Эрнис АСЕК уулу: «Улуу Кубанычтын өзү кечирсин!»

Эрнис АСЕК уулу: «Улуу Кубанычтын өзү кечирсин!»

Эсен болуп, эстей жүр!

Бүгүн Жазуучулар Союзунун мүчөсү, котормочу, акын, журналист Эрнис АСЕК уулу жарык дүйнөгө келген күн. 1970-жылы 13-июнда Нарын облусунун Ат-Башы районундагы Казыбек айылында дарыгерлердин үй-бүлөсүндө туулган. Алты (төрт кыз, эки эркек) бир туугандын кичүүсү. 13 жашынан баштап ыр, кара сөз түрүндө алгачкы чыгармаларын жазып баштаган. Бишкек шаарындагы № 50 мектепте 9 жыл окуп, 10-классты кичи мекени Ат-Башы районундагы Кызыл-Туу айылындагы мектептен аяктаган. 2016-жылы Кун Фы Зы (Конфуцийдин осуяттары) котормосу, 2021-жылы «Каалга» ыр жыйнагы жарык көргөн. Мындан тышкары, которулган 9 китеби бар. Акыркы жылдары котормого отуруп калган. Көзү тирүү болгондо дагы далай китептерди котормок… Болгону 49 жыл гана өмүр сүрдү. 2020-жылдын 29-январында капилеттен жүрөгү кармап көз жумуп, 31-январда акыркы сапарга узатылган. Ат-Башы районундагы кичи мекени Кызыл-Туу айылындагы бейитте жатканына 2 жыл 4 ай 13 күн болду.

«Өлгөндөр даңкталмайын, тирүүлөр баркталбайт!» дегендей, көзү өткөндөрдү даңктайлы, эмгеги менен эскерели. Тирүүлүктүн парзы ушул экен.

«Сидоровдун «Кубаныч илими» деген кол жазмалар өзүнө тарткандан тартып туруп алды…»

22 жашында (1992-жылы) орус акыны, жазуучу, коомдук ишмер Валентин Сидоровдун «Кубаныч илими» деген ырын которуп, себебин кошо жазыптыр. Ал толугу менен төмөндө:

Жанымда Валентин Сидоровдун  «Кыл чокуларда» («На вершинах») деген орусча китеби жатат. Бул китеп Индия менен Россиянын  улуу сүрөтчүсү, акыны, акылманы, махатмасы (устаты) Николай Констатинович Рерихке арналган. Чыгыш акылмандарына, Индиянын ажайып сырдуу дүйнөсүнө арналган.

«Познав себя и ты познаешь мир» деди гректер. «Красота спасет мир» деди Ф.Достоевский.  «Остановись мгновение, ты прекрасен» деди Гете. Бул китепте ушул улуу сөздөрдүн бир тамчысы бар. Ушул тамчы суусундук болуп, ушул тамчы жүрөккө из салып бараткандай… Анан Валентин Сидоровдун «Кубаныч илими» деген кол жазмалар өзүнө тарткандан тартып туруп алды. Балким бизге ушул кубанычтын алп күчү жетпей жүргөндүр. Отуруп алып кыргызчалай баштадым. Негедир ыр түрүндө которулду. Бул чакан үзүндү ойдогудай болбосо, Улуу Кубанычтын өзү кечирсин!

Кубаныч илими

1.

Кубаныч – жеңилбес күч. Бүтпөс дастан.

Дилиңди карап чыкчы кайра баштан.

Эмне бар, жеңилүүбү же жеңишпи?..

О, сени карап турат чексиз асман.

 

Жеңилүү – кейип-кепчүү, өзүңдү өзүң таануу.

Кайгынын түбүндөгү сазда калуу.

Жеңилүү – бирөөнү жеңип алып, жаның жыргап,

Жарыксыз түнт караңгы жайга баруу.

 

А жеңиш – жөнөкөйлүк, акылыңды көкөлөткөн,

Алдыңда айласыздан алсыздыкты жөргөлөткөн.

А жеңиш – сүйүү менен баарын утуп,

Сүйүүгө бүт дилиңди өнтөлөткөн.

 

Эмнени издебегин, тапкын аны,

Кубаныч болот анын жалгыз жаны.

Кубанып издеп өтсөң максатыңды,

Кубаныч – жүрөгүңдүн жылдыздары.

 

Ааламдын бүт өмүрү – бекем туруу.

Бекемдик менен гана турмуш куруу.

Бекемдик – эки буту Кубанычтын,

Бекемдик менен өткөн күнүң – Улуу.

 

Кимде-ким бул бутуна тура албаса,

Кубаныч менен турмуш кура албаса,

Жарыгы боло албастыр башкалардын,

Өмүрүн кубанычка сугарбаса.

 

Канчалык адам өзүн жакшы көрүп,

Канчалык «мен» деп соксо «алп» жүрөгү.

Ошончо адам жаны азап чегип,

Көзүнөн атырылар «калп мүрөгү».

 

Ошончо ишенүүдөн кетип дили,

Жашоого тишин кайрып, келип жини.

Ошончо түрмө болуп ал өзүнө,

Сөгүнөр, буудай кууруп «ширин» тили.

 

О, эч ким кутулбаган бул азаптан,

Өзүнө-өзү аттанган чоң казаттан.

Сол жактан Кайгы келип омуроолоп,

Жек көрүү сайып өтөөр оң канаттан.

 

Алдыга кадам шилтеп жатып дайым,

Аягың бекем турсун жер үстүндө.

Алышып кумарлануу менен өтсөң,

Өмүрүң өтүп кетер көрүстөндө.

 

Турмушту сүйүү гана кубанычы,

Берсинчи ак жолуңа ак батасын.

Өзүңдү ойлой берген Кара Тамдын

Ыйманың босогосун аттабасын.

 

Чындыкты издеп өткөн адам дайым,

Жаны эч жай албастан издейт аны.

Суу ичип жаңы, жаңы булактардан,

Эс алуу ырахатын билбейт жаны.

 

Канчалык далай китеп окубагын,

Акыл-эс андан чындык сиңире албас.

Миң ирет көчүрүлгөн канат сөздөр,

Бир ирет Акыйкатты билдире албас.

 

От, суудан, муздан, чөлдөн алып өтүп,

Издегенчындыгыңдыкөргөнкөздөр:

Ааламдыбатыра алганжүрөгүңөн

Кубаныч менен чыккан баёо сөздөр.

2.

Жашаш керек нурун чачып Сүйүүнүн,

Сени менен жолуккандын баарына.

Касиеттүү болуш эмес максатың,

Максатың — бул болуу дайым ак, таза.

 

Күнүмдүк бүгүңкүңдө максат керек:

Өзүңдү бүгүнкүгө байлап салуу,

Өзүңө, өзгөгө да чын дилиңден

Кубаныч тамчыларын арнап калуу.

 

Капалуу бирөөнү да жолуктурсаң,

Кубаныч нурун чачкын жашоосуна.

Алсыздык ээлеп келсе, кеңеш сурап,

Күчүңөн берише көр жолдошуңа.

 

Ошондо бүт өмүрүң өзгөрүлүп,

Батасын алып канча адамдардын,

Ак бата ак жолуңа алкыш болуп,

Арыштуу болор андан кадамдарың.

 

Өмүрдө кайгы болот, көз жаш болот,

Күч жеткис, көтөрө алгыс азап болот.

Унутпа Кубанычтын бар экенин!..

Кубаныч менен адам күчкө толот.

3.

Эгерде сенден башка ким-бирөөнүн

Жан-дили кенен болсо, улуу болсо,

«О, ага кайдан жетем!» деп өзүңдү

Кемирип, жакшылыкты кайсап койбо.

 

Тескери,ага кайра таазим этип,

Кубаныч нурун төккүн чын ниеттен.

Өбөлгө боло көргүн ал адамга,

Күн сайын жетсин жаңы бийиктикке.

 

Жөнөкөй, жеңил жана эң көңүлдүү –

Мынакей ар бир жандын куралдары.

Бул сөздөр — баалануу эмес, кудай эмес,

Булардан Гармониянын куралганы.

 

А буга жеңилбеген Кубанычтын

Көз ирмем токтобогон күчү кирет,

Турмуштун тогуз катмар сырларына

Түз барчу жалгыз аяк жолду билет.

4.

Адамдын жүрөгүнүн бакубаты –

Кадимки бир күнүндө орун алган.

Бир күндө баарысы бар: ак, карасы,

Жаманы, жакшысы да, чындык, жалган.

 

Баарысын кабыл алып, терс жактарын

Кечирим, Сүйүүң менен тазалагын.

Бул деген таш боорлукка бийлик берип,

Өзүңдү тебелетүү эмес, муну билип алгын.

 

Бул деген, Улуу Күрөш – өзүңдү кармай билүү,

Бир туруп, бир жыгылып жатып анан,

Толготкон тоскоолдордон өтүп чыгып,

Жеңишке жетишүүнүн жолу гана.

 

Сыртынан караганда, балким жеңиш

Жеңиштей көрүнбөстүр, жеңилгендей.

А бирок ички дүйнөң жеңген болот,

Жүрөгүң ак сүйүүгө эгилгендей.

5.

Төмөнкү деңгээлдеги адамдардын

Төмөнкү ойлорун да көтөрө бил.

Ортодо тургузулган дубалдарды

Кубаныч күчү менен кулата бил.

 

Ким менен маектешип жатсаң дагы,

Абалына киргенге кыл аракет.

Эшигин жүрөгүнүн шарт ачууга

Түшүнүү жолу менен күчүң жетет.

 

Сүйүү гүлүн жүрөгүңөн тап дагы,

Бут алдына маектештин таштагын.

Ишенгендей болсун сага бүтүндөй,

Анан барып кеп-сөзүңдү баштагын.

 

Ашкере кара мүртөз, дили таш боор

Ашкере менменсинген адам гана

Шагыңды сындырууга дити барып,

Жеңишсиз калат таза сүйүүң анда.

 

Сен берген же сага берилүүчү

Милдетти, оор жүктү, ак парызды

Ойлобо Кайрымдуулук экен деп сен,

Мындай ой — көр ишеним, жаңылыштуу.

 

Жашоо – бакыт, сүйүү – бакыт жаркырап

Тургандыгын жүрөгүңөн карагын.

Кубанычты тартууласаң башкага

Кайрымдуулук деп ушуну санагын.

 

Аткаруу өз милдетин – сүйүү эмес.

Кимде-ким бул жашоону сүйүп турса,

Сүйүү деп айта алабыз дал ошондо,

Кубаныч оттой болуп күйүп турса.

 

Бул сүйүү – айтылган бир сөз эместир,

Сулуулук тартуулаган жалган гана.

Бул сүйүү – сулуулуктун эң тазасы,

Тынчтыкты алып келген бүт баарына.

 

Жарыгы жан-дүйнөнүн нурун төккөн,

Адамдын адамдарга жуурулганы,

Кошулуу ай-асманга жүрөк менен

Бүт баары Кубанычтан курулганы.

Эрнис АСЕК уулу, 1992-жыл

 

 

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.