ВИДЕО — «Манас Ата» кафесинин ээси элден кечирим сурады…

ВИДЕО — «Манас Ата» кафесинин ээси элден кечирим сурады…
Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын тергөө кызматына «Манас Ата» кафесинин ээси чакыртылганын Ош ШИИБнин басма сөз кызматы билдирди.
Алардын маалыматына караганда, Ош ШИИБ кызматкерлери Ош шаарындагы «Манас Ата» кафесинде болгон окуя боюнча ал жердин жетекчилигине, администраторуна түшүндүрүү иштерин  жүргүзүшкөн. Окуянын чоо-жайын текшерүү алкагында кафе ээси Бахтияр Гуламов Ош шаардык ички иштер башкармалыгына чакыртылып, сурак берген. Ал видеокайрылуу жасап, кафеге келген жарандарга орой мамиле жасаган кафе администратору Машрапхон Кушакбаева иштен кетиргенин айтып, жалпы элден кечирим сураган. ВИДЕО

Тергөө кызматына блогерлер менен түшүнбөстүккө барган кафе администратору Машрапхон Кушакбаева жана анын жардамчысы Ориф Аширалиев да алынып келинип, окуя боюнча көрсөтмөлөрүн беришкен. Машрапхон Кушакбаеванын айткан сөздөрү боюнча атайын экспертиза дайындалып, башка да тийиштүү текшерүүлөр жүргүзүлүп, окуяга катышкан бардык жарандардын иш-аракетине юридикалык баа берилери айтылды.

 Андыктан, Ош шаардык ички иштер башкармалыгы бул окуяны шылтоо кылып улуттар аралык араздашууну күчөткөн, жарандардын улутуна, жеке кадыр-баркына доо кетирген комментарийлерди жазбоого чакырат!

 Эми, жогоркудай жагымсыз жагдайларга алып келген окуя боюнча айта кетсек, мейли майда-чоң тамактануучу же чоң-чакан соода жайлары болсун, элдин саламаттыгына түздөн-түз байланыштуу тамак-аш коопсуздугунун сакталышын максат кылган  «Несахар» берүүсүнүн журналисти Умар Даданов Ош шаарындагы «Манас Ата» ресторан-кафесинин санитардык-тазалык жагдай-абалын текшерип барган. Кесиптешибиздин айтымында, алардын редакциясына бул кафе боюнча даттануулар келип түшкөн. Кадимкидей эле жарандардын арыздануусунун негизинде, мыйзам жол берген текшерүү менен барышканда аларды кафе администратору М.Кушакбаева киргизбей, «Сен өзбек тилин билишиң керек, өзбекче сүйлө!» деген сөздөрдү айтып ызы-чууга айлантып жиберген. Коомчулук дал ушул сөзүнө катуу реакция кылып, маалымат социалдык түйүндөргө тездик менен тарап, учурда катуу талкууга алынууда…

Албетте, биз дагы мамлекетибизде «мыйзам баарыбызга бирдей» экендигин, мыйзам үстөмдүгү иштеп жатканына ишенимдүү болууга кызыкдарбыз. Андыктан, урматтуу окурмандар, окуя боюнча териштирүүлөр дагы да жүрүп жатыптыр, сабыр кармап туралы… Бир эле кафе иштеткендер жана ал жерде иштегендер эле эмес, окуя боюнча чакырылган, ал жерде бардыгына күбө болгон укук коргоо органдарынын кызматкерлеринин дагы иш-аракеттери тыкыр иликтенет деген ишенимдебиз…

Салима ЖАКШЫЛЫК кызы

 

 

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.