АБА ЫРАЙЫ: Канчасына чейин күн ысык болот?..

АБА ЫРАЙЫ: Канчасына чейин күн ысык болот?..

30-июнга чейин күн ысык болот. Аба ырайы өтө ысык болгондо күндөн сактануу эрежелерин кармануу керек! Бул тууралуу «Кыргызгидромет» билдирип, эскертти. Алардын маалыматына караганда, абанын күндүзгү температурасы Чүй облусунун өрөөнүндө 36-38 градуска чейин, Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарынын өрөөндөрүндө 38-40 градуска чейин жетет. Бишкек шаарында абанын температурасы түнкүсүн 20…22, күндүз 36…38 градус болот.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 18…23, күндүз 33…38,

Талас облусунда түнкүсүн 14…19, күндүз 31…36,

Баткен, Ош, Жалал-Абадда түнкүсүн 19…24, күндүз 34…39,

Ысык-Көл жергесинде түнкүсүн 10…15, күндүз 25…30,

Нарындын өрөөндөрүндө түнкүсүн 10…15, күндүз 25…30.

Салима ЖАКШЫЛЫК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.