Замирбек БАЗАРБЕКОВ: «Садыр Нургожоевичтин колдоосу менен судьялардын айлык маянасы жүз пайызга көтөрүлдү»

Замирбек БАЗАРБЕКОВ: «Садыр Нургожоевичтин колдоосу менен судьялардын айлык маянасы жүз пайызга көтөрүлдү»

Жогорку соттун төрагасы Замирбек Базарбеков ротацияланган соттордун ишмердүүлүгү жана жашоо-шарты менен менен таанышуу максатта Ош облусуна иш сапарын баштады. Бул тууралуу басма сөз кызматы билдирди.

Алардын маалыматына караганда, төрага  алгач Ош шаардык сотунда болуп, судьялардын жана аппарат кызматкерлеринин иш бөлмөлөрү, архивдин абалын, аудио-видео жазуу, автоматташтырылган маалымат системасынын иштөөсүн  жеринде көрүп чыккан.

Шаардык соттун эмгек жамааты менен жолугуп, алардын көйгөйлөрүн укту. Архивдик материалдарды электрондоштуруу, ремонтко муктаж болуп турган жайлар  сыяктуу бир катар маселелер  айтылды. Жергиликтүү соттордо  иштеп жатышкан аппарат кызматкерлеринин айлыктарынын аздыгы  боюнча суроолор берилди.

З.Базарбеков Жогорку соттун төрагасы сот тутуму реформаларга муктаж экени көп жылдардан бери айтылып келе жаткандыгын белгилеп, реформанын алгачкы үч кадамы ишке аша баштагандыгын айтты. “Президент Садыр Нургожоевичтин колдоосу менен судьялардын айлык маянасы жүз пайызга көтөрүлдү. Сот тутумунда иштеген башка кызматчылардын дагы айлык маянасы үстүбүздөгү жылдын август айынан баштап көтөрүлмөкчү.

Андан кийинки кадам президент Садыр Жапаров кол койгон Жарлыктарга ылайык, жергиликтүү соттордун иштеп жаткан айрым судьялары башка жергиликтүү сотторго которулду, башкача айтканда 312 судья ротацияланды.

Ал эми үчүнчү кадам бул иштин санынан сапатына өтүү болуп саналат. Тактап айтканда, ар бир судья, кайсы инстанцияда болбосун, ар бир ишти дыкат, белгиленген мөөнөттө карап, мыйзамдын талабына ылайык адилеттүү чечимдерди ар тарапка кылчактабастан, жалтаңдабастан туруп чыгарышы зарыл, мен дагы ошону талап кылам. Белгиленген мөөнөттөрдө жогорку сапаттагы чечимдерди камсыз кылыш үчүн сот тутуму заманбап технологияларды, өнүккөн өлкөлөрдүн тажрыйбаларын колдонушу керек экени айтпаса дагы түшүнүктүү болсо керек!».

Салима ЖАКШЫЛЫК кызы

 

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.