Айбек ОСМОНОВ: «Кыргызстанда жакырчылыктын деңгээли 25%дан 38%га чейин өстү»

Айбек ОСМОНОВ: «Кыргызстанда жакырчылыктын деңгээли 25%дан 38%га чейин өстү»

Кыргызстанда жакырчылыктын деңгээли 25%дан 38%га чейин өскөнүн Жогорку Кеңештин депутаты Айбек Осмонов парламенттин Эл аралык иштер, коргонуу, коопсуздук жана миграция комитетинин 20-июндагы жыйынында билдирген. Депутат бул БУУнун маалыматы экенин баса белгилеп, өкмөттү өлкө ичинде иш орундарын түзүүгө чакырган.

Буга чейин Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) жакырчылыктын жеткен чегин изилдеген атайын баяндамачысы Оливье Де Шуттер Кыргызстанда болуп, кыргыз өкмөтүнүн жакырчылыкты жоюу боюнча аракеттерин изилдеген. Ал бул сапарынын жыйынтыгы тууралуу 2023-жылы июнда БУУнун Адам укуктары боюнча кеңешинде атайын баяндама жасайт деп күтүлүүдө. БУУнун эксперти «инфляциянын өсүшү менен катар акча которуулардын кыскарышы Кыргызстандын ансыз деле жакыр жашаган үй-бүлөлөрүн киреше булагысыз калтырышы мүмкүн экенин» белгилеп, бүгүнкү күндө өлкөнүн ар бир төртүнчү тургуну жакырчылыктын чегинде жашап жатканын эскерткен. Анын айтымында, инфляциянын өсүшүнөн улам 2022-жылдын аягына карата жакыр жашагандардын саны 35 же 38%га чейин көбөйүшү мүмкүн.

Кыргызстан Дүйнөлүк банк түзгөн эң жакыр өлкөлөрдүн рейтингинде 60-орунда жайгашкан. Рейтингге ылайык, өлкө калкынын 53% жакырчылыктын чегинде жашайт.

Салима ЖАКШЫЛЫК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.