕКОВ: «Президент Садыр Жапаровдун колдоосу менен судьялардын айлыгы көтөрүлдү»

Замирбек БАЗАРБЕКОВ: «Президент Садыр Жапаровдун колдоосу менен судьялардын айлыгы көтөрүлдү»

Замирбек Базарбековдун Ысык-Көлгө иш сапары башталды

Жогорку соттун төрагасы Замирбек Базарбековдун Ысык-Көл облусуна болгон иш сапары бүгүн, 8-июнда башталды. Төраганы Ысык-Көл облустук сотунун төрагасы Нурлан Чериков, Балыкчы шаардык сотунун төрайымы Индира Турдумамбетова  жана Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу Сот департаментинин Ысык-Көл облусу боюнча башкармалыгынын башчысы Жолдош Асаналиев тосуп алышты. Бул тууралуу басма сөз кызматы билдирди. 

Алардын маалыматына караганда, төрага ротациядан кийин судьялардын жашоо-шарты менен таанышып, иштердин өз убагында каралып жаткандыгын текшерип, сапатына  көңүл бурат.

Ал алгач Балыкчы шаардык сотунда болду. Бул жакка эки судья  Баткен жана Ош облустарынан ротацияланып келген. 22 кызматкер эмгектенет.

Замирбек Базарбеков Балыкчы шаардык сотунун эмгек жамааты менен жолугушуу өткөрүп алардын көйгөйлөрүн укту. Автоматташтырылган маалымат системасы, соттор арасындагы иштерди автоматтык бөлүштүрүү жана аудио, видео жазуу программаларынын иштешин карады.  Ошондой эле соттун отурум залдарын, иш бөлмөлөрүн, имараттын абалдарын карап чыкты. Ротация алкагында которулуп келген айрым судьялардын турак-жай шарттары менен таанышты.

Андан соң Ысык-Көл, Түп райондук жана Каракол шаардык сотунда болду. Аталган сотторго Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарынан судьялар ротацияланып барган. Замирбек Базарбеков ротациянын максаты орундарды алмаштыруу эмес, сот адилеттигин сапаттуу ишке ашыруу экендигин айтты. Президент Садыр Жапаровдун колдоосу менен судьялардын айлыктары көтөрүлдү. Мамлекет башчысынын демилгеси менен соттордо масштабдуу ротация жүргүзүлдү. Эми үчүнчү этап иштин сапатына өтүшүбүз керек. Аймакка ротацияланып келген судьялар иштерди создуктурбай өз мөөнөттөрүндө карашы керек”,-деген төрага.

Мындан тышкары, ал иштерди кароо сапатын жогорку деңгээлге көтөрүүнү, мыйзамдуулукту бекем сактоо менен иш алып барууга чакырды. Соттук актыларды өз убагында жазып тараптарга тапшырууну жана кабыл алынган соттук актылардын  аткарылышын ар бир судья көзөмөлгө алуу жагын милдеттендирди. Ошондой эле, ал аймактагы соттордун аппарат кызматкерлери менен дагы жолугушуп, алар тарабынан коюлган айлык-акы маселеси жакынкы айларда чечиле тургандыгын кошумчалады.

Эртең, 9-июнда Жогорку соттун төрагасы иш сапары менен Ак-Суу, Жети-Өгүз жана Тоң райондук сотторунда болот.

Салима ЖАКШЫЛЫК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.