Талас облусунун тургундары Түштүк Кореяга жумушка орношуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушат

Талас облусунун тургундары Түштүк Кореяга жумушка орношуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушат

Талас облусунун тургундары атайын өкмөттүк программа боюнча Түштүк Кореяга жумушка орношуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушат. Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине караштуу Жарандарды чет өлкөдө ишке орноштуруу борборунун маалыматына караганда, мындай мүмкүнчүлүк Түштүк Кореянын Кочанг районунун жетекчилиги менен түзүлгөн келишимдин негизинде түзүлүүдө. Документке ылайык, быйыл Талас облусунун 50 тургуну кыска мөөнөттүү (5 ай) айыл-чарба иштерине тартылса, кийинки жылы квота 300 кишиге көбөйөт.

Маалыматка караганда, Түштүк Кореяга ишке жөнөтүлө турган жарандарды тандоо ишин президенттин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн аппараты аткарат жана  жакында жол-жобонун шарттарын жана эрежелерин жарыялайт.

Буга чейин Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги акыркы убактарда өкмөттүк программалардын негизинде кыргызстандыктар Улуу Британияга, Жапонияга, Германияга, Финляндияга жана башка өлкөлөргө жумушка жөнөтүлүп жатканын кабарлаган.

Эске сала кетсек, быйыл жыл башында Түштүк Корея Кыргызстандын жарандарын эмгек келишимдеринин негизинде жумушка алуу процессин кайра жандандырган. Бул тажрыйба 2020-жылы мартта COVID-19га байланыштуу киргизилген чектөөлөрдөн улам токтоп калган.

Акыркы 15 жылдын ичинде Түштүк Кореяда 3500 кыргызстандык жеңил өнөр-жай жана электротехника тармактарында иштеп келген. Эмгек келишими менен иштеген кыргыз жарандары өндүрүш маалындагы кырсыктардан камсыздандырылып, иш мөөнөтү аяктагандан кийин топтолгон камсыздандыруу төлөмдөрүн алышат. Акыркы расмий маалымат боюнча, чет өлкөлөрдө Кыргызстандын 1 миллион 118 миң жараны иштеп жүрөт. Кыргызстандын 2026-жылга чейинки өнүгүү программасына ылайык, жакынкы 5 жылдын ичинде бийлик миграциянын эсебинен өлкөдөгү жумушсуздук деңгээлин 5,8%дан 5%га төмөндөтүүгө ниеттенип жатат.

Салима ЖАКШЫЛЫК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.