ВИДЕО — Максат Исакова эстафетаны атактуу ырчы, обончунун кызына узатты…

ВИДЕО — Максат Исакова эстафетаны атактуу ырчы, обончунун кызына узатты…

90 жылдыкка карата 90 адам 90 ырын окуйт…

Кыргыз Эл акыны Байдылда Сарногоевдин 90 жылдыгын утурлай биздин сайт «Алакан биз» (alakan.biz) «Байдылда Сарногоевдин ырларынан көркөм окуу» эстафетасын баштаганыбызга бир айга чукулдап калды. 20дан ашуун адам окуду.

Кезек акын Максат Исаковага келип, эжебиз Байдылда Сарногоевдин 194 куплеттен турган «Мидинге кат» сатиралык поэмасынан үзүндү окуп, эстафетаны Улан Орозалиев менен атактуу ырчы, обончу Төлөш Турдалиевдин белгилүү ырчы кызы Стамгүл Турдалиевага узатты.

МИДИНГЕ КАТ

Билинбей кетти кабарың,

Мидике кандай абалың?

Бир топ жыл бирге татканбыз.

Бул жактын тамак-шарабын,

 

Бир жүргөн кезди эстесем

Бүркөлөт ачык кабагым.

Башта бар дечи бир өлүм…

Баардыгын жакшы билемин.

 

Эргиген мөлтүр таланттан,

Эл үзбөйт тура күдөрүн…

Жалдырап карайм мүрзөңдү,

Жайлуубу жаткан түнөгүң?

 

Капканы кармап өлүмдүн,

Калдайган элден бөлүндүң.

Куюн, жел жетпес, курч туяк,

Кулуну элең элиңдин.

 

Кадырын билет кары- жаш

Кара мурч кошкон кебиңдин.

Ишенсек молдо сөзүнө,

Имерип элди өзүнө,

 

«Чын дүйнө, жалган дүйңө» деп,

Эркинче бөлөт экиге.

Чын болсо бейкут бейиш жай,

Көрүнгөн чыгаар көзүңө!

 

Акыл-ой бирге, жай бирге,

Акындар элек жан бирге.

Аз-көппү көппү көргөн-билгениң,

Айтпайсың байке ар кимге…

 

Барган бар, келген киши жок,

Бар бекен деги ал дүйнө?

Тамчы суу болдуң көр үчүн,

Таланттан бүткөн деңизим.

 

Сопунун сөзү чын болсо,

Соо койгон жоктур сени тим.

Толуктап айтчы ал жактын,

«Тозогу» менен «Бейишин».

 

Кылдан да ичке немеби,

Кыл көпүрө дегени?

Болбосо цирктен биз көргөн,

Зым аркандай элеби?

 

Зыярат кылган пенделер,

Шыр өтүп кете береби?

Кураны түшкө кирбеген,

Кудайды барктап сүйбөгөн,

 

Көпүрө эмес, ипичке,

Чоң жолдон баса билбеген,

Кантти экен кайран Мидикем,

Кайгыра берем күндө мен.

Буга чейин Максат эжебиз «Байдыкеме бир собол» аталышта ырын «Фейсбуктагы» баракчасына жарыялаган.

Байдыкеме бир собол!

Ээ Байдыке, жаз ортолоп калганда,

Токсон жашың утурлап, келдик сени эскерип,

Калтырыпсың аркаңда из эстелик.

Мидикеге жазган катың жашытты,

Көз каканак, көмөкөйгө кептелип.

Башка ырыңды укчу элем шаңданып,

Элестетип сары акынга таңданып.

Билбейм неге Мидикеге жазган кат,

Жан дүйнөмдү эзип турат башкарып.

Мен да сизге узатсамбы бир собол,

Урушпаңыз тийбесе эгер ал копол.

Жаман сары келет деген кабар угулуп Мидикеңиз,

Бейиш жактын кең каалгасын ачтыбы?

Бейишинде арак-шарап мол бекен,

Закүскеге түрдүү жемиш бар бекен?

Бийлеп чыгып көңүлдөрдү байлаган,

Сулуу-сулуу үр кыздары кайда экен?

Тозогунда кандай пенде жатты экен,

Куйкалашып кебеп кылган чын бекен?

И баса, аркан жиптен Мидикеңиз,

Кантип анан өттү экен?

Айтыңызчы, «тозок» өзү бар бекен,

Ал жакта эмне жан алгычы ак бекен?

Күнөөлүү деп пенделерин эмне үчүн,

Бей ажалдап жанын алып жатты экен?

Оо, дүйнөнүн «прокурору» бар бекен,

Мыйзам жазган «арбак өкүл» ким экен?

Кайсы тилде сурак бердиң айтып кой,

«Тергөөчүсү» арап бекен, кыргыз бекен, ким экен?

Суроо берип тажатпай бул дүйнөдөн баштайын,

Кыргыздарың обу жок калк экенден айтайын.

Чала молдо дин бузар дамбал кийген көбөйдү,

«Сүннөт» дешип сүзүлгөн сакал койгон көбөйдү.

Ыйманга келип кыздарың оронгондор көбөйдү!

Жетеленип батышка кыз текелер көбөйдү,

Аалам төр азыр быкылдайт, бузукулар көбөйдү.

Бири-бирин чукуган аңдымайлар көбөйдү,

«Аңги» болуп булкунган эр сөрөйлөр көбөйдү.

Бала тууп таштаган шоркелдейлер көбөйдү!

Жардам сурап бурч-бурчта тилемчилер көбөйдү,

Чогулган жерде чокчойгон «дүжүр» чалдар көбөйдү!

Ээ койчу Байдыке, кайсы бирин айтайын,

Айта берсем көйгөй көп эми өзүмдү тартайын!

Эх, Байдыке, соболумду «катыңызга» бурайын,

Оо тиги жактан, жолуккандан сурайын.

Мидикеге Жетиптирби, окуптурбу катыңызды жан күйгөн,

Мидикеңдин кубанганын билейин.

Мен да ичкем ачуу кычкыл шараптан,

Күнөөлүүмүн бул чындык жашоо тараптан.

Эгер жашоо оо дүйнөдө бар болсо,

Баш тартайын өйүп турган канбаган жарааттан!

Байдыкемдин каты таасир калтырды,

Жан дүйнөмө эргүү анан ыр азыкты толтурду.

Окуучу кыз ыргак менен ырларыңды окуса,

Бейиш-тозок барбы деген ойлор мээни кайра катырды!

Сарногоев Байдылданын ырлары,

Көп ойлонткон дем берген.

Жан дүйнөмө эргүү анан жан азыкты калтырды!

Максат ИСАКОВА

Эстафетанын жол-жобосу жана өтүнүчүбүз…

Урматтуу, сымбаттуу, кымбаттуу, алтындан ардактуу, коргошундан салмактуу эстафета катышуучулары, дегеле жалпы окурмандарыбыз!

Биз менен сапарлаш болуп жатканыңыздарга терең ыраазычылык билдиребиз! Биздин жол-жобону туура кабыл алып, туура аткарып коюшуңуздарды өтүнөбүз. Ал татаал деле эмес, айтканга деле, аткарганга деле оңой:

  • — ырдын аталышын айтып;
  • — ырды аудио эмес, видео кылып тартып;
  • — эстафетаны узатып, узаткан адамдардын аты-жөнүн атап;
  • — «Фейсбукка» жайгаштырып, белгилеген адамдардын арасына Salieva Salimaны кошуп коёсуздар.
  • — анан, «ар бир адам — бир аалам» дейт, автобиографияңыздарды, даяр болсо, даярын же даярдай коюп электрондук почтабызга (Saalnaz@list.ru) салып коюңуздарчы.

БАШКЫ ӨТΥНΥЧ: ыр окуганыңыздарды АУДИО ЭМЕС, ВИДЕО КЫЛЫП ТАРТЫҢЫЗДАР!Υнүңүздөрдү эле угузуп койбой, жүзүңүздөрдү көрсөтүп бир сүйүнтүп коюңуздарчы, сураныч. Биз ВИДЕОЛОРДУН БААРЫН ЮТУБ-каналыбызга ЖАЙГАШТЫРАБЫЗ!

Ооба, баарыңыздарды Ютубдагы «Алакан TV» каналыбызга чыгаруу аракетиндебиз. Каналыбыз ортодо «заблокко» түшүп калып, мурдагы баракчабызда 3 миңге чукул подписчигибиз бар эле, «чарбагыбызга» кимдир бирөө киргенби, материалыбыздын баары өчүп калып… жоготкон мээнетибизге кейип-кепчип алып каналды кайрадан иштетип баштаганыбызга аз гана убакыт болду. Оорчулук көрбөсөңүздөр, ушул «Алакан TV» каналыбызга да жазылып коюңуздарчы, ээ!

Сиздердей талантты баалаган адамдар турганда…

Урматтуу окурмандарыбыз, Сиздердей талантты баалаган адамдар турганда, Байдылда атабыз, дегеле кыргыздын мыкты таланттарынын аты да, даңкы да, баркы да кемибейт, өчпөйт, унутулбайт! Ушинтип ырларын окуп, обондуу ырларын ырдап акындардын экинчи өмүрүн узартып турган кандай жакшы! Бардыгыңыздарга сайтыбыздын жетекчиси Назира Саалиеванын жана жалпы эмгек жамаатыбыздын атынан терең ыраазычылык билдиребиз!

Кыргыздын дагы бир чыгаан акын уулу Жолон Мамытов айтып кеткендей, «…Узун өмүр ырга болсун, ыр окуган элге болсун»! Бар болуңуздар, дайыма биздин сайт менен бир болуңуздар!

Салима ЖАКШЫЛЫК кызы

One thought on “ВИДЕО — Максат Исакова эстафетаны атактуу ырчы, обончунун кызына узатты…

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.