Замирбек Базарбеков Казакстанга барып сот системасы боюнча эмнелерди айтты?

Замирбек Базарбеков Казакстанга барып сот системасы боюнча эмнелерди айтты?

Жогорку соттун төрагасы Замирбек Базарбеков башында турган кыргыз делегациясы (Жогорку соттун судьясы Инара Гилязетдинова, Жогорку соттун аппарат жетекчиси Эркинбек Мамыров, маалыматтык технологиялар бөлүмүнүн башчысы Зарина Калиева, Бишкек шаарынын Октябрь райондук сотунун судьясы Бакыт Сарыбаев, Сот департаментинин директору Урмат Кожомбердиев, «Адилет сот» маалыматтык технологиялар мекемесинин жетекчисинин милдетин аткаруучу Рустам Шабыев, ошондой эле Европа биримдигинин “Кыргыз Республикасында укук үстөмдүгү – 2-фаза” Программасынын негизги эксперти Кристоф Копецки) Казакстан мамлекетинин Нур-Султан шаарына кечээ, 20-июнда барышты. Бул тууралуу басма сөз кызматы билдирди. 

Алардын айтымында, кыргыз делегациясы сот тутумун санариптештирүү тажрыйбасы, Казакстандын сот тутумундагы Кырдаалдык борбор менен Коммуникациялык борбордун иши менен таанышып, райондук соттордо болуп, сот тутумундагы санариптештирүү иштерин карап чыгышты. Замирбек Базарбеков Казакстан Республикасынын Жогорку сотунун төрагасы Жакып Асанов менен жолугушуп, Кыргыз Республикасынын сот системасы үчүн Казакстан Республикасынын санариптештирүү жаатындагы тажрыйбасы кызыктуу гана эмес, маанилүү экендигин баса белгиледи.

Кыргыз Республикасынын сотторуна «Сот» автоматташтырылган маалыматтык тутуму, соттук отурумдарды аудио жана видео жаздыруу системасы, иштерди автоматтык түрдө бөлүштүрүү, act.sot.kg интернет-порталы киргизилген. Ошондой эле, учурда жарандар менен ачык өз ара аракеттенүү үчүн доо арыздарды жана даттанууларды берүүгө, ошондой эле башка процессуалдык аракеттерди электрондук форматта жүргүзүүгө мүмкүндүк берүүчү санариптик сот адилеттиги порталы иштелип чыгууда. Мага белгилүү болгондой, Казакстан Республикасынын Жогорку соту сот процесстерин автоматташтыруу, виртуалдык сотту ишке ашыруу, соттук аналитика жана санариптик кызматтарды көрсөтүү боюнча алдыңкы тажрыйбаларды киргизүү жана колдонуу аркылуу ишмердүүлүктү санариптештирүү боюнча жогорку натыйжаларга жетишти. Андыктан, Казакстан Республикасынын Жогорку сотунун тажрыйбасы сот системасын санариптик трансформациялоо жана Кыргызстанда электрондук сот адилеттигин өркүндөтүү боюнча мындан аркы иштерге пайдалуу болмок”,- деди Замирбек Базарбеков.

Салима ЖАКШЫЛЫК кызы

 

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.