Рахат Керимбаева Окунев менен жолугуп, кайсы маселе максаттуу болгонун айтты?..

Рахат Керимбаева Окунев менен жолугуп, кайсы маселе максаттуу болгонун айтты?..

Бүгүн, 24 июнда, Кыргызпатент «Эл аралык рынокто интеллектуалдык ишмердиктин натыйжаларын ишке ашыруу» аталышында тегерек үстөл өткөрдү. Бул тууралуу басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, Орусиядагы «Сколково» фондусунан төрага орун басары Александр Окунев келген бул иш-чарага бир катар эл аралык уюмдар, жогорку окуу жайлар, бизнес-коомчулук өкүлдөрү, орто жана чакан ишканалар жетекчилери, мекенибиздин ойлоп табуучулары да катышкан. Тегерек үстөл үстүндө жергиликтүү өндүрүшчүлөрдүн ойлоп табууларын, интеллектуалдык менчик жана инновация багытында адистешкен кыргыз бренддерин эл аралык рынокко алып чыгуу маселелери талкууланган. Андан тышкары интеллектуалдык менчик натыйжаларын коммерциялаштыруу жана аны ишке ашыруу боюнча да сунуш-демилгелер айтылган.

Кыргызпатент директору Рахат Керимбаева өз сөзүндө алар талкуулаган тема тегерек үстөл катышуучулары үчүн өтө маанилүү экенин, эл аралык рынокто интеллектуалдык ишмердиктин натыйжаларын илгерилетүү максаттуу маселе экендигине басым жасаган.

Эми бул максаттуу маселе дүйнө жүзүнүн, анын ичинде биздин экономиканын перспективдүү секторлорунун бири делген креативдүү экономиканын өркүндөөсүнө канчалык өбөлгө болорун убакыт көрсөтөр…

Салима ЖАКШЫЛЫК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.