Жогорку соттун төрагасы Замирбек Базарбеков Каракол шаарындагы кайсы иш менен таанышууда?..

Жогорку соттун төрагасы Замирбек Базарбеков Каракол шаарындагы кайсы иш менен таанышууда?..

Жогорку соттун төрагасы Замирбек Базарбеков Ысык-Көл облусуна болгон иш сапарынын алкагында Каракол шаарындагы Адилет үйү жайгаша турган имарат жана оңдоо иштеринин жүрүшү менен таанышты. Бул тууралуу Жогорку соттун басма сөз кызматы билдирди.

Алардын маалыматына караганда, жалпы аянты 7 миң 920 чарчы метр болгон беш кабаттуу имарат Жогорку сотко караштуу Сот департаментинин Ысык-Көл облустук башкармалыгынын балансына өткөрүлүп, 2021-жылдын сентябрь айында аталган имаратты капиталдык ремонттон өткөрүү үчүн подрядчы мекеме менен келишим түзүлгөн. Учурда имараттын чатыры, терезелери алмаштырылып, лифт орнотулуп, аймагы тосулуп, канализацияга, муздак сууга жана жылуулук системасына туташтыруу иштери бүткөрүлдү. Ошондой эле, имараттын ички жасалгалоо иштери жүрүп жатат. Бүгүнкү күндө иштин болжол менен 60% бүткөрүлдү.

Үстүбүздөгү жылдын июль айында куруучулар имараттын сыртын жасалгалоо иштерин башташат. Ал эми 2022-жылдын аягында бул имаратты пайдаланууга берүү пландалууда. Ысык-Көл облусунун борбор калаасында жайгашкан Ысык-Көл облустук, Каракол шаардык жана Ысык-Көл административдик соту жана Сот департаментинин облустук башкармалыгы «Адилет үйүнө» бир имаратка жайгаштырылып, аймактардагы калк үчүн ыңгайлуу шарт түзүүгө аракеттер жүргүзүлүүдө. Адилет үйүндө судьялар жана процесстин бардык катышуучулары үчүн жагымдуу шарттар түзүлүп, маалымат жана кызматтарды алуу жеңилдейт.

Салима ЖАКШЫЛЫК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.