Чүйдүн дыйкандары сугат суу жетпей жатканын айтып акцияга чыкты

Чүйдүн дыйкандары сугат суу жетпей жатканын айтып акцияга чыкты

Чүйдүн Новопокровка айылынын дыйкандары сугат суунун жетишсиздигин айтып, 27-июнда өкмөт үйүнүн алдына нааразылык акцияга чыкты.

Пикетке катышкан ондон ашык адам суу убагында берилбесе, түшүм аз жыйналып, эмгектери талаага кетерин баса белгилешти. “Азыр сугарып калбасак, эртең бизге суунун деле кереги жок. Айдаган жерибиз күйүп кетип, түшүм аз болуп калат. 100 пайыз түшүм ала турган жерден 30 же 20 пайыз эле жыйнап калышыбыз мүмкүн. Аны менен биз бала-чаканы бага албайбыз. Мээнет талаага кетет”, — деди акцияга чыккандардын бири Сапар Тасмаев.

Пикетке чыккан дыйкандар менен Суу ресурстары кызматынын директору Алмазбек Кыдыкеев жолукту. Ал сугат суу тартыштыгы Кыргызстан боюнча 17-июндан тарта билине баштаганын, бул дайраларда суу азайганына байланыштуу экенин айтты. Ал:  “Кечинде башка райондорго суу берүүнү азайтып, суу жетпеген райондорго берип маселени чечебиз. Башка жолу жок. Көйгөй суунун аздыгында эмес, жердин нымдуулугунда болуп атат. Былтыр мөңгү аз болгон. Быйыл жакшы. 17-июнга чейин нымдуулук жакшы болуп көйгөй жаралган эмес. Ошондуктан жердин нымдуулугун сакташ керек”,-деди.

Эске сала кетсек, 2020-2021-жылдары Борбор Азияда болгон кургакчылык жана сугат суу тартыштыгынан улам Кыргызстандын ар кайсы облусундагы дыйкандар нааразылык акцияларына чыккан. Ал эми Министрлер кабинети 2022-жылы өлкөдөгү ирригация тармагын жакшыртууга 1 миллиард сом бөлүп, сугат суунун маселесин чече турганын билдирген.

Салима ЖАКШЫЛЫК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.