ВИДЕО — Марат Казакпаевдин сөөгү 12-июнда жерге берилет. Маркумдун жубайынын айтымында…

ВИДЕО — Марат Казакпаевдин сөөгү 12-июнда жерге берилет. Маркумдун жубайынын айтымында…

УКМКнын абагында бир жылдан ашуун отурган саясат талдоочу, тарых илимдеринин доктору, профессор Марат Казакпаев мурдагы күнү, 9-июнда оор абалда ооруканага түшүп, эсине келбей жатып, 56 жаш курагында көз жумганы кечээ, 10-июнда маалым болгон. Маркумдун сөөгү эртең, 12-июнда жерге берилет.

Марат Казакпаевге тагылган айып…

Марат Казакпаев менен бир адам мамлекетке чыккынчылык кылууга шек саналып былтыр (2021-жылы 13-апрелде) кармалганын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети (УКМК) билдирип, ага «Мамлекетке чыккынчылык кылуу» беренеси менен иш козголгонун билдирген. Буга чейин М.Казакпаев «aryba.kg» сайтына маек берип жатып, “Абал курчуп баратат, чек араны Камчыбек Ташиев чече албайт!” дегенин айрым саясат талдоочулар билдирип, анын камалганын дал ушул маекке байланыштырган.

Кечээ эс учун жоготкон абалда ооруканага жеткирилген…

Казакпаев 9-июнда “Тез жардам” менен эс учун жоготкон абалда Бишкектеги №1 шаардык клиникалык ооруканага жеткирилгенин Акыйкатчынын кеңсеси билдирген. Аталган оорукананын башкы дарыгери Акылбек Мусаев «геморрагикалык инсульт» диагнозу коюлуп, мээсине кан куюлуп, инсульт болгонун, жасалма дем алдыруу аппаратына кошулганын, алар болгон аракеттерин көргөзгөнүнө карабай, 10-июнда, түшкү саат 13:22де каза болгонун «Азаттык» радиосуна билдирген. Маркум буга чейин, былтыр июнда Акыйкатчы институтуна кан басымы жогорулап, бөйрөгү ооруп жатканын, камакка алынгандан бери тергөө иштери жүрбөгөнүн айтып арызданган.

Маркумдун жубайынын айтымында…

Маркумдун жубайы Анар Казакпаева «ПолитКлиника» сайтына интервью берип, жолдошунун ден соолугу начарлап, бир көзү такыр көрбөй калганын, медициналык жардамды убагында албаганын айтып берген:

УКМКнын маалыматы…

Кечээ, 10-июнда Ууттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети (УКМК) маркумдун үй-бүлөсүнө жана жакындарына көңүл айтып, маалымат таратты. Алардын айтымында, Марат Казакпаев ушул жылдын 27-апрелинен 19-майына чейин Улуттук госпиталда дарыланып чыккан жана дайыма дарыгерлердин көзөмөлүндө болуп, алар сунуштаган дары-дармектерди алып турган.

Талдоочулар маркумдун өлүмүн тыкыр иликтөөнү суранышты

Бүгүн, 11-июнда Кыргызстандагы саясат талдоочулар: Аскар Айтматов, Марс Сариев, Бакыт Бакетаев, Заирбек Эргешев, Эмил Жороев, Денис Бердаков, Турат Акимов жана башкалар Марат Казакпаевдин өлүмү илим жана билим дүйнөсүндөгү чоң жоготуу экенин баса белгилеп, анын өлүмүн тыкыр иликтөөнү тийиштүү органдардан суранышты.

«Алакан» сайтынын эмгек жамааты жубайына, балдарына, туугандарына терең кайгыруу менен көңүл айтып, азасын тең бөлүшөт.

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.