ВИДЕО — Түрк дүйнөсүнүн сүрөтчүлөрүнүн жолугушуусу өтүүдө… Элдар Айтматовдун медалы…

ВИДЕО — Түрк дүйнөсүнүн сүрөтчүлөрүнүн жолугушуусу өтүүдө… Элдар Айтматовдун медалы…

Түрк дүйнөсүнүн сүрөтчүлөрүнүн жолугушуусу өтүүдө. Бул тууралуу Стамбулдагы журналист Айсулуу Көкөева билдирди.

Кесиптешибиздин маалыматына караганда, Стамбулда Кыргызстан, Түркия, Азербайжан, Өзбекстан жана Казакстан мамлекетинин сүрөтчүлөрүнүн көргөзмөсү өтүп жатат.

Учурда Топханедеги Амире маданий борборунда өтүп жаткан көргөзмөгө Кыргызстандан Кыргыз Эл сүрөтчүсү, Токтогул атындагы сыйлыктын ээси, И.Арабаев атындагы университеттин профессору Юристанбек Шыгаев, КР маданиятына эмгек сиңирген ишмер, сүрөтчү Темирбек Мусакеев, сүрөтчү Элдар Айтматов катышууда. Алар жаш сүрөтчүлөр менен да жолугуп, пикир алмашып, өзүнүн тажрыйбалары менен бөлүштү.

ШЫГАЕВ: «ТҮРКСОЙдун алдында бир Түрк сүрөтчүлөр академиясы уюштурушу керек»

Сүрөтчү Юристанбек Шыгаев көргөзмө жөнүндө ой бөлүшүп жатып буларга токтолду:

Түрк тилдүү улуттардын сүрөтчүлөрүнүн көргөзмөсүн уюштуруу идеясы бир жыл мурун пайда болду эле. Муну кесиптешим, досум Сакит Маммадов ишке ашырып, келип отурабыз. Менин оюмча бул иштин башы эле. Себеби каныбыз, дили-тилибиз, максатыбыз бир элбиз. Түрк тилдүү элдер да Россиянын Сүрөтчүлөр академиясы, Американын академиясы сыяктуу эле ТҮРКСОЙдун алдында бир Түрк сүрөтчүлөр академиясы уюштурушу керек. Бул пикирди ТҮКСОЙдун жетекчиси Султан Раев мырза да колдоду. Ар бир сүрөтчү эмгегин бир жерге бириктирсе, биздин сүрөт аркылуу жашоодогу жаркын баалуулуктарды даңазалап, жайылтсак дейм. Түрк элдеринин көпүрөсү бекем болсун  деген тилек бар. Башыбыздан өткөн пандемия, эл аралык мамилелер чыгармачыл инсандардын биригүүсүн талап кылууда. Ошондой эле улуу жазуучубуз, түрк дүйнөсүнүн сыймыгы Ч.Айтматовдун 95 жылдыгына арналган бир топ көргөзмөлөрдү өткөрсөк деген да тилегибиз бар.

Элдар АЙТМАТОВ: «Атамдын көзү тирүүсүндө уюшулган медаль…»

Элдар Айтматов көргөзмөнү уюштурган С.Маммадовго Ч.Айтматов академиясынын төш белгисин такты.

Бул медаль атам Чыңгыз Айтматовдун көзү тирүү мезгилинде уюшулган, ошондуктан аздек сыйлыктардан деп эсептейм. Мындай медалды Азербайжандын  улуу сүрөтчүсү Сакит Мамедовго тапшыруу биз үчүн да сыймык. Анын бул эмгеги урматка татыктуу! Биз түрк маданиятын даңазалап жатабыз. Иш-чара да мыкты уюшулуптур, уюштуруучуларга терең ыраазычылык билдирем.

Темирбек Мусакеевдин эмгектери көрөрмандардын кызыгуусун арттырды….

Сүрөтчү Темирбек Мусакеевдин эмгектери көрөрмандардын айрыкча кызыгуусун арттырды. Себеби анын Ван чөлкөмүнө арналган эмгектери бар экен.

Мен этнография темасына басым жасайм. Азыр мен тарткан каармандардын кийимдер күнүмдүк жашоодо кийилбейт.  Илгерки жашоо, ошол учурга кайрылгам, архивдик материалдарга таянып тартылган иштерим. Өткөн күнүбүз, тамырыбыз. Бул менин оюмча түрк элдерин бириктирүүгө дагы түрткү берет деген ойдомун.

Түрк дүйнөсү менен биримдикте болуу – бизге күч берет. Келечекке бирликте кадам таштайбыз. Экономиканы көтөрүш үчүн маданият керек. Элдердин табитин тарбиялап, чыгармачылык эргүү тартуулоо – маанилүү деп ойлойм.

Айсулуу КӨКӨЕВА, журналист,

Стамбул шаары

P.S. Видео, сүрөттөр авторго таандык. 

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.