Кыргызстан Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолунун алдын ала маршрутун белгиледи

Кыргызстан Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолунун алдын ала маршрутун белгиледи

 Кытай — Кыргызстан — Өзбекстан темир жолун куруу долбоору боюнча жумушчу кеңешме кечээ, 28-июнда болуп өттү. Мындай маалыматты Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирген. Алар кабарлагандай, жыйында транспорт жана коммуникациялар министри Эркинбек Осоев темир жолдун курулушу боюнча маалымат берип, ал Торугарт – Макмал – Жалал-Абад каттамы боюнча жайгаша турган жолдун курулушунун алдын ала маршрутун белгилеп, долбоордун тиешелүү техникалык-экономикалык негиздемеси ушул жылдын соңунда даяр болорун билдирген.

Эске сала кетсек, өткөн айда Министрлер кабинетинин башчысы Акылбек Жапаров Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолунун курулушун 2022-жылдын күзүндө баштоо пландалып жатканын билдирген. Ал муну «Кыргызстандын тарыхындагы эң чоң долбоор» деп атап, аны колдоого чакырган.

Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолун куруу демилгеси 2000-жылдардын башында айтылып, бирок андан бери ал ишке ашпай келет.

2017-жылы Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан жолун куруу боюнча үч тараптуу жумушчу топ түзүлүп, долбоорду ишке ашыруунун үч түрдүү варианты каралып жатканы маалымдалган. Орусия бул долбоор боюнча позициясын расмий эч жерде жарыялаган эмес.

Май айынын соңунда Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолунун курулушун баштоо жөнүндө Орусиянын мамлекет башчысы Владимир Путин менен сүйлөшкөнүн “Кабар” маалымат агентигине курган маегинде айткан.

Салима ЖАКШЫЛЫК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.