Казакстанга салынган биолаборатория Кыргызстанга канчалык кооптуу?..

Казакстанга салынган биолаборатория Кыргызстанга канчалык кооптуу?..

Редакциябыздын кат куржунуна ушундай тема менен Арзыкан БАКЫТ кызынын макаласы келип түштү. Окуп көрсөк, автор өткөн күздө ачыкка чыккан, жакынкы-алыскы кошуна өлкөлөрдүн баары кабардар жаңылык — Казакстандын Жамбыл облусунда биологиялык коопсуздугу күчөтүлгөн даражадагы илимий лабораториянын курулушунун айланасында кеп козгоп, андай маселенин кооптуу учурларына тынчсызданып, бийликке, жалпы коомчулукка коңгуроо кагып жаткандай… А балким, сиздерде альтернативалык башкача ой-пикирлер бардыр деп жарыялап турабыз… 

Америка биолабораториялары Борбор Азия чөлкөмүнө эмнеге курулууда?

Адам укуктарынын сакталышы жана демократия кепилдиги катары кабылданып келген Американын Борбор Азия мамлекеттерине, анын ичинде Кыргызстанга да кызыкчылыктары сымаптай эле жылып турары баарыбызга эле маалым. Негизи АКШ геосаясатта океандын ар жагы-бер жагы болуп тирешкен замандарда да, совет мейкиндигинде эгемендүүлүк алган кийинки жылдарда КМШ чегиндеги көп өлкөлөр менен кызматташып, кыйла көп долбоорлорун ашырып келет. Мисалы кезинде биздин Кыргызстанга “ГАНСИ” аскердик базасын жайгаштырышты, бирок, ал мамлекетибизге пайда алып деле келген жок. Аскердикпи же илимий долбоорлор болобу, бул жерде кеп төркүнү “акчада эмес, логика менен улуттук кызыкчылыктар ортосундагы тең салмактуулукту сактоодо” турат… Бирок, бардык эле чөлкөмдө ошол тең салмактуулук сакталбай, кызыкчылыктар оодук кылып жеңип кетүүдө… 

Дейт, дейт, эксперттер эмне дейт?

Маселен, жакындабы, узактабы, АКШнын кооптондурган бир долбоору Казакстанда ишке ашканы турат. Тагырагы, алардын колдоосу (каражаты) менен Казакстанга биолаборатория курулмакчы. Документтер боюнча жайгашмакчы жери Жамбыл облусунун Кордай районундагы Гвардейский кыштагы деп аталган жайда BSL-4 деңгээлдеги биологиялык лаборатория жана аалам боюнча жыйналган кооптуу жана өтө кооптуу оору штаммдары (!) сактала турган жер алдында сактоо жайы курулмакчы. Бирок андай жайдын пайдасынан да зыяны тууралуу кызуу талкуу маалымат айдыңында биолаборатория тууралуу айтылгандан бери токтобой келет. Казак коомдук ишмери, акыны Олжас Сулейменов мындай биолаборатория бизге керекпи-керек эмеспи деп эл менен акылдашпастан чечип жаткан бийликке нааразы болуп: “Мындай лабораториялардын бизге кереги не? Сакталуучу жайлар — адамзатка өтө кооптуу нерселердин жайы экен. Калк өмүрүнө коркунуч туудурган мындай көрүнүштөргө каршыбыз жана каршы боло беребиз” деп катуу билдирүү менен чыккан болчу.

Көп маалымат каражаттарынын катарында «Евразия.Эксперт» сайты “Казакстанда АКШнын жаңы биолаборатория куруу пландары коркунучтарды жаратабы?” деген суроо алдында эсксперттердин пикирлерин жарыялады. Анда казакстандык политолог Данияр Ашимбаев медицина, микробиология жана вирусологияны өнүктүрүү үчүн мындай илимий лабораториялык база керектигин, бирок мындай долбоорлор шектентип, коңшу мамлекеттердин саясий нааразычылыгын жарата тургандыгын айтыптыр. Балким, мындай лаборатория керектир, бирок, түпкү максаты өтө жашыруун эмес, баарыбыз кооптонбогудай, шектенбегидей, күмөн санабагандай ачык-айкын болсо, дурус болмок… Айтымында, бул долбоор жеткиликтүү эмдөө дарылары жана дарылоо каражаттары жок оор, өлүмгө жеткирген оорулардын жугуштуу козгогучтарын тереңдеп иликтөө, изилдөө үчүн ишке ашырылганы туруптур. Ушундан улам казак элинде “биологиялык бомба” үстүндө жашоону каалабаган нааразылардын катары калыңдап, бардык америкалык лабораторияларды жабуу талабын айтып чыгышкан. Кыргызстанда да бул маселе көтөрүлүп, Бишкекте байма-бай эл аралык пресс-конференциялар да болгон. Анда катышуучулар америкалыктар биолаборатория куруп берип коюп эле жайынча чыгып кетишпестигин, ал курулган лабораторияга эч ким кире албай тургандыгын, ал жакта ар кандай зыяндуу нерселер жашыруун жасалышы мүмкүндүгүн, алар Казакстанга танапташ жаткан Кыргызстанга канчалык кооптуу экендигин биолабораториядан чыккан вирустардан элдер жабыркаган учурлар болгонун мисал кылып айтып коңгуроо кагышкан, Кыргызстанга жакын жерге салдырбаш керектигин айтышкан. Андан тышкары алар кокустан кооптуу вирус чыгып кетсе, андайдан Кудай сактасын дечи, бирок “сактансаң, сактайт” дегендей, анын кесепетин эл тартарын, андай болбойт деген бийлик тараптан кепилдик жок экенин айтып, Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун өкүлдөрүн Алма-Атадагы борбордук референттик лаборатория жана Казакстандын Биологиялык коопсуздук проблемалары илимий-изилдөө институт «иш-аракеттерине аудит жүргүзүүсүнө уруксат берүү» талаптарын коюшкан! 

Таажылуу тумоонун жаңы түрү Алматыдагы лабораториядан чыкканбы?

Ушул суроону жараткан” коронавирустун жаңы штаммы Алматыдагы кооптуу жугуштуу оорулар лабораториясынан тарашы мүмкүн” деген маанайдагы маалыматты «Вирус Казакстандагы «америкалык лабораторияда» даярдалып, Кытайга алынып келген болушу ыктымал» деп Sohu.com. сайты жазып чыккан. Мындай маалыматты АКШнын ооруларды көзөмөлдөө жана алдын алуу борборунун (CDC) өкүлү Дэниел Сингер четке каккан. Анын айтымында, ал лаборатория Американыкы эмес, Казакстандыкы, АКШ өкмөтү болгону бул обүектини курууну каржылаган, CDC жабдууларын берип, кызматкерлерди окуткан жана лабораторияда бир да америкалык жаран иштебейт.

АКШ бийлиги коронавирустун жаңы түрү Кытайдын Ухань шаарындагы лабораториядан жаңылыштык менен тарап кеткен болушу мүмкүн деп келсе, расмий Бээжин мындай божомолдоону четке кагып келет…

Казакстан эмне дейт?

Биолаборатория деген көйгөйлүү маселе боюнча Казакстандын вице-премьер-министри – тышкы иштер министри Мухтар Тлеуберди ушул жылдын март айында журналисттерге маалымат берген. Анын айтымында, Алма-Атадагы АКШ колдоосу менен курулган эталондук лаборатория Казакстанга таандык жана анын кызыкчылыгына иштейт. Тлеуберди мырза: «Өзүңүздөр билесиздер, Алматыда референттик лабораториябыз бар, бул лаборатория грантка курулган, каражат жана жабдыктар АКШ тарабынан берилген. Бирок бул лаборатория толугу менен Казакстандын өкмөтүнө өткөрүлүп берилген, азыр Казакстан илимий-изилдөө иштерин жүргүзүп жатат. Америкалык же  башка үчүнчү өлкөлөрдүн окумуштуулары ал жерде эч кандай иштерди жүргүзбөйт. Бул лабораториянын арты менен коронавируска каршы биздин QazVac деген вакцинабыз иштелип чыкты», — деп маалымат берген болчу.

Россиянын айтымында…

Жогоркудай лабораторияга каршылыгын кооптуулуктарынан улам Россия да билдирип чыкканын ал жактын бардык маалымат булактарды жазып чыгышкан. Алардын маалыматына таянсак, Алма-Атада курулган лаборатория “аскердик-биологиялык объектилердин” бири, согуштук максатта колдонулушу ыктымалдуулугу чоң. Россиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров ЖККУга мүчө-мамлекеттердин тышкы иштер министрлеринин жыйынында АКШнын аскердик-биологиялык иш-аракеттери бүткүл дүйнө жүзү боюнча, анын ичинде Россиянын чек араларында жүргүзүлөрүн, Москванын көптөн берки коңшу өлкөлөрдүн биокоопсуздугуна тынчсыздануусун билдирген.  Тагырагы, Россия Украинанын аймагында биологиялык куралга тиешеси бар лаборатория иштеп жатканын, аны АКШнын Коргоо министрлиги колдой турганын билдирген.

Украина эмне деди?..

Россиянын мындай айыптоосун Вашингтон да, Киев да четке какты. Бул сөзү үчүн БУУ Москваны сындап, аларда Киевдин биологиялык курал чыгарып жатканы жөнүндө кандайдыр бир маалымат жок экенин баса белгилеген. Ал эми АКШ Коргоо министрлиги Украинанын биологиялык жана химиялык курал боюнча программасы жок экендигин билдирген. Алардын маалыматына караганда, документте акыркы 20 жылда Вашингтон 46 лаборатория менен саламаттык сактоо мекемесин колдогону белгиленген. Алардын баары саламаттык сактоо жана айыл чарба тармагындагы ооруларды аныктоо менен алектенген. Ошондой эле Коргоо министрлиги бул иш ооруларды эффективдүү аныктоону шарттаганын айтууда. Бюллетенде украин окумуштуулары эл аралык нормаларга шайкеш иш алып барганы белгиленген.

Пентагон лабораторияларда иш Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму жана Дүйнөлүк жаныбарлардын саламаттыгын коргоо уюму менен кызматташтыкта жүргөнүн жазган.

Биолаборатория кайсы мамлекеттерде бар?

Соңку маалыматтык тактоолор боюнча, АКШ дүйнө боюнча 25 өлкөдө биологиялык лабораторияны ачкан. Айтымында, ал жерлерде америкалык аскерий окумуштуулар ар кыл вирустарды, бактерияларды жана уу заттарды жаратуу менен алек. Андай лабораториялардын эски советтик аймактан — Украинада, Грузияда, Арменияда, Казакстанда, Тажикстанда бар. Бул жерлердеги ишмердиктер “Биргелешкен биологиялык программасы” менен байланышта жана Американын Кооптуулук коркунучтарын азайтуу агенттиги тарабынан каржыланып турат экен. Мындай лабораториялардын зарылдыгын изилдөөлөр белгисиз вирустук оорулардын себептерин, козгогучтарын аныктап, коргонууга жардам берет деп түшүндүрүшөт. Бирок түпкүлүгүндө чындап эмнелер жасалып жатканы ачыкталбайт деле. Ошондон улам ЖККУ, КМШ жана ШКУ саммиттеринде Россиянын расмий өкүлдөрү америкалыктар бул лабораторияларды Россияга каршы колдонушу мүмкүндүгүн эчен кайталап айтышкан. Бирок Казакстандын бийлиги жергиликтүү биологдордун ишине эч ким тоскоолдук кылбайт деп ишендирген. Блогерлер, журналисттер Америка башка мамлекеттерге биолабораторияды куруп, ал жерлерде бактериологиялык куралдардын натыйжалуулугун текшерип көргүсү келгенин же текшерип жатышы мүмкүндүгүн жазып келишет.

Анткен менен азыр Казакстанда BSL-4 биолабораториясы зарыл беле дегенге BSL-4 — тобокелчиликтери жогору болгондугуна жараша сактык чаралары жогору деңгээлдеги лаборатория, коронавирус пандемиясы тушунда ар кыл жугуштуу оорулар ар кай жактан келип күчөдү, андан тышкары Казакстан аймагында өзгөчө коркунучтуу оорулардын табигый очоктору бар деп илим адамдары бир кыйла ооруларды санап, бийлик адамдары өзүнчө жүйөлөрдү келтирип жатышат.

Кыскасы, Жамбылдагы биолаборатория Кыргызстанга кооптуу… Себеп дегенде, жогоруда айтканымдай, биолабораторияны кургандардын максаттары башкада! Андай лабораторияны калк жашабаган жайлары деле толтура Америкада деле куруп, ошол жакта иликтөөлөрүн жүргүзө беришсе болмок, бирок антишпейт. Ал лабораториялар зарылчылык катары жергиликтүү элге зарыл эмес, бирок Америкага керек жайларда максаттуу салынат. Аларда каражат көп, бай мамлекет. Ошон үчүн акчага муктаж мамлекеттерди каалашынча колдонушат. Бирок муктаждыктарыбызды өзүбүзгө жана өзгөлөргө зыян келбегидей чечсек болот. Акыл калчаар заманда — алдыда жер ресурстары үчүн кармаштар күчөй турган учурга баратабыз. Биолабораториялар бул тараптан да чоң көмөкчү болбойт деп эч ким кепилдик бербейт. Бир коркунучтуу бейтааныш вирус, оору козгогуч чыгып жайылабы — бүттү… ошондо эч кандай оорус козгогучтар буга чейин иликтенбегендей, эм болчу дарысы табылбай, “вакцина изделип, иштелип жатат” деген гана билдирүүлөр чыгып… эл кырылып калат деген кооптонуулар зор… 

Анын баарынан кудай сактасын… Бирок Жараткан деле “сактансаң, сактайм” дейт… 

Арзыкан БАКЫТ кызы

P.S. РЕДАКЦИЯДАН: Жогорудагы автордун ой-пикири редакциянын көз карашын билдирбейт. Бирок бизде дагы биокоопсуздук боюнча кооптонуулар күч. Маалымат үчүн BSL деген ариптик кыскартууну чечмелеп, деңгээлдери тууралуу айта кетели. Biosafety Level — кыргызча —  биокоопсуздук деңгээли, жугуштуу оорулар изилденген лабораторияларда иштеген лаборанттын потенциалдуу жугуштуу микробго жакын иштешинен жаралчу тобокелчиликтерди азайтуу, жугуу чөйрөсүн, элге жайылууну чектеген сактык чаралары. Биокоопсуздук деңгээлдери 4 көрсөткүчтө болот — BSL-1, BSL-2, BSL-3, BSL-4. Ар бир деңгээлди оору козгогучтарды, микробдорду, биологиялык агенттерди сыртка чыгарбай кармап турган тийиштүү көзөмөл каражат-чаралары бар.  Андай деңгээл чараларын жугуштуулук, оорунун оордугу жана аткарылчу иштер мүнөзү деген тобокелчиликтер аныктайт. 

Азыр Казакстанда BSL-3 деңгээлиндеги эки лаборатория бар: Алматыдагы Масгут Айкимбаев атындагы Улуттук өзгөчө коркунучтуу жугуштуу оорулардын илимий борбору алдындагы, жогорудагы макалада сөз болуп кеткен Борбордук референс-лабораториясы жана Жамбыл облусундагы Биологиялык коопсуздук көйгөйлөрү илимий-изилдөө институтунун базасындагы лаборатория (бул институт алдында 3-деңгээлдеги дагы бир лаборатория курулуп жатат дешет). АНАН ЖОГОРУДАГЫ МАКАЛАДА КООПТОНУП ЖАЗЫЛГАН — ошол Жамбылдагы BSL-4 деңгээлиндеги биолаборатория!!!

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.