Таластыктар президентке, спикерге, Билим берүү министрине кайрылышты…

Таластыктар президентке, спикерге, Билим берүү министрине кайрылышты…

Талас облусунун Талас районуна караштуу Көк- Ой айылындагы “Манас” лицей-интернатынын эмгек жаамааты, окуучулары, ата-энелери жана Көк- Ой айылынын тургундарынын кайрылуусу редакциябызга келди. Ал толугу менен төмөндө:

КРнын президенти С.ЖАПАРОВго

Министрлер Кабинетинин Төрагасы А.ЖАПАРОВго   

Жогорку Кеңешинин Төрагасы Т.МАМЫТОВго     

Билим берүү жана илим министри А.БЕЙШЕНАЛИЕВге                                     

КАЙРЫЛУУ                                                              

Биз, Талас облусунун Талас районуна караштуу Көк- Ой айылындагы “Манас” лицей-интернатынын эмгек жаамааты, окуучулары, ата-энелери жана Көк- Ой айылынын тургундары Сиздерге төмөнкү маселе боюнча кайрылып жатабыз.

Талас облусунун Талас районундагы “Манас” лицей-интернаты 1991-жылдын    31-августунда Кыргызстандын эгемендүүлүк күнүнө карата түптөлгөн. Ал сыноо аянтча катары ачылып, 1993-жылы лицей статусуна ээ болгон. Ошол жылдардан бери “Манас” лицейи билим майданында көп ийгиликтерге жетишип, окуучуларыбыз облустук, республикалык олимпиадаларда көптөгөн байгелүү орундардын женүүчүсү болуп келген. Бүгүнкү күндө облустук жана республикалык олимпиадада 31 жыл ичинде 178 байгелүү орундарга ээ болгон облустагы жалгыз билим берүү мекемеси. Лицейдин 132 бүтүрүүчүсү “Алтын Тамга” артыкчылык аттестатынын ээси болгон. 2022-окуу жылында лицейдин бүтүрүүчүсү Жапаров Айдар “Алтын Тамга” артыкчылык аттестатына жана ЖРТдан  216 баллга ээ болду. Ал эми окуучулардын ЖРТ боюнча орточо көрсөткүчтөрү-156 балл.

Чыгармачыл мугалимдерден – чыгармачыл коллективге айланган “Манас” лицей –интернатында учурда Кыргыз Республикасынын Эл мугалиминен бирөө, “Эмгек сиңирген мугалимден бирөө, 17 Билим берүүнүн мыктылары эмгектенишет. “Манас” лицейи  2014-жылы “Жылдын мыкты мектеби” республикалык кароо-сынагына катышып, 3-орунду жеңген. 2016-жылдан баштап республикалык “100 инновациялык  мектеп” долбооруна тандалып, андан кийин “30 инновациялык мектеп“ долбоорунда АБР тарабынан каржыланган. “Секторду өнүктүрүү: билим берүүнү жакшыртуу” боюнча КРнын Билим берүү жана илим  министрлигинин алдында түзүлгөн долбоор менен иш алынып барууда. Учурда 1-айлампа аяктап 2-айлампага кайрадан мүчө болуп кирди.

Биздин сыймыктанган бүтүрүүчүлөрүбүз учурда Кыргыз Республикасынын ар тармактан өнүгүшүнө өз салымдарын кошуп келишүүдө. Айрымдарын атасак, КРнын Маданиятмаалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Азамат Жаманкулов; Санариптик өнүктүрүү министринин орун басары Индира Шаршенова; Белгилүү жарандык активист Мавлян Аскарбеков; Президенттин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Кыял Жанузакова; Техника илимдеринин кандидаты, доцент, прфессор Жыргалбек Шаршембиев; Англиядагы Аудитордук компаниянын жетекчиси Зарина Төрөбекова; “Алтын Альянс” алтын кенинин кызматкери Бакыт Мырзалиевдер биздин лицейден билим, тарбия алгандар бүтүрүүчүлөр.

“Манас”  лицей-интернаты 2018-жылдын сентябрь айында Талас районундагы Манас айылынан Көк-Ой айылына көчүп келген. Учурда аталган мекемеде 30 мугалим, тарбиячы, техникалык кызматкерлер эмгектенип, 125 окуучу билим-тарбия алышууда. Ушундай ийгиликтерге жетишкенибизге карабастан, жакында “Манас” лицей-интернатын Бакай-Ата районунун Кызыл — Сай айылындагы Чалдыбар мектеп-интернатынын имаратына көчүрүү жөнүндөгү КРнын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 10-июнундагы № 306 – токтомун алдык. Бул маселе адилеттүү чечилбегени кызматкерлер, окуучулар, ата-энелер жана Көк-Ой айылынын тургундарынын арасында чоң нааразылыкты жаратты.

КРнын Жогорку Кеңешинин депутаты, жердешибиз Бактыбек Чойбеков буга чейин эле эч кандай негизи жок Жогорку Кеңештин сессиясында “Айылда балдардын саны көбөйүп мектепке сыйбай жатканы тууралуу” айтып чыккан. Мында так маалыматы, иликтөөсү жок, ушактарга ишенип маселе коюлган. Эгерде Б.Чойбеков окуп жаткан балдардын тагдырына күйгөн болсо, жатакана курууну колго алып, балдарды жайгаштыруу жагына жардам берсе жарашмак.

“Манас” лицей-интернатынын негизги курамын 30-40-км жол басып Манас, Кара-Суу айылдарынан жана Талас шаарынан келген, конкурс менен кабыл алынган, көп жыл иштеген мугалимдер түзөт. Ал эми Бакай-Ата районунда жайгашкан Чалдыбар мектеп-интернатына көчүрсө алар күн сайын жумушка барып келүү үчүн  150 -160 км аралыкты басып өтүүлөрү керек. Мындай алыстыкка барып иштөө акылга сыйбаган нерсе. Жол чыгымын, материалдык жагын, ден соолукка тийгизген таасирин реалдуу ойлоп көрүңүздөр. Андыктан, ал жакка барып иштөөгө баарыбыз каршыбыз. Белгилей кетүүчү нерсе башка мугалимдер биздин программа менен сабак өтүүгө даярдыктары жок. Окуучулардын көпчүлүгү Чалдыбар мектеп-интернатына барып окууга ниеттери жок экенин билдиришүүдө. Эки мекеменин статусу бири-бирине дал келбейт. Чалдовар мектеп-интернатынын коллективи биздин ал жакка баруубузду каалашпайт. Алардын да эч кандай күнөөсү жок.

Лицейди Чалдыбар мектеп-интернатынын базасына көчүрүү маселесинин долбоорун КРнын Билим берүү жана илим министрлиги, тактап айтканда министрдин орун басары Н.Жусупбекова даярдап, КРнын Министрлер Кабинетине сунуштаган Назира Сынташовна эки мекеменин абалын терең анализдебей туруп туура эмес кадамга барган. Бул окуу жайдын келечегин эске алган эмес. Эки интернатка тең бир да жолу басып келген эмес, анализ жүргүзбөстөн сыртыбыздан тон бычып койгон. Министр жана анын орун басарлары кызматка жаңы келишти. Алардын 2 интернат жөнүндө маалыматы жок. Бул эмне, министр А.Бейшеналиевдин жүргүзгөн реформасыбы? Бул маселе боюнча буга чейин эле министрликке эскертилген. Назира Сынташовна көйгөйүбүздү жаап жашырып айтпай келген. Биз тараптан бир нече жолу каттар жөнөтүлгөн, ал каттарды тосуп алып, жетекчиликке жеткирбей, өз билгенин жасап, акыры 2 интернатты ушул абалга алып келди. Ушундай туура эмес чечимден улам Чалдыбар мектеп-интернатынын эмгек жамааты, жалпы Кызыл-Сай айылынын тургундары  “Манас” лицей-интернатын киргизбейбиз деп, ал эми “Манас” лицей-интернатынын эмгек жаамааты, окуучулары,  ата-энелер жана ошондой эле Көк-Ой айылынын тургундары “Чалдыбар мектеп-интернатына көчпөйбүз” деп ушул күндө тынчтык акциясын өткөрүүгө даярданышууда. Ошондой эле, министрдин орун басары Назира Жусупбекованын кызматтан кетүү талабын коюшууда. Бул эки интернаттын маселесин чечүү тапшырмасы мурда иштеп кеткен министрлер Г.Кудайбергенова, К. Исаков, А.Бейшеналиев, Б.Купешов жана учурда иштеп жаткан А.Бейшеналиев тарабынан Назира Сынташовнага тапшырылган. Бирок, ал адилеттүү чара көрбөй, артык кылам деп тыртык кылды. Мындан улам, бул көйгөй калыс чечилбей жатат.

                                  Жогорудагылардын негизинде

  1. “Манас” лицей-интернатын К.Момункулов атындагы Таш -Төбө орто мектебинин базасында калтырууну жана республикалык бюджеттин эсебинен 120 орундук жатакана куруп берүүнү же Талас районунун, Талас шаарынын территориясынан учур талабына ылайык жаңы имарат менен камсыз кылууну Сиздерден суранабыз.
  2. Өз кызматтык милдетин так аткарбагандыгы жана мугалимдердин, окуучулардын укуктарын коргобогондугу үчүн министрдин орун басары Н.Жусупбекова чара көрүүңүздөрдү талап кылабыз.

Сиздерди терең урматтоо менен Талас облусунун Талас районуна караштуу Көк-Ой айылындагы “ Манас” лицей-интернатынын эмгек жаамааты, окуучулары, ата-энелери жана Көк-Ой айылынын тургундары.

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.