ВИДЕО — Байдылда Сарногоевдин популярдуу обондуу ыры көркөм окулуп, Ат-Башыда ырдалып..

ВИДЕО — Байдылда Сарногоевдин популярдуу обондуу ыры көркөм окулуп, Ат-Башыда ырдалып..

Эстафета уланууда…

Кыргыз Эл акыны Байдылда Сарногоевдин 90 жылдыгын утурлай биздин «Алакан» (alakan.biz) сайты «Байдылда Сарногоевдин ырларынан көркөм окуу» эстафетасын 12-майда баштаганбыз. Бул саамалыгыбыздын каалгасын Жогорку Кеңеш депутаты Руслан Жакышов ачып бергенден бери 1 ай 11 күн болуптур. Социалдык интернет баракчабызда бир топ окурмандарыбыз, кайдыгер эмес мекендештерибиз эстафета сапарын карытпай улантып келатышат, чын дилден ыраазычылык билдиребиз… Айрым досторубуз жөнөткөн видеолорду байкабай калган болсок, кечирим сурайбыз, ортодо ар кандай техникалык, башка маселелерден улам гана кечеңдеп калбаса, ар бириңиздер камера алдында окуп, тартып жөнөткөн ырларды сайтыбызга чыгаруу аракетиндебиз.

Бүгүн эки адам узаткан эстафетаны тең кабыл алып, эринбей Байдылда атабыздын эки ырын окуп берген Орозалиев Улан инибиз менен тааныштырабыз.

Эстафетаны эки жолу кабыл алган таластык жигит Улан…

Улан инибизге эстафетаны алгач акын эжебиз Максат Исакова Байдылда Сарногоевдин 194 куплеттен турган «Мидинге кат» поэмасынан үзүндү окуп, узаткан болчу. Улан мырза да дароо кабыл алып, Байдылда атанын «Менин сүйгөнүм» деген ыры менен жооп узаткан. Кийинки окуган Байдылда атанын «Жигитмин» деген ыры «Данакер Лингво» маданий-илимий коомдук бирикмесинин мүчөсү, акын Нурлан Камчыбеков узаткан эстафетага жооп экен.

Таластык жигит Улан узун жазып отурбай, кыска-нуска өмүр баянын жөнөткөн экен, азырынча ошол маалыматтар боюнча учкай тааныштыра кетсек, ал Таластын Талас районундагы, Кыргыз Эл акыны Сүйүнбай Эралиев төрөлгөн Үч-Эмчек айылынан болот. 1983-жылы жарык дүйнөгө келген, азыр 39 жашта. «Алтын калем», «Ыйык тил жана Алыкул Осмонов» төш белгилеринин ээси, эмгек, жөндөм-таланты менен алган башка да грамота, дипломдору бир топ. Үй-бүлөлүү. Эки уул, эки кыздын атасы. Учурда Бишкекте жашап, эмгектенет.

Улан инибиз эстафета кезегин Максат Керимовго узатты…

ЖИГИТМИН

Кээ бир кыздын айтуусуна карасам,
Жылдан жылга мен улгайып баратам.
Баягыдай жакпай калды аларга,
Магнит сөз, бала кыял тамашам.

Аялымдын айтуусуна карасам,
Жылдан жылга мен жашарып баратам.
Магнит сөз жакпаса да көөнүнө,
Майдай жагат бала кыял тамашам.

Мейли, кыздар мени «чал» деп күлүшсүн,
Таарынчым жок ыгы бардыр күлүштүн.
Бирок өзүм токсон жашка барсам да,
Аялыма солкулдаган жигитмин.

ВИДЕО

Ат-Башыда ырдалган ыр жүрөккө жакын, себеби…

Байдылда Сарногоев атабыздын «Жигитмин» аттуу ырына обон салган — Асанбек Бейшекеев агабыз. Ал киши Байдылда атабыздын башка да бир топ ырына обон чыгарып, комуз, аккордеон менен өзү да ырдап, башкалардын аткаруусунда да жаңырып жүрөт. Буйруса, обончу агабыз менен жакында кенен тааныштырабыз деп турубуз.

Таш-Рабат. 2013-жыл. Жолдошум уулу Тат, кызы Бегимай менен.

Азырынча айтайын дегеним, башка… Байдылда атабыздын «Жигитмин» аттуу ырын жаш кезимде далай эле той-топурда уккам. Чынын айтайын, анда авторлорун элес албапмын…

Жолдошум Эрнистин кичи мекени Ат-Башы районундагы Кызыл-Туу айылына 2014-жылы барганбыз. Тагырагы, Эрнисим отпускада үй-бүлөсүн алып барып, бир жума эс алып келгенбиз.

Кайним Руслан биз барган сайын ырчы Кубанын (Кубаныч) үйүнө алып барып, үй-бүлөсү менен ырдап берчү. Ошондо кайним: «Алтындай болгон ЭРНИС байкем отпускага чыгып, жеңемди, уул-кызын алып куттуу үйүбүзгө конокко келип кубантты. Анда эмесе, мен сиздерге арнап Байдылда Сарногоевдин «Жигитмин» аттуу ырын ырдап берейин» деп ырдап берди эле. Андан бери 8 жыл өтүптүр… Анда байым бар эле… Бизди таштап кеткенине 2 жыл 4 ай  23 күн болду…

8 жылдан кийин ушул ырды, андагы жолдошум бар жагымдуу тасманы эске салган Улан Орозалиев иниме ыраазычылык билдирем!

Анда эмесе, мезгил менен катып калган жакшы мүнөттү, кайним Русландын ырдаганын чогуу угалы, окурманым!

Эстафетанын жол-жобосу жана өтүнүчүбүз…

Урматтуу, сымбаттуу, кымбаттуу, алтындан ардактуу, коргошундан салмактуу эстафета катышуучулары, дегеле жалпы окурмандарыбыз!

Биз менен сапарлаш болуп жатканыңыздарга терең ыраазычылык билдиребиз! Биздин жол-жобону туура кабыл алып, туура аткарып коюшуңуздарды өтүнөбүз. Ал татаал деле эмес, айтканга деле, аткарганга деле оңой:

  • — ырдын аталышын айтып;
  • — ырды аудио эмес, видео кылып тартып;
  • — эстафетаны узатып, узаткан адамдардын аты-жөнүн атап;
  • — «Фейсбукка» жайгаштырып, белгилеген адамдардын арасына Salieva Salimaны кошуп коёсуздар.
  • — анан, «ар бир адам — бир аалам» дейт, автобиографияңыздарды, даяр болсо, даярын же даярдай коюп электрондук почтабызга (Saalnaz@list.ru) салып коюңуздар.

БАШКЫ ӨТΥНΥЧ: ыр окуганыңыздарды АУДИО ЭМЕС, ВИДЕО КЫЛЫП ТАРТЫҢЫЗДАР!Υнүңүздөрдү угузуп эле койбой, жүзүңүздөрдү көрсөтүп бир сүйүнтүп коюңуз, сураныч. Биз ВИДЕОЛОРДУН БААРЫН ЮТУБ-каналыбызга ЖАЙГАШТЫРАБЫЗ!

Баса белгилей кетчү нерсе, Ютубдагы «Алакан TV» каналыбыз ортодо «заблокко» түшүп калып, мурдагы баракчабызда 3 миңге чукул подписчигибиз бар эле, «чарбагыбызга» кимдир бирөө киргенби, материалыбыздын баары өчүп калып… жоготкон мээнетибизге кейип-кепчип алып каналды кайрадан иштетип баштаганыбызга аз гана убакыт болду. Оорчулук көрбөсөңүздөр, ушул «Алакан TV» каналыбызга да жазылып коюңуздарчы, ээ!

Сиздердей талантты баалаган адамдар турганда…

Урматтуу окурмандарыбыз, Сиздердей талантты баалаган адамдар турганда, Байдылда атабыз, дегеле кыргыздын мыкты таланттарынын аты да, даңкы да, баркы да кемибейт, өчпөйт, унутулбайт! Ушинтип ырларын окуп, обондуу ырларын ырдап акындардын экинчи өмүрүн узартып турган кандай жакшы! Бардыгыңыздарга өзүмдүн жана эмгек жамаатыбыздын атынан терең ыраазычылык билдирем!

Кыргыздын дагы бир чыгаан акын уулу Жолон Мамытов айтып кеткендей, «…Узун өмүр ырга болсун, ыр окуган элге болсун»! Бар болуңуздар, дайыма биздин сайт менен бир болуңуздар!

Назира СААЛИЕВА

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.