ВИДЕО — Малик Аликеевге Даир Кенекеев эмнени эсине салып, кубантты?..

ВИДЕО — Малик Аликеевге Даир Кенекеев эмнени эсине салып, кубантты?..

Талас облусунун мурдагы ыйгарым укуктуу өкүлү, мурдагы вице-премьер-министр Даир Кенекеев учурда «Учкун» ачык акционердик коомунун жетектейт. Ал бул кызматка 2018-жылдын ноябрь айында келген. Анда “Учкундун” абалы оор болуп, туңгуюкта такалып калган кез эле… Ушундай суроо узатканыбызда, ал «Учкунга» аба жетпей тумчугуп турган убакта жетекчи болуп келгенин моюндап, финансылык абалы өтө начар, карызы чачтан көп экендигин баса белгилеген. «Соцфондго 5 млн, салыкка 2 жарым миллион, жылытуу системасына жана башка карыздары менен жалпы 29 миллион сомдон ашат. Эң көйгөйлүү маселе — салык менен соцфонддун карызы. Ак ниет менен таза, так аткарып, эл үчүн кызмат кылуу зарыл деп эсептейм. Мен эл үчүн иштеп келгем жана иштей бермекчимин. Кудай буйруса, Мамлекеттик «Учкун» акционердик коомунун келечегине жакшы жаңылыктарды жаратабыз!»,- деген. Айтканындай эле өзгөрүүлөрдү киргизип, ишканага киреше алып келип, мамлекеттин экономикасына чоң салымын кошту. Акыркы үч жыл ичинде ишканага түшкөн таза киреше 8 эсеге өскөн!

Басмаканага Бакыт Төрөбаев барган күн…

Жакында эле (25-июнда) Кеңешти Министрлер кабинетинин башчысынын орун басары Бакыт Төрөбаев «Учкунга» барып, басмакананын иши менен таанышып, ал жакка 30 млн.доллар инвестиция салынарын билдиргенин журналисттер жазып чыгышты. Жакшы жаңылык. Себеп дегенде, учурда басмаканага 200дөн ашуун мамлекеттик маанидеги документтерге буюрутма берилет. Керектүү техникаларды сатып алуу үчүн ишканага 30 млн. АКШ доллары өлчөмүндөгү инвестиция жасалса, анда анын мүмкүнчүлүктөрү дагы кеңейет. Мындан тышкары, «Учкундун» базасында окуу китептерин жана окутуу-усулдук басылмаларды чыгаруучу полиграфиялык басмакананы түзүү дагы учурдун талабы эмеспи. Ошентип, «Учкун» ачык акционердик коомунун модернизациялоо боюнча долбоорду даярдоого тапшырма берилип, басмакананын ишин мындан ары өнүктүрүүгө ар тараптуу көмөк көрсөтүү маселеси чечилди. Ийгилик каалайбыз!

Эми Малик Аликеевге келсек…

Даир Кенекеев буга чейин Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти, атактуу ырчы Малик Аликеев менен жолуккан. Малик агабыз «Санжыра» радиосунун толкунунда 8 жылдан бери жаңырган «Селкинчек» долбоорунун концертине чакырылып, катышып, эки залкардын «Селкиге» аттуу ырын (сөзү Байдылда Сарногоевдики, обону Ашыраалы Айталиевдики) ырдап берген.

Даир КЕНЕКЕЕВ: «Малик байке, атамды кубанткансыз…»

Ошонун эртеси алтын үндүү Малик Аликеевдин ден соолугун сурап, интервью алуу максатта бир топ журналисттер ырчыга жолукканбыз. Жолугушууга Даир Кенекеевди да чакырганбыз. Ал убагында (негизи эле убадага да, убакытка да так — авт.) келип, жакшы учурду эстеген: «Малик байке, сиздин атагыңыз чыгып турган кезде мен үйлөнгөм. Атам сизди көчөдөн жолуктуруп калып, «Уулум уйлөнүп жатат, келип ырдап бербейсиңби?» деп кубанычын сиз менен бөлүшкөн экен. «Малик Аликеевди көчөдөн капысынан жолуктуруп калып, тойго чакырып койдум» деп кубанган атам бизге сүйүнчүлөгөн. Ачыгын айтканда, биз сиздин келээриңизге ишенген эмеспиз. Баш кошуу тоюбузга комузуңузду көтөрүп келип, бизди куттуктап, ырдап бергенсиз. Атамдын бир ооз сөзүн жерге таштабай, кубантып койгонуңуз алигүнчө жүрөктө сакталып келет. Бул дагы болсо жөнөкөйлүгүңүз. Ушунуңуздан жазбаңыз, ден соолукта болуп, узак жашаңыз!»

Малик Аликеевдин апасы да ырдайт…

Малик Аликеев 6-июнда 53 жашка толду. Ал күнү ырчы агабызды жарык дүйнөгө алып келген Калемкаш апабыз менен телефон аркылуу маек курганбыз. «Маликти улгайганда көргөн уулубуз. 60 жашка жакындап калган абышкама «уулдуу болдуңуз» деп сүйүнчүлөшсө, мен Манас төрөп бергендей кубанган. Атасы эле эмес, айылдын баары кубанган…»,- деген 90 жаштагы апабыз. Толугу бу ШИЛТЕМЕде.

Апанын ырдап беришин да суранганбыз. Апабыздын ырын 15 миңден ашууна адам көрүп, алкап, каалоо-тилек жазышкан:

Эстафетага да катышып…

Кыргыз Эл акыны Байдылда Сарногоевдин 90 жылдыгын утурлай, биздин сайт (alakan.biz) «Байдылда Сарногоевдин ырларынан көркөм окуу» эстафетасын баштаганбыз. Акын Мая Осмонкулова эжебиз «ыр окуу кесесин» Малик Аликеевге узатканда, ал Байдылда атабыздын «Эсен бол» аттуу ырын ырдап берген. 20 миңден ашуун адам көрүп, каалоо-тилек жазыптыр:

Даир Кенекеев менен Малик Аликеевдин жөнөкөйлүгү, адамгерчилиги башкаларда да жуксун! Бар болгула, кыргызымдын жигиттери!

Назира СААЛИЕВА

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.