Замирбек БАЗАРБЕКОВ: «Судьялардын билими фундаменталдуу, адистештирилген жана үзгүлтүксүз болушу керек»

Замирбек БАЗАРБЕКОВ: «Судьялардын билими фундаменталдуу, адистештирилген жана үзгүлтүксүз болушу керек»

Бүгүн, 24-июнда Бишкекте Жогорку сотунун төрагасы Замирбек Базарбековдун катышуусу менен «Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу Сот адилеттигинин жогорку мектеби реалдуулуктар жана келечек» темасында презентация болуп өттү. Бул тууралуу басма сөз кызматы билдирди.

Алардын айтымында, иш-чарага сот бийлигинин жогорку органынын төрагасынын орун басарлары, Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешинин, Бишкек шаардык сотунун, Чүй облустук сотунун, Кыргыз Республикасынын Судьялар Ассоциациясынын жетекчилиги, сот тутумунун ардагерлери, Сот адилеттигинин жогорку мектебинин жамааты жана Европа биримдигинин “Кыргыз Республикасында укук  үстөмдүгү – 2-фаза” Программасы, IDLO, «Борбордук Азияда укуктук мамлекеттүүлүктү илгерилетүү» GIZ программасы,  USID дин “Укук булагы” долбоору, Бириккен Улуттар уюмунун Өнүктүрүү (ПРООН) программасы, Европадагы Коопсуздук жана Кызматташтык Уюмунун жана башка жергиликтүү өнөктөштөр, эл аралык уюмдардын жетекчилери, өкүлдөрү катышышты.

Замирбек Базарбеков куттуктоо сөзүндө буларды айтты: «Жаңыдан дайындалган судьялардын кесиптик даярдыгынын сапатын мындан ары жогорулатуу жана судьялардын милдетин аткаруучулардын квалификациясын жогорулатууга тийиштүү көңүл буруу зарыл. Сот адилеттигинин Жогорку мектебинин алдында соттук билим берүүнүн мазмунун өркүндөтүү, инновациялык технологияларды киргизүү, соттук билим берүүнүн илимий-практикалык мүнөзүн өнүктүрүү, судьялардын жүрүм-турумунун жогорку этикалык стандарттарын жайылтууга жана сактоого көмөк көрсөтүү милдеттери турат. Судьялардын билими фундаменталдуу, адистештирилген жана үзгүлтүксүз болушу зарыл, башкача айтканда, судьялар дайыма билим алуунун үстүндө иштеши керек».

Белгилей кетүүчү жагдай, Кыргыз Республикасынын судьяларынын окуу борбору 1998-жылдын февраль айында түзүлгөн. Судьяларды окутуу борборунун уюштуруучулары болуп Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине караштуу Сот департаменти жана Кыргыз Республикасынын Судьялар ассоциациясы саналышкан. Судьяларды окутуу борборун түзүү улуттук деңгээлде да, эл аралык деңгээлде да колдоого алынган.

Сот адилеттигинин Жогорку мектеби Судьялардын окуу борборунун укук алуучусу жана институционалдык өнүгүүсү болуп саналат. Бүгүнкү күндө Сот адилеттигинин Жогорку мектеби Кыргыз Республикасынын судьяларынын, соттордун жана Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу Сот департаментинин кызматкерлеринин квалификациясын жогорулатуучу мамлекеттик мекеме болуп саналат.

Лекторлор катары учурда иштеп жаткан судьялардын ичинен  жогорку кесипкөй  окутуучулар чыгышат.  Мындан сырткары, судьяларды окутуу үчүн  отставкадагы судьялар, экс-судьялар жана тартылган лекторлор да ишке тартылышат.

Салима ЖАКШЫЛЫК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.