Садыр ЖАПАРОВ: «Быйыл заманбап жаңы футболдук стадиондун курулушу башталат»

Садыр ЖАПАРОВ: «Быйыл заманбап жаңы футболдук стадиондун курулушу башталат»

Президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен жаңы стадиондун курулушу быйыл август айында башталат. 22,5 миң орунду стадион борбор калаанын түштүк-батыш аймагында орун алат. Бул тууралуу мамлекет башчынын басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев билдирди. Ал келечектеги стадиондун эскизин жарыялады.

Эрбол Султанбаевдин айтымында, стадионду бул тармакта көп жылдык тажрыйбасы бар европалык компания курат. Каржылоонун негизги бөлүгүн европалык инвестициялар түзөт. Курулуш болжол менен эки жылда бүтөт.

Эске сала кетсек, 14-июнда президент Садыр Жапаров быйыл август айында Бишкекте 22,5 миң адам бата турган башталарын айтып, ал чоң иш-чараларды өткөрүүгө ылайыкташкан көп функциялуу спорттук арена болорун билдирген.

Азыркы Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадион — эл аралык мелдештерди кабыл ала турган жалгыз жай. Мурда ал “Спартак” стадиону деп аталып, 1939-жылы башталып, 1941-жылы курулуп бүткөн. 1963-жылы кайрадан реконструкцияланган. Стадиондо футболдук аянт, чуркоо жолу, 18 миң күйөрман сыйган трибуна, спорт ийримдери үчүн жайлар бар.

Салима ЖАКШЫЛЫК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.