Айчүрөк ИМАНАЛИЕВА: «Уулумду колдон жулдуруп отуруп калдым. Эне үчүн мындан өткөн арман болбос…»

Айчүрөк ИМАНАЛИЕВА: «Уулумду колдон жулдуруп отуруп калдым. Эне үчүн мындан өткөн арман болбос…»

Кыргыз Эл артисти Айчүрөк Иманалиеванын 35 жаштагы уулу Арген 21-июнга караган түнү көз жумган. Баласын жоктогон эне бүгүн, 22-июнда «Инстаграмм» баракчасына жүрөк тилинген эскерүү жазды.

«Өлүм жаш-карыны карабайт экен. Шум ажалга жаш, көргөндөн көрө элеги көп, он гүлүнүн бир гүлү ачыла элек уулумду колдон жулдуруп отуруп калдым. Аргеним, эстесем жүрөгүм сыздайт. Эне үчүн мындан өткөн арман болбос. Кагылайыным, жаткан жериң жайлуу болсун. Жараткан сени бейиштик кылсын. Ак сүтүмдөн кечтим.

Өмүр бою жүрөгүмдө, элесиң көз алдымда болоор… Кара жерди кучактап жатып калганыңа ишенип-ишенбей, сүрөттөрүңдү карап, азыр эшик ачып кирип келчүдөй болосуң. Бала канча жашка чыкса да эне үчүн өмүр бою бала. Балапаным колдон кетти. Бул жашоонун жыргалын толук көрбөй кетти. Аркы дүйнөнүн жыргалын көр деп тиленгенден башка айлам жок эми, балам!»

«Алакан» сайтынын эмгек жамааты маркумдун апасы Айчүрөк эжеге, бир туугандарына, үй-бүлөсүнө, жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтып, азасын тең бөлүшөт.


Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.