№79 мектепке барган депутат Руслан Жакышов бүтүрүүчүлөргө эмнени катуу эскертти?..

№79 мектепке барган депутат Руслан Жакышов бүтүрүүчүлөргө эмнени катуу эскертти?..

Билим берүү жана илим министрлигинин коронавирус айынан жаралган чечими менен быйылкы окуу жылы кечээ 8-июнда жыйынтыкталып, өлкөнүн бардык бурчунда акыркы коңгуроо салттуу 25-майда эмес, бүгүн, 9-июнда, кагылды.

Жогорку Кеңештеги «Ишеним» фракциясынын лидеринин орун басары, депутат Руслан Жакышов бүгүн Бишкек шаарынын Ленин районундагы №79 мектепке барып, бүтүрүүчүлөрдү куттуктап, аларга ак жол каалады.

«Билимдүүгө дүйнө жарык» дегендей, билимиңерди дагы тереңдетип, жогорку окуу жайларга тапшырып, келечекте каалаган кесибиңерге ээ болгула! Ошол кесибиңер менен касиеттүү кыргыз жерин, Кыргызстанды дүйнөнүн төрт бурчуна таанытат деп терең ишенем. Залкар жазуучубуз Чыңгыз Айтматов агабыз айткандай «күндө адам болууну» унутпагыла!«,- деди депутат.

Быйыл окуу жылы кандай болот?

Эске сала кетсек, бул окуу жылы былтыр (2021-жылы) адаттагыдай 1-сентябрда эмес, эки жума кечирээк — 15-сентябрда башталган. Мындай чечимди өкмөт чыгарган. Ал чечимди коронавирустан жаралган эпидемиологиялык абалдан улам, билим берүү сапатын камсыз кылуу максатында деп түшүндүрүп, сентябрь ортосуна жылып калганы мугалимдер айлыгына, окуу процессине терс таасири болбойт дешкен эле. Анткен менен ал чечим убакыт көрсөткөндөй ата-энелерге, анан окуучуларга да жаккан жок. «Окуу жылы мурдагыдай эле 1-сентябрда баштап, 25-майда жыйынтыкталсын!» деп жатышат. Ата-энелердин арыз, кайрылуулары Билим берүү жана илим министрлигинде каралып жатканын 6-июнда Жогорку Кеңештин Социалдык саясат комитетинин отурумунда министр орун басары Расул Авазбек уулу билдирген… Андыктан алдыдагы 2022-2023-окуу жылы илгертен баарыбыз көнгөндөй 1-сентябрда башталып, 25-майда жыйынтыкталабы, азырынча так билине элек…

Баса…

Билим берүү жана илим министрлиги мектептеги “Акыркы коңгуроо” салтанатынан кийин кафе-ресторан, парк, жаратылыш деп сайрандап кетмей жок тыюу салышканын өткөн айда эле эскертишкен. А бирок буга да «мектепти кайра-кайра кайталап бүтүрүп жатыптырбызбы, неге майрамдабасак болбойт» деп макул эместер толтура! А биз майрамдоого чектөө коюлганын туура кабылдадык. Албетте, бүтүрүү сезими башкача болот, толкундоо, кубаныч, капалыкты да коштойт, буулуккан сезимдерди сайран менен чыгарсак дешет. Бирок ошол сайрандар кандай өтөт, маселе ошондо. Колунда бар ата-энелер ашыкча чыгымдарга барып, баласынын каалаганын кылып, тартыш турмуштагылар кысынып калган учурлар толтура: кымбат ресторандарды ээлеп, кымбат унааларга түшүп көчө чаңыткан, түндөп кымбат особняк, дачаларда калып, ичкилик да ичилген, зыяндуу заттар колдонулган, башка жосунсуз жоруктар орун алган же оригиналдуулук издеп троллейбус, автобус ичин жасалгалап буйрутма кылган обу жок майрамдоолор болуп келгени ырас. Андыктан, мектеп салтанаты менен эле тарап, мектеп, жогорку окуу жай сынактарына даярданып, каалаган кесип окууларына тапшырып келечектин чыгаандары болгонуңар чоң утуш!

Айтмакчы, жылда тогузунчу жана он биринчи класстарды Кыргызстан боюнча 150 миңдей улан-кыз аяктайт. Быйыл биздин мектептерде 11-классты 67 миң окуучу бүтүрүп кеткени турат…

Андыктан, урматтуу бүтүрүүчүлөр! «Билим — эң мыкты инвестиция», «Билим гана адамды эркин жана бийик кылат» деп залкар жазуучубуз Чыңгыз Айтматов айткандай, билим менен бийик болгула! «Күндө адам болууну» унутпагыла! Ийгилик жана ак жол!

Алгачкы «Акыркы коңгуроо» качан, кайда кагылган?

Айтмакчы, маалымат үчүн, тарых булактары күбөлөндүргөндөй, “Акыркы коңгуроо” тарыхы СССР аймагында тээ 40-жылдардын биринчи жарымында жаралып, алгачкы «Акыркы коңгуроо» добушу мындан 74 жыл мурун жаңырган…

Анын тарых башаты Кубань жергесинен башталат. Бул күндүн автору — Федор Федорович Брюховецкий деген краснодардык жаңычыл педагог болгон. Айтымында, ал айтылуу педагог А.С. Макаренконун жамааттык иштерди уюштуруу идеяларын жетекке алып, алгач өзү директорлук кылган мектепте “Билим күнү”, мектеп босогосун жаңы аттаган бөбөктөр үчүн  “Биринчи коңгуроо”, мектепти аяктап жаткандар үчүн “Акыркы коңгуроо” сындуу мектептик салт-жөрөлгөрдү уюштурган. Кийин бул майрамдык маанай көптөргө жагып, жакынкы мектептерге, бара-бара бүткүл союз мейкиндигине тараган…

Фёдор Брюховецкий ким болгон? Ал Россиянын мурда Екатеринодар, азыр Краснодар деп аталган жерде туулган. Краснодар педагогикалык институтун бүтүрүп, 1943-жылы 28 жашында ошол жактагы №12 мектептин директору болуп калган. Өтө оор — согуш маалында жакканга отуну жок мектепти СССР педагогика илимдери академиясынын Педагогика тарыхы жана теориясы илимий-изилдөө институтунун тажрыйба аянтчасына айлантканга жетишкен. №12 мектепке киргизген тажрыйбалары советтик билим берүүнүн классикасына айланган, учурда да пайдаланууда келатат дешет. Фёдор Брюховецкий бардык жаш курактагы окуучуларды, мугалимдерди, ата-энелерди бириктирген, жакындаткан нерселерге өзгөчө көңүл бурган… Ошондой ой-максатта жаралган АКЫРКЫ КОҢГУРОО майрамы, бир кезде биз тийиштүү болгон совет аймагында АЛГАЧКЫ ЖОЛУ Краснодарда 1948-жылы 25-майда жаңырыптыр. Бул күндүн башкы маңызы — окуу жылын бул күн бүтүрүүчүлөрдүн да, башка да окуучулардын эсинде калгыдай салтанаттуу жыйынтыктоо болгон. Ошондон улам окуучуларды жалпы линейкага тургузуу менен өткөрүлгөн жана биринчи класстын окуучулары мектепти аяктап жаткан окуучуларга эмгек сабагында жасаган өз белектерин, эмгектерин тартуулашкан. Ал эми бүтүрүүчүлөр болсо мектептин тегерегине бак-дарак отургузушкан.

Башта айткандай — “Акыркы коңгуроо” Фёдор Брюховецкийдин мектебинде жаралган жалгыз майрам эмес. Бул мектепте “Букварь менен коштошуу” (бизде “Алиппе менен коштошуу”), окуу жылын башталышындагы “Билим күнү” сындуу салттуу майрамдар да жаралган

Назира СААЛИЕВА

P.S. Депутат Руслан Жакышовдун ата-энеси, мугалимдери, классташтары тууралуу маеги бу ШИЛТЕМЕде.

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.